![Салыктагы жаңы эреже жана талаптар Салыктагы жаңы эреже жана талаптар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/478599e7-42dd-41be-85bb-07fbc2227fd4.jpg)
2024-жылдын 1-январынан тарта соода тармагындагы ишкерлер үчүн жаңы эрежелер кирет. Бул эрежеге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык соода тармагында иштегендерге мындан ары патент берилбейт. Өзгөчө режимге кире турган базарларга, кичи базарларга коюлган талаптар өзгөрдү. Биз мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жанарбек Жусубалиевге кайрылып, окурмандарыбызга жаңы эрежелер тууралуу түшүндүрүп берүүсүн суранганбыз.
— Жанарбек Мамбеттурдиевич, жаңы эреже тууралуу эл арасында кайчы, түрдүү пикирлер айтылып жатат. Ошентсе да айрым серепчилердин айтуусуна караганда жаңы эреже көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгуучу рычаг болуп калат. Ушул пикирдин канчалык даражада чындыгы бар?
![Салыктагы жаңы эреже жана талаптар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/e918eb05-11e8-4abd-9c3f-eadc8d83fea3-1024x768.jpg)
— Бизде сырттан товар кириши мүмкүн, бирок, анын аягы чыкпай калган учурлар болгон. Мына ошондой финансылык тартип бузууларга бөгөт болот. Соода жүргүзгөн ишкер товарды эсеп-фактура менен дүң баада алса, аны аткезчилик менен келген эмес, мыйзамдуу жол менен алып келингендигин тастыктайт дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик саясатты элге туура жеткирүүбүз зарыл.
Жаңы эреже боюнча, азыркы учурда патент аркылуу соода иштери менен алектенип жаткан жеке ишкерлер 2024-жылдын 1-январынан тартып андай укукка ээ эмес болуп калды. Анда “Патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес болуп, катары менен келген 12 ай үчүн түшкөн акчанын жалпы көлөмү 8 млн. сомдон ашкан кездеги жеке жактар, товарларды импорттоочу жана экспорттоочу жеке жактар, андан сырткары, 2024-жылдын 1-январынан соода ишин жүргүзүүнү ишке ашырган жеке жактар патенттик система менен иштеше албайт” деп жазылган.
— Соода тармагында эмгектенген жеке ишкерлер өз ишкердигин кандайча жүргүзө алат?
— Алар ишкердигин өзгөчө режимдерге кирген базарларга, же кичи базарларга өтүү менен улантса же бирдиктүү режимдер алкагында ишке ашырса болот. Өзгөчө зонанын ичиндеги ишкерлер товарларды бири-бирине сатса, документи жок эле сатышат. Өзгөчө зонанын ичиндеги бири-бирине сатканда ККМ колдонулбайт. Эгерде өзгөчө зонадан сыртка чыгып кетип жаткан товарлар болсо, ага сөзсүз эсеп фактура көрсөткөнгө милдеттүү.
Ал эми 2023-жылдын 4-сентябрында чыккан 446-токтомуна ылайык кичи базарлардын реестрине кирген соода жайларында иштеген ишкерлер алган товарларын эсеп-фактурасы менен алып, ККМ аркылуу чыгарып жиберишет. Ошон үчүн сатылган товарлардын суммасынан 0,1 пайыз төлөшөт.
— Жеке ишкерлер кандай учурда 0,5 пайыз менен төлөшөт?
— Эгерде жеке ишкер иштеген кичи базар, базар, же соода жайы реестрге кирбесе.
— Өзгөчө режимдерге кирген соода жайлары же кичи базарлар тууралуу түшүндүрмө берип өтсөңүз?
![Салыктагы жаңы эреже жана талаптар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/66698628-3598-4a6b-8717-c48be33d6601-1024x576.jpg)
— Кыргыз Республикасынын Жогорудагы мыйзамынын 63-бөлүмүндө “Дордой” жана “Туратали” соода базар комплекси боюнча атайын бөлүк коюлган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, стратегиялык обьектилерге кирген жана анын ичинде ижара берүүчүлөрдүн жана ижарачылардын, субижарачылардын реестрлерин түзүш керек. Бул өзгөчө стратегиялык обьектилер 2014-жылы 17-февралдагы № 99 токтом менен бекитилген. Ага 2023-жылдын 10-январында 2-бөлүк менен өзгөртүүлөр киргизилип, мында иштегендер өзгөчө зонадагы ишкер салык жөнүндөгү жобого ылайык салык төлөшөт. Бул жерде 2023-жылы 25-октябрдагы №575-токтом менен бекитилген Жоболорго ылайык, өзгөчө режимдеги соода зонасына атайын талаптар коюлгандыгын белгилеп өтүүгө тийишпиз. Анда соода жүргүзүүчү базардын территориясын тосуу, товарларды сактоого ылайык шарт түзүү, базарга техникалардын кирип-чыгышы үчүн жолдордун курулушу, видеобайкоо системасынын, өрт кооп- суздугунун, санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы сыяктуу 11 талап бар. Ушул талаптардын баары аткарылган болсо, аны тастыктаган документтерин бизге көрсөтүшөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы аны Экономика министрлигине жөнөтөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрында чыккан 446-токтомунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө Жобо бекитилген. Анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматында 2024-жылдын 1-январынан тартып, ишкерлер патенттик иштей албаган кезде кайсы режимдер боюнча иштөөгө макулдук берилген жана ошолор мыйзамдуу болуп эсептелген жагдайлар тууралуу айтылган.
![Салыктагы жаңы эреже жана талаптар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/8f78528f-8ec7-4842-b30e-caab5a833e42.png)
КР Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн реестрдин тизмесине киргизилген базарлардын жана кичи базарларда иштеген ишкерлер 0,1 пайыздык режимде иштесе болот. Анын негизги жоболору биринчиден, алган товарларынын эсеп-фактуралары болуш керек, экинчиден чыккан товарларына ККМ колдонуш керек. Бул 0,1 пайыз менен эсептелет. “0,1 пайыз деген сөз — эгерде сиз күнүнө 10 000 сомго соода кылсаңыз -10, 1 000 000 сомго соода кылсаңыз — 1000 сом салык төлөйсүз” дегенди билдирет.
— Жаңы эрежелерден кабары жок ишкерлер туңгуюкка кептелип калбайбы? Ал тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатабы?
— Бул максатта Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, мэриянын жыйындар залында ар тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы эрежелердин өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, пикир алмашуулар өткөрүлдү. Азыркы учурда биздин башкармалыктын 8, сырттан келген 8 инспекторлор соода менен алектенген ар бир ишкерге жаңы эрежелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Жалпысынан алганда 16 инспектор ар бир жеке ишкерге жаңы эрежелер жөнүндө түшүндүрүп жатышат.
— Эми патент тууралуу түшүндүрмө берип өтсөңүз?
— Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык соода тармагында иштегендерге (сатуучуларга, алып саткандарга) патент берилбейт. Жеке эмгек ишмердүүлүгү менен элге кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер (мисалы: металл, металл буюмдарын жасаган темир усталар, экинчи сырьёну кабыл алгандар, курулуш, сантехника жаатында ремонт жумушун аткарган, күндөлүк турмушта колдонуучу техникаларды оңдоо, байланыш, компьютер техникаларын жөндөө менен алектенген, атайын транспорттор менен жүргүнчүлөрдү ташуу жумушун аткарган, сүрөт тартуу, котормо, билим берүү жаатында иш алып баргандар, өтүкчүлөр ж.б.у.с.) патент менен иштей алат. Патенттик система өз убагында бюджетке акча топтоого жардам берген ыкма болгон. Бирок, ал өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн мамлекеттерде колдонулган формага кадам шилтеп жатабыз.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков