![Илимде из калтырган инсан Илимде из калтырган инсан](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/55383b82-cd42-4f87-823d-78fd568e7bc5.jpg)
Тообо, бул жалгандан чын дүйнөгө узап кеткенине чейрек кылымдан ашуун өтсө да аны колдоп турганын кадимкидей сезип, туят. Өткөн жылы катуу сыркоолоп калып:
— Жакында 90 жылдыгын белгилейбиз деп жаткан эмес белек, эми ага куран окутпай каламбы,-деп, уул-кыз, неберелерине билдирбей ичинен күйүп сыздаганда Акматбеги Эгесинен ага ден соолук бер деп сурандыбы, айтор, неси болсо да оболу таяк кармап сылтый басып, анан жыл айланбай куландан соо болуп айыгып кетти. Кайра түздөнүп, Кыргыз-Кувейт Университетине телерадио жаатында алып баруучулук өнөрдүн сырларын окутуп үйрөтүү үчүн студенттерге кайра каттай баштады.
![Илимде из калтырган инсан](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/a8f5fbf3-9e19-4f5c-bf52-ba975d902dd0-1024x576.png)
Кыргыз телерадиосунун алгачкы диктору, СССРдин Кыргызстандагы телерадиосунун жападан-жалгыз отличниги жана жогорку категориядагы диктору, профессор Жаманбаева Тамара Хусейиновна быйыл сексен жашка толду. Ал элчилеп «Менин мааракемди жогорку деңгээлде өткөрүп, мамлекеттик сыйлык, орден-медаль бергиле» деп өтүнүч кат жазып, ак үй, көк үйдүн эшигин жырткан жок. Анткени анын алдына койгон, аткара турган милдети бар. Өмүрлүк жубайы, техника илимдеринин доктору, академик, легендарлуу парламенттин депутаты Акматбек Сагынович Жаманбаев эгер арабызда болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Анан калса жыл дагы аяктап баратат. Мааракени өткөргөнгө үлгүрүп калуу керек…
Өткөн кылымдын 60-жылдары элдин укканы радио, окуганы гезит-журнал, көргөнү телевизор. Теледе азыркыдай эки жүздөн ашуун эмес, бар болгону үч канал: КТР, ОРТ, РТР.Анын ичинен КТР гана кыргыз тилинде. Бир гана Тамара Бакиева көрсөтүүлөрдү алып барат. Эми Тамара Бакиеваны тааныбаган, билбеген кыргыз болгон эмес. Ал кезде Тамара Бакиевага өзү айткандай, күндө эсепсиз каттар келчү. Бүт баарын окуп чыкканга убакыт да, мүмкүнчүлүк да болгон эмес. Элдин баары эле аны карайт. Автобуста, троллейбуста, жадагалса жөө жүрүш да машакат. Күндө квартирадан телевидениеге, телевидениеден квартирага такси менен каттамай… Кыргызстандагы жападан-жалгыз алып баруучу кызга көз артып, ашык болгондорго эсеп жетпейт. Акыры бирөө илип кетти. Анда Тамара он сегиз жашта эле. Эки уулдуу болушту. Элдин кызы, эл тааныган, эл билген аялзаты менен чогуу түтүн булатуу… Охоо… Тамара эже эмнегедир биринчи турмушу, балдарынынын атасы туурасында ооз ачпайт… Ажырашып тынышты.
![Илимде из калтырган инсан](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/d38bef61-1e3c-4b54-b6a9-50f2363fe223.png)
1972-жыл. Москва. Кыргызстандагы окумуштуу, илимпоздордун өлкөнүн борборунда өтүп жаткан жумалыгы. Жаманбаев Акматбек Сагынович жылуулук тармагы боюнча ала-тоолук алгачкы окумуштуу, техника илимдеринин доктору катарында жумалыкка катышат. А Тамара Бакиева адаттагыдай эле Кремлдин ак сарайында концерттик бөлүгүнүн алып баруучусу. Мына ошол жерде экөө таанышып калат. Акматбек агай да ал убакта аялы менен ажырашкан.
Андан үч уулу бар. Акматбек кырк, Тамара отуз жашта. Телефон аркылуу сүйлөшүү, сырдашуу, дагы, дагы… Арзышкандар баш кошту… Экинчи турмушта бири-биринин өтмүшүн ичке жутуп сиңирүү, бири-бирин түшүнүү, ушак-айың, аңыз кепти көтөрүү, турмуш туткасын бирге тартып кетүү оор болот деген эл арасындагы эскиден калыптанган түшүнүктү экөө четке какты. Бири-бирине сый мамиле жасап, үй-бүлө аттуу улуулукту бапестеп сактап жашады эки бирдей улуу инсан. Экөөнүн бири-бирине болгон сый-урмат, аяр мамилесинен, биринен бири татына, биринен бири сүймөнчүк Нурийла, Жамийла аттуу эки кыз удаасы менен жарык дүйнөгө келди, түгөйлөрдү бирдей жаркытып, бирдей кубантып…
Арадан жылдар өттү. Акматбек агайдын эки уулу тага журтунда, а туну өзү менен… Акматбек агай, Тамара эже: Марат, Азиз, Алишер, Нурила, Жамийла аттуу уул-кыздарыменен чогуу… Бир күнү Акматбек агай:
— Тамара, бирге түтүн булаткан бир бүлөнүн мүчөлөрү үч фамилияда болушу купулума толбой турат,-деген сунушунан кийин Кыргызстанга Тамара Бакиева болуп таанылган диктор жубайынын фамилиясына өттү. Эми ал Жаманбаева Тамара… Элине эбак таанылган Тамара Бакиевадан Жаманбаева Тамара Хусейиновна аша түшүп, көптөгөн бийиктиктерди багындырды. Директордун программалоо боюнча орун басары, Ош студиясында башкы редактор, төрайым, КТРдин вице-перзиденти, «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери, КТРдин радио боюнча директору, «Ибарат» маданий борборунун продюсери, Кыргыз-Кувейт эл аралык университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, дагы, дагы…
![Илимде из калтырган инсан](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/b5187665-033f-445b-b3d2-0b26ed752e9f-1024x576.png)
Акматбек Сагынович кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин эртеңи үчүн өз өмүрүн арнаган патриот инсан болгон. Аны белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимов менен жакын дос болгондугу айгинелеп турбайбы. Султан Ибраимов эл башкарып турган кезинде да, көзү өткөндөн кийин да аны менен дос, жакын адамы бойдон калган. Султан Ибраимовдун урпактары менен Акматбек агайдын үй-бүлөсүнүн катышы күнү бүгүн да сээлдеген жок. Алардын байланышын Тамара эже азырга дейре улантып келет. Акматбек агай кыздарынын орус тилдүү болуп баратканына зээни кейип, кызы Нурила беш жашка чыкканда:
— Эгер, кыргыз тилин үйрөнсөң, Москвага алып барып келем, — дейт. Өжөр кыз Москваны уккан соң бат эле эне тилине ыктап, кыргызча ойлонуп, кыргызча сүйлөп калган,.. Ии-и анан эмесечи. Ал деген Акматбек Сагынович менен Тамара Хусейиновнанын кызы да… Убадага так Акматбек агай Нурийланы алты жашында Москвага алып барып келген. Ошондогу Москва, ошондогу Кремль күнү бүгүн да Нурийланын эсинде…
Акматбек агай Чүйдүн Кегети айылынан. Дем алыш күндөрү үй-бүлөсүн ата-конушуна алып барат. Сыртынан байкатпаганы менен кыргыздын мен деген кызына үйлөнүп, анын жүрөгүн багындырып, андан уул-кыз тапканына ичинен сыймыктанар эле. Анан калса кыргыздын аккуусу деп таанылган Таттыбүбү ушул айылдын келини да. Таттыбүбү жубайы менен кайын-журтуна келгенинде айылдын байбиче, келин-кесектери:
— Акмөөрдүн чайын ичип келели,- деп дүрбөп жөнөп, а Акматбек Тамарасы менен барганда:
— «Тамара сулуунун» бешбармагын жейбиз,-дешип жетимиш ашкан апасынын абысындары, өзүнүн чоң апа, жеңелери агылып келип, жарынын бир чыны чайын ичип, анын сулуулугуна суктанып, тамшанышчу. Байбичелер: «Мен Таттыбүбүнүн самоордон куюп берген чайын ичкем, мен Тамара жасаган бешбармагын жегем»,-деп эмдигиче мактана кеп кылышат… Атпай журтка таанылган, ар-ар ким көз артып суктанган сулуунун жубайы болуп, анын ысык-суугуна чыдап жашаш баарынын эле колунан келе бербейт. А Акматбекагай элинин сыймыктанган кызынын бактысына бакыт, ооматына оомат кошуп, өмүрүнүн акырына дейре бирге жашады.
Тамара эженин эскерүүсүнөн:
— Акматбек ишке жөнөп жатканда, тим эле ошол күн майрамсынып, аны парадга жөнөтүп жаткансып, кийимдерин үтүктөп, келиштире жасантып узатар элек… Акматбек босогону бери аттаганда эле аны менен кошо үйүбүзгө кут, бакыт, оомат киргендей сезилип, уул-кыздарыбыздын ууртунан күлкү төгүлүп турчу. Бирибиз папкесин колунан алып, бирибиз пальтосун кармап, калпагын иле коюп, айтор төрүбүз түгөл болуп, эртең мененки майрам кечинде кайра уланар эле… Майрам күндөрү таң эртеден үйгө гүл даярдап, майрамың менен деп куттуктар эле. Үйдө бир чечим кабыл алаарда балдар менен сүйлөшүп, анан бир жыйынтык чыгарчу. Азыр да ошол үйүбүздү, Акматбекти сагына эңсеп, ошол кезге баргым келе берет, өөх… Чукугандай сөз тапкан чечендиги, дос-тууганга колу ачыктыгы, ойдогусун бетке айткан тайманбастыгы, деги бир башкача, жамандык көрбөй, дегеле өлбөй турган жандай туюлчу…
Акматбек Жаманбаев 1988-жылы Ошто Кыргыз улуттук илимдер академиясынын окуу-илимий борборунун түштүк бөлүмү ачылганда ага директор болуп дайындалат. Кыска мөөнөттө борбордун пайдубалын түптөп, табигый ресурстарды комплекстүү пайдалануунун академиялык институтуна кошумча дагы төрт институт түптөдү. Анын баарын өзү уюштуруп, жаш илимпоз адистерди издеп таап, он сегиз лаборатория ачып, аны заманбап жабдуулар менен камсыздаган. Көп өтпөй таланттуу балдардын мектеп лицейи ачылат.
Анын ондогон шакирттери бар. Алар техника илимдеринин докторлору жана кандидаттары: Муктар Орозбеков, Исламидин Ташболотов, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Абдыкадыр Абидов, Эркин Садыков, Венера Сурапбаева, кенже илимий кызматкер Шекерхан Жапарова, Ирсалат Ормонова, Бакытбек Абдыразаков… Мындай шакирттер дагы ондоп саналат… Ал өзгө окумуштуулардан англисче билгендиги менен айырмаланган. Докторлук диссертациясынын көпчүлүк бөлүгүн англис тилинде жазгандыгын Тамара эже айтып берди.
Акматбек Жаманбаев 1992-жылы кеч күздө көз жумду. Тамара эжеге өтө оор болду. Айрыкча, кыз балдар атага жакын болот эмеспи. Нурийла менен Жамийланын көздөрүнөн көнөк-көнөк жаш агыза ыйлаганы күнү бүгүн да Тамара эженин көз алдында… Сыртка чыгып эркек, үйгө кирип аял болуп балдарын, кыздарын окутту.
Арман дүйнө, мындан эки жыл мурда тун уулу Азиз, кабыргасын кайыштырып, белин мертинтип бул дүйнөдөн өтүп кетти. Деги энеден баланы ажыратпасын… Кайгырды, ыйлады. Ошондо да Акматбеги жардамга келгендей, ал үчүн Эгесинен күч-кубат, ден соолук сурагандай болду. Белди бекем бууп, ордунан турду…
![Илимде из калтырган инсан](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/a4e117b5-321c-4c5e-9c56-9fc18ddd8d61-1024x576.png)
Ата-эне үчүн баланын эрезеге жетиши, небере көрүшү, баланчанын уулу, кызы дедиртип, эли үчүн эмгек этиши сыймык, кадыр-барк. Тамара эженин бир өкүтү — кызы Жамийланын Кыргызстандын Акыйкатчысы болгонун Акматбектин көрбөй калганы…
— Эч нерседен тайманбаганы, кыргыз үчүн жанын бергенге даяр турган кулк-мүнөзү чыпчыргасы коробой ушул кызыма өткөн белем?.. Кызыбыздын ушундай бийиктикке жетишине менин да үлүшүм бар го?..-деп жубайынын алдындагы милдетин аткарганына ичинен сүйүнөт. Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда техника илимдеринин доктору, академик Акматбек Жаманбаевдин шакирттери илимий конференция өзөгүн түзгөн 90 жылдык маарекесин Ош шаарында өткөрүшөт. Ага Тамара Жаманбаева уул-кыздары менен биргеликте сапар тартканы турат.
Оштогу жаратылыш ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча институтуна, борборубуздагы Исхак Раззаков атындагы техникалык университетинин бир кафедрасына, Чүй районунун Кегети айыл аймагындагы туулуп-өскөн айылына, Чапаев айылындагы орто мектепке, Бишкектеги мурдагы «Индустриальный» көчөсүнө Акматбек Жаманбаевдин ысымы ыйгарылган. Бул саамалыктардын баарында Тамара Хусейиновна башынан аягына дейре тике турганын мына ошол салтанаттарга катышкан улуу-кичүү жакшы билет.
— Жамийла бая күнү «Апа, бүгүн атам дагы түшүмө кирди, экөөбүз бир чоң жыйында жүрүптүрбүз» дейт. Мага караганда ушул кызын көбүрөк жакшы көрөт окшойт, а менин түшүмө такыр кирбейт…-деди Тамара эже. 2013-жылы Акматбек Сагыновичтин 80 жылдык маарекеси белгиленген. Ошондо ал жубайынынын 90 жылдыгын өткөрсөм деп тилек кылган. Ошол мүдөө бүгүн-эртең ишке ашканы турат…
Тамара эже жакындан бери анын 100 жылдыгын белгилесем деген максат менен жашай баштады. Не дейбиз?.. Эмесе Акматбек Жаманбаевдин бир кылымдык эскерүү мааракесинде жолукканга чейин, Тамара эже!
Олжобай Бубатаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер