![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/1iv4vdkpen81-500x302-1.jpg)
Комуз – кыргыз элинин байыртан берки келе жаткан үч кылдуу чертме аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. 2019-жылдан тартып жыл сайын комуз күнү 9-сентябрда белгиленип келүүдө.
![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/2e434a1d-a443-4325-8364-01c75a6ef009-768x1024.jpg)
Дегенибиздей, ошол улут сыймыгы болгон комуздун күүсүн ободо түбөлүк жаңыртып келаткан инсандарыбыз бар. “Камбаркан”, “Маш ботой”, “Ак бакай”, “Саринжи бөкөй”, “Улуу көч” жана башка не деген керемет күүлөрдү залкар өнөр ээлери жаратышкан. Залкар комузчуларыбыз Т.Сатылганов, М.Күрөңкеев, К.Орозов, Ы.Туманов, Ниязалы, А.Огомбаевдердин жараткан классикалык күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келет. Алардын комузчулук өнөрүн муундан муунга улап, кыргыз улуттук аспабы комуздун шаңкыган үнүн обого канчалаган таланттарыбыз жаңыртып келатат. Самара Токтакунова, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов жана башка көптөгөн таланттуу уул-кыздарыбыз калың элге талантын тартуулап, өздөрүнүн да күүлөрүн жаратып, руханий азык камсыздап, маанай көтөрүшкөн.
Ошондой таланттуу уул-кыздарыбызга Ош мамлекеттик Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайы жана өлкөбүздүн башка аймактарындагы музыкалык окуу жайлары, искусство мектептери, Бишкек шаарындагы К. Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясы, ОшМУнун искусство факультеттери жана башка окуу жайлары билим берип, таптап чыгарууда. Дегенибиз, кыргыз улуттук сыймыгы болгон комуз аспабында күүлөрдү жаңырткан Абдилакимов Бексултан жана башка таланттуулар Ош мамлекеттик Ниязалы Борошов атындагы окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн комуз, ыр дастан, эпостор мугалими Исраилова Эркайым Тиленовнанын жетекчилигинде өлкөбүздүн дубандарын кыдырып, комузду оболонтуу боюнча тажрыйба алмашып кайтышты Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Нарын, Талас облустардагы музыкалык мектептерде болушту. Ушундай демилгелер менен комузду даңктоо, барктоо калк арасына, жаштар арасына, келечек муун үчүн жайылтуу, комузга, комуз күүлөрүнө калк сүйүүсүн арттырып, кыргыз улуттук комүзун сүйүүгө чакырууга үлгү болушту. Улутту улут кылган анын тили дегендей, кыргыз комузу кыргыз маданиятын тээ бүткүл дүйнөгө даңктаган улуттук аспабыбыз. Биз айтып жаткан жаш жеткинчек комузчуларыбыздын минтип тажрыйба алмашышы маданият айдыңына комузчулардын, жаш таланттардын улам көбөйүшүнө түрткү болоору шексиз.
![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/9d3ab288-860a-44a3-8111-e4f1af229db9.jpg)
Биз жаш комузчуларды жетектеп барган тажрыйбалуу комузчу, Ош мамлекеттик Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн комуз, ыр дастан, эпостор мугалими Исраилова Эркайым Тиленовна тууралуу да баян этип кетели.
Исраилова Эркайым Тиленовна 1974- жылы Кара-Суу районунун Каратай айылында туулган. Аталган айылдагы №39-мектепти 1991-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Ош мамлекеттик Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аны 1996-жылы аяктаган жана балдар музыкалык мектебинин окутуучусу, элдик аспаптар өздүк чыгармачыл оркестр жетекчиси квалификациясына ээ болгон. Кийин билимин өркүндөтүү максатында Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, музыкалык билим берүү адистиги боюнча мугалим квалификациясын алган. Ошондой эле Бишкек шаарындагы К. Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, ийгиликтүү бүтүрүп, аспаптык аткаруучу адистиги боюнч аконцерттик аткаруучу, оркестрдин артисти, адис окутуучу квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолун Ош шаарындагы П. И. Чайковский атындагы искусство мектебинде мугалим жана кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган. Кийин Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин оркестранты, Ниязалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн комуз, ыр дастан, эпостор мугалими болуп эмгектенген.
![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/df21ee6a-2e4e-4677-8d42-19b881e61544.jpg)
Аталган окуу жайында директор кызматында бир топ жыл иштеген. Эркайым Исраилова өлкөдөгү мамлекеттик музыкалык окуу жайларынын өз ара чыгармачылык тажрыйба алмашуусу окуучулар үчүн кубанарлык болгонун белгиледи. Мындай демилгелер менен кыргыз улуттук музыкалык аспап болгон байыртан улуу күүлөр ойнолуп келген, ата-бабаларыбыз аздектеп, сактап, муундан муунга өткөрүп келген комузду сыйлоо, барктоо зарыл экенине токтолду. Буюрса, ушул жакшы жышааналуу, бийик максаттуу демилгелер мындан кийин да улана бермекчи.
Өз кесибин сүйүп, таланттуу уул-кыздарыбыздын чыгармачылык шыгын ойготкон чебер аткаруучу, комузчу Эркайым Исраилова кыргыз маданияты тармагында көп жылдардан бери иштеп келатат. Комузун аздектеп, сыйлап, жаш жеткинчектерди, таланттарды гана таптап тим болбостон, улуу композиторлордун чыгарган күүлөрүн чебер ойноп, ар андай даражалуу концерттерде, иш-чараларда публиканын тандантып, кубантып, көңүлдөрүн көтөрүп, руханий азык таруулап келатат.
Ушул өзү аздектеген кыргыз комузу менен Кыргызстанда гана эмес, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрүндө болуп, чет элдиктерди да комуз күүсүнө кулак төшөттү, кыргыз күүлөрүн обого жаңыртты. Чыныгы талант болбосо эч нерседен майнап чыкпайт. Дегенибиздей, каарманыбыз Эркайым Исраилова ошо өзүнүн талантын такшалтып, көп эмгектенип, утуру жаңы күүлөрдү үйрөнүп, аткаруучулук чеберчилигин арттырып, угарманга жагымдуу күүнү тартуулап келет. Ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратууда. Бир нече кароо сынактардын лауреаты болду. Бир нече жолу жеке чыгармачылык концертин тартуулаган.
![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/98c4e31c-125c-4346-b758-2fe9b53ef424.jpg)
Эркайым Исраилова маданиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Жетишкен ийгиликтерин атап өтсөк, “Жаш талант” кароо-сынагынын лауреаты, “Мээрим” фондунун стипендиаты болду. Болуш Мадазимовдун чыгармачылыгына арналган “Түштүк региондук комузчулар сынагында” эң мыкты аткаруучулук чеберчилиги үчүн III даражадагы диплом менен сыйланган.
“Эл ичи өнөр кенчи” республикалык элдик көркөм өнөрүнүн биринчи салттуу кароо-сынагынын I даражадагы дипломунун, алтын медалдын ээси, Арстанбек Буйлаш атындагы сыйлыктан лауреаты болгон.
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн кароо сынагынын жеңүүчүсү болуп, I даражадагы дипломго татыган. Бир катар эл аралык кароо-сынактарга катышып, Ыраазычылык кат жана сыйлыктарга татыктуу болгон. Каарманыбыз өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин арттыруу максатында окууларга катышып, бир топ сертификаттарды алды.
Окуткан окуучулары ды “Обон”, “Жан азыгы” жана башка кароо-сынактарга катышышып, биринчи орундарды багындырышкан. Кыргыз маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Эркайым Исраилова КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин, Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборунун жана башка бир катар тармактардын Ардак грамоталары менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгисинин ээси. Ошондой эле Кыргызстанда өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыраазычылык каты тапшырылган.
![Комуз күүсү түбөлүк ободо жаңырат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/b0dd5470-91ce-423c-a455-23b732f26449-1024x739.jpg)
Мыкты педагог, устат комузчу, дастанчы, манасчы, жетекчи катары Эркайым Исраилова кесиптештери арасында, маданият тармагында, коомчулук арасында кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ. Коомчулук иштерге да активдүү катышат. Демилгелеп, Кара Суу районундагы Каратай айылында “Мурас” аттуу комуз классын ачып, балдарга татыктуу билим берүүдө.
Каарманыбыз бактылуу өмүрлүк жубай, бактылуу эне. Жубайы Маматалиев Асан жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетин бүтүргөн. Кызы Айжана Бишкек шаарындагы К. Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында окуйт. Уулу Далилбек программист, ал эми кичүү уулу Алихан коледжде биринчи курста окуйт.
К.Кыдыралиева