![Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/7471b9bb-0ab5-4edf-a05d-fedf94992c31.jpg)
21-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 2026-жылы болуучу футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу турунун экинчи оюнунун алкагында Оман курамасын кабыл алып, жеңишке жетти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эки курама тең айырмалана алышкан жок. Аткен менен атаандаш кураманын бир нече кооптуу чабуулдары орун алды. Бирок «Ак шумкарлар» топко 60 пайыздан көбүрөөк ээлик кылуу аркылуу үстөмдүк кылганы менен эсеп ачылган жок. Оюндун экинчи бөлүгүндө талаа ээлери чоң мотивация менен чыгып, 48-мүнөттө айып соккудан узатылган топту жарым коргоочу Одилжан Абдурахманов голго айлантты. Эсеп 1:0. Калган убактарда Оман курамасы канчалык кооптуу чабуулдарга өтпөсүн, Кыргызстандын дарбазасына жол таба алышкан жок.
Жыйынтыгында калыстын акыркы ышкырыгы менен беттеш аяктап, Кыргызстан Омандын үстүнөн тарыхый жеңишине жетишти. Анткени, буга чейин эки өлкө 3 жолу беттешип, баарында жеңилүү ызасын тарткан болчу. Ошентип бул жеңиш – Штефан Тарковичтин Улуттук кураманын машыктыруучусу болуп келгенден берки алгачкы эң ири ийгилиги болуп калды.
![Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/01df3094-cafe-4395-9903-d4f1449b591c-1024x592.jpg)
Кыргыз курамасы Дүйнөлүк чечмпионатта ойноп калышы мүмкүн
2017-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Башкаруу кеңеши 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка алгачкы жолу 48 команда катыша турганын жар салган. Мундиалдын жаңы эрежесине ылайык, дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык оюндары 12 тайпадан туруп, ар бир тайпадан төрттөн команда жайгашат. 12 тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган командалар жана үчүнчү орунду алган 8 жыйынтыгы жакшы курама кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Мурда бул чемпионатка 32 курама гана катышуу укугун алган. Анда жалпы 64 оюн болсо, бул чемпионатта жалпы 104 оюн өтөт. Жалпылап алганда, чемпионат 56 күн бою уланып, финал 2026-жылы 19-июлуна пландалууда. Бул турнир алгачкы жолу үч өлкөдө: АКШ, Канада, Мексикада өтөт. Мурда ФИФА Азияга 4+1 квота берип келген болсо, бул жолу 8+1 квота берди. Мындан улам кыргыз курамасына да Дүйнөлүк чемпионатка чыгууга мүмкүнчүлүк жаралып отурат.
«Ак шумкарлар» эми кандай жолдорду басып өтүүсү керек?
2026-Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу үчүн Азиядагы 47 мамлекет ат салышат. Алар ФИФАдагы рейтинггине карап 5 топко бөлүнөт. Биринчи топтогулар ФИФАдагы рейтингги төмөн 22 курама. Алар биринчи топтогу курамалар болуп, анын жеңүүчүлөрү болгон 11 курама экинчи топтогу 25 курамага кошулат. Кыргыз футболчулары 2-топтон орун алып, оюндарын ушул алкактан баштады.
Ал эми экинчи топто жалпы 36 команда жайгашып, алар 9 тайпага бөлүнөт. Ар бир тайпада төрттөн курама болот. Кыргыз курамасы «D» тайпасына ко- шулуп, Кытайдын Тайбэйи, Малайзия, Оман курамалары менен бирге бир тайпадан орун алды. Баарына белгилүү болгондой, бул тайпанын биринчи оюнунда кыргыз курамасы Малайзияга каршы ойноп, 4:3 эсебинде утулуп калды.
![Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/64b8baa1-acd2-4e68-9610-be7a3a53218a-1024x1024.jpg)
Экинчи оюнда өз талаасында Оманды жеңди. Эми биздикилер 2024-жылдын мартында жана 26-мартында Кытайдын Тайбэйи менен үйдө, конокто беттешсе, 2024-жылдын 6-июнунда Малайзия курамасы менен Бишкекте беттешет. Ал эми Оман курамасы менен конокто 11-июнда ойнойт.
![Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/d528ab18-8514-46af-ae42-c029b67b361f-1024x1024.jpg)
Кыргыз курамасы өзү ойноп жаткан тайпадан биринчи же экинчи орунду алган болсо гана Дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу турунун 3-тобуна кошула алат. Эгер Кыргызстан бул тайпадан биринчи же экинчи орунду ээлесе 3-топко чыгуу менен 2027-жылы Сауд Арабияда өтүүчү Азия чемпионатына жолдомо ала алат.
Ал эми 3-топко 18 команда чыгат. Ошол топогу командалар алтыдан болуп, үч тайпага бөлүнүшөт. Алардан биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар гана Дүйнөлүк чемпионатка чыгууга жолдомо алышат. Эгер бул тайпалык оюндарда үчүнчү же төртүнчү орунду ээлеп калган болсо, анда 4-топко кошулат. 4-тайпага жолдомо алган 6 команда үч-үчтөн болуп, эки тайпага бөлүнүп ойношот. Ошол тайпадан биринчи орунду алган эки команда Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Балким, бул оюндардан кийин да өлкө курамасынын натыйжалары начар болсо, анда 5-топко кошулат. Бул топто эки команда бири- бири менен ойноп, жеңгени башка бир континенттин командасы менен ойноп, аны утканы Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга укук алат.
Ошентип азыр Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасы үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк жаралды. Өлкө курамасы оюнду үчүнчү топтогу оюндардан кийин жыйынтыктай албаса, төртүнчү топто жана бешинчи топто жыйынтыктап, мундиалга жолдомо алса болот. Бирок, «ак шумкарлар» курамын чыңдап, мыкты жетишкендиктерге жетишип, 3-топтогу оюндарда эле өз тайпасында биринчи же экинчи орунду камсыздап, Дүйнөлүк чемпионака жолдомо алса болот.
Кыргызстан экинчи ирет Азия чемпионатында ойнойт!
Буга чейин кыргыз курамасы Александр Крестинин башчылыгында кыргыз футбол тарыхында алгачкы жолу Азия чемпионатына катышкан. Бул сапар кыргыз курамасы буга чейин Азия чемпионатына экинчи ирет жолдо алды.
Азия мамлекеттеринин Улуттук курама командалары арасындагы 18-Азия Кубогу 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катардын Доха шаарында өтөт. Катар 2022-жылы Дүйнөлүк чемпионатты өткөрдү. Эми бул чемпионат 2022-жылы дүйнө курамалары ойногон стадиондордо болот.
Буга чейин чемпионат 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин болору айтылган. Бирок аба ырайына байланыштуу оюндар кышкы мезгилге жылып кеткен. Ушул эле беттештер буга чейин Кытайда өтүшү керек болчу, бирок, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алар бул иш-чараны өткөрүүдөн баш тарткан.
![Тарыхый жеңиш: "Ак шумкардын" Дүйнөлүк чемпионатка карай татаал жолу](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/e96ff831-4ca7-40fd-a8cc-46ac0f5a0db3-1024x1024.jpg)
Кыргызстан Азия чемпионатында «F» тайпасында жайгашты. Ал тайпада Сауд Арабиясы, Таиланд, Оман курамасы да бар.
Нуркамил Мамажунус уулу