![Сүрөттөн сүртүлгөн ойлор Сүрөттөн сүртүлгөн ойлор](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/14.jpg)
Андан бери узак жылдар өттү. Эртең менен күн чыгат. Күн чыкканы менен төрт мезгилдин өз башкача түйшүгү бар. Жаздыкы жаздай, жайдыкы жайдай, күздүкү күздөй, кыштыкы кыштай. “Баарын жер көтөрөт”, — дегендей кеп да. Адам жашоосуна жаратылыштын төрт мезгили да бапташа жашоо нугунда байыла турган турпатынан көр тиричилигинен, көр оокатынан жашоого камдануусунан байкалат эле. Азыр деле ошо. Коомдук цивилизация, коммуникация, технология өнүккөнү менен жалпы жашоонун нугу ошол эле бир калыпта сыяктанат.
Илгерки болжолдоочулар, баамдоочулар, табыркачылар деле так, даана баамдай албаса да, баразмандыкка сала бир айылдын өзүнчө табыркачылары боло турган. Алардын табыркоосуна, тоо койнунда мүлдө ишенгендер, иргелгендер эмес жүрөгүн бергендер, дале болгон. Болгоочулар пенделерди алаксытуунун жолун чапкандар окшойт.
Ал учурда аксакалдардын, улуулардын айткандарын, абазын эмес мүлдө айткандарын тыңдоочулар лазым эле көп боло турган. Салабаттуу, кырдуу-кырааттуу түспөлдө аксакалдар айыл аралай жөө-жалаңдаган эмес, улоолуу байырганда, азыркынын машина улоологондорунун көкүрөк кергендеринин бабында болуучу. Заман андан бери канча зымырады. Ал астананын алдастаган жашоосунда теребелденген аксакалдардын бири жок. Канткен менен алар деле жашоо үчүн далбастана өмүр кечиришкен. Канча кышты, канча жазды, канча жайды, канча күздү жыл сүрө туюнган өмүрүндө кечиришпеди дейсиң. Ой туткан кеп башы, ушул сүрөт капысынан колума урунганда, каркырадай, шуру сымал сапка тизилген өз доорунун өмүрүн кечирген пенделери айыл аксакалдарынан болгону көз алдыма тартыла түштү. Өз айылынын дегеним. Азыркы Сары-Булак айылы кыштак деп да аталчу. Анда Кара-Кулжа районунун карамагында жайгашкан. Сүрөткө карап, алардын элестери даана менин деле жаш чагымда, көзүмдүн карегинде, капыл-тапыл эмес даана калган экен. Азыр баары жок. Элестери, баскан-турганы, баамчылдыгы, турмуш-жайы, ким болгону күнү бүгүнкүдөй эсимде. Боор барктаган байкастыгын боолголоого, баамдоого сүрөттү карап, көп өткөндөрдү элестетүүгө дарманым жетээрин, кудуретимде чайкай алаарыма ички жан дүйнөм ишаарат бергенде капыл-тапылдыктан алыстабай түшкөнүмдү ичимден ириңдебей илгери үмүтүмө чылбырынан жетелеген уулоодой, узак сапарга чыккан жолоочунун миңгичине окшодум да, анан бир силкингендей болдум. Сүрөтүң түшкүр дедим ичимден. Ким тартты экен дедим. Анда айылда сүрөтчү деле жок болчу. Балким райондон келгендир. Болушу мүмкүн. Анткени ал мезгилде райондон айылма-айыл кыдырган фотографтар боло турган. Ошолор тартса керек да.
Бир көз ирмемди, жакшы элес калтырган тура. Менин абаларым алардын арасында атам да бар. Ортодо миңчинин илке кере тартып, ээрдин үзөнгүсүнө бутун салмактуу кере таштаган, башында калпагы бар, мурутчан киши. Сүрөттө бараандуу түшкөн экен. Атамдын ысмы, азан кулактап жарык дүйнөгө келгенде чакырылганы Осмон, кийин айылдаштары ар башка атап да жүрүштү. Эркелетип Осаке, кара Осеке, койчу Осеке, паксачы Осеке дешчү. Жуманазардын кара баласы да дешти. Атам буга деле терикчү эмес. Тогуз жашында атасынан ажыраган экен. Өзү 1928-жылдын 12-декабрында туулган.Өскөн жери Кара-Кулжанын, азыркы Сары-Булак айыл өкмөтүндө Чоң-Таш–Короо деген коочуштай жер бар. Ошол жерге балалыгы тагдырлаш. Ал жерди биз теңдүүлөр жакшы билет. Асманы такедей жайы салкын, кышы жылуу келет. Анан таза суу чыкчу булагы бар. Илгеркилердин жашоосуна бапташкан жер. Мал жайыты да кенен. Кышка чөп камдоого да ылайыктуу. Жемсиз жан кайдан. «Жердеги жемди көрүп, асмандагы куш жерге түшүптүр» дегендей, элдин улуу сөзү таш короого барганда эске түшөт. Жуманазар менин атамдын атасы “сопу” пенде болгон экен. Муну мага атам деле айтпайт. Кийин укканыма караганда чоң атам Жуманазар сопу, анда “арап” кайдан? Бозону да оозуна нар этпеген кудайдын курутун уурдабаган кедейге жанын берген көрпенде болгон имиш. Мен чоң атамды көргөн жокмун. Ал киши 1937-жылдары атам Осмон тогуз жашка толгондо кайтыш болгон экен.
Мунун баарын биз жаш мезгилде айылдагы Зупу деген киши мага кеп кылып берчү. Ал дөөдөй жан болчу. Шапалагы лопаткадай бар эле. Атам Осмондон беш-он жаш кичүү болсо да жаш гөдактар менен ойногонду жанындай сүйчү. Зоройгон өзү теңдүүлөргө көп аралаша берчү эмес. Азыркынын сөзү менен алганда “оригинал” адам эле. Мени эмнегедир өзүнө жакын тартып “жум өлгөн көчкүгө” алып барайынбы дей берчү. Көп кайталоочу, сүйлөгөндө шилекейлери эки ууртуна ак көбүк боло балжыраганы балжыраган эле.
Зупу аба жөнүндө башка кеп болоор. Зупунун прототиптери азыр деле болсо керек. Пенде жашоосунда ага окшогондор өтүп кеткени менен заманда көп кайталанат тура. Көп кайталануучу нерселер бар окшойт. Атам Осмонго бир жолу, анда мектепке бара элек мезгилим болсо керек. “Жум өлгөн көчкү”-деген эмне деп суроо салып калдым. Атам таңдана, суроолуу мага караганы ушул учурга чейин көз карегимде тургансыйт.
Башкалардыкын билбейм. Кеп боюнча аша чапканым жок.Өткөн турмушка ишенүү кыйын. Бирок муундун жалгашуусу, улантуучусу, урпактары, уялаштары катары камтылууда биз турбайбызбы. Андан бери көп күндөрдүн өмүрү аза басты. Илгери-илгери делбесе да кылым карытты. Кыялымда күн элес болуп кала берди. Мен деле ал карыган картам тарткан, жер менен жексен болгон дүрбөлөңдү, бейиш сымал бейпил күндөрдүн чөндөлөңү эмесмин. Биз өткөн кылымдан алтымышынчы жылдардан кийин өмүрдүн, күндөрдүн, айлардын, жылдардын чаң сааттары эмеспизби. Башкаларды билбейм өзүмдү ошондой деп сезем.
Атам “жум өлгөн көчкү” жөнүндө Зупу абама айтам дегенден кийин өзү айтып берип жатпайбы. Көрсө чоң атабыз Жуманазардын аты мусулманча коюлган экен. Ал мээнеткеч, момун, сопу, сыпаана, бир сырдуу, сулуу, коюу самал, кудайдын курутуна да сук салбаган пакиза, таза пенде болгон экен. Мындай адамдар азыр деле бар. Жер үстүнө пенде болуп келген соң, ар бир адам турмушунда жашоонун тарых таржымалы бар экендигинде кымындай да күмөнсү болбосо керек. Ошондон улам жашоо уланып жатпайбы.
Көрсө чоң атабыз бала-чакасын адал багуу максатында кыштоосу Таш-Короонун капталында тескейлүү караган жылганын кенен бетинен буудай, арпа, аштык айдоочу жери бар экен. Ошол жерди жаз алды менен жалгыз кетмендеп, үй-бүлөөсүнө жетээрлик аштык камдоочу бейм. Дайыма жыл башында үрөөндөрүн камдай жаздын келишин күтчү экен. Ошол аалам салары жылы да ошондой жумуштары менен алек болуп жатып, жер кетмендегени шашке ченде аштык сепчү жерине чыгып кеткен боюнча келбей калат. Ала көз байланаар чайытта, күткөн учурда келбеген соң, издөө салуу үчүн Осмон баласы, эжелери Жамбы, Секет, Бөжө, Бурулкандар караган жылганын айдоо бетине барышат. Анда буурусун соко менен өгүз кошуп жер айдашчу бейм. Бирок Жуманазар кетмендеп аштына жер ырастоочу дешет.
Ошондой учурда, күндөлүк көр тиргиликтин үстүндө жүрүп, мурдунан кан атып, жер кетмендеп жатып кайтыш болгон экен. Анда элдик табыптан башка дарыгер жок. Мындай өлүмдү “кара түтөк” деп атаганын угуп калчумун. Мындай жан берүү кийин деле көп болгонун биз деле билип калдык. Кийин ал жерге эч ким аштык айдабаптыр. Жылдар өтөт. Таш-корону байырлаган чон атабыздын туугандары Кара-Так, Жарык-жер деген жерлерди кыштоолойт, жер которушат.
Жуманазар аштык айдаган жерден бир топ жылдан кийин көчкү жүрөт. Анан ал жердин аты “Жум өлгөн көчкү” аталып калат. Ушуну уккан Зупу аба мени дайым ошол жакка алып барып келейинби деп айта берчү тура. Мезгилдин күлүктүгүнө жылдар өткөндөн кийин ишенич пайда болот тура. Андан бери бир кылымга тете жылдар өмүр карытты. Кайталангыс болду. Далай жылдар тарых барактарында калды. Кабыргаң кайышат. Капсалаңдуу жашоонун жагымдуу да, жагымсыз да кундөрү кимдин гана коколой башынан тагдыр кечирбейт.
Атам ошентип, атасынан 9 жашында жетим калат. Алдуу да, алсыз да жылдарды канча пешенесинен кечирбеди дейсиң. Ал кишинин киши болгондогу мүнөзүнө караганда, шок деле эместей көрүнчү. Жаштыгы согуштун каардуу, мүнкүрөөчүлүктүн, жокчулуктун, муңдануунун, муңайуунун, жалдануунун жылдарында өткөнүн эзели сөз кылчы эмес. Ал жылдар жалпы адамзат үчүн өтө оор жылдардан болгонун тарых тастыктап, тактап турбайбы. Согушка чейин үзүл-кесил мектепке барган экен. Ошол атасы Жуманазар өлгөндөн кийин туугандары Жарык- Жер деген жерге жер которууга эмне себеп болгон, азыр эми эч ким билбейт. Ал учурдан бери эки-үч муун өтүп кетпедиби, же баяны калбаптыр. Пенденин эмне кылганын, кантип күн көрө жашоодо жыл кечире, күн кечире, ай кечире жашаганы өзүнө гана сыр болгон чыгаар. Жер каймактагандан бери эле ушундай жашоо тура. Осоке атабыз ошондон бир сырдуу болгон чыгаар. Көзү көргөн жашоого келгени, жер менен кошо пайда болгон улуу тоолордун арасында, көрүнгөн тепкедей асманды көргөн чыгаар.
Асманда ай турса, кундүзү күн, түнкүсү жымындаган жылдыздар болсо, эки аягы менен алыска бара албаса, барайын десе жол сапарга улоосу болбосо, кайдагы аалам да, кайдагы жер кезүү да, кайдан дербиш болду.
(уландысы бар)
Маматазим Жуманазаров