![Жазы айыл аймагындагы жакшы иштер Жазы айыл аймагындагы жакшы иштер](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/27ea3264-5461-4e43-bab4-b48d4486b926.jpg)
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов өзүнүн иш-планына ылайык, Жазы айыл аймагында болуп, социалдык экономикалык өнүгүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер менен жеринде таанышып чыкты.
Аталган айыл аймакта республикалык бюджеттин эсебинен сметалык баасы 180 млн.сомдук таза суу долбоору каралып, 12 чакырым аралыкка таза суу түтүкчөлөрү тартылган. Учурда долбоорго ылайык калган жумуштары жүргүзүлүүдө.
12 млн.сомдук долбоорго облустук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципиалдык калкты тейлөө борборунун курулушу башталган. Андан сырткары, айыл аймактын бир топ көйгөйлүү маселелери менен таанышып чыгып, аталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү мекеме- уюмдар менен биргеликте иш жүргүзөөрүн белгиледи.
![Жазы айыл аймагындагы жакшы иштер](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/7905af27-e375-464d-a190-80b6897ae438.jpg)
Санарип аймак тутумуна жайгашты
Өзгөн районундагы Жазы айыл өкмөтүнүн курамында Жээренчи, Кызыл-Дыйкан, Жазы жана Кара-Дыйкан кыштактары бар. Айыл аймакта 4 орто мектеп, 5 бала бакча, бир маданият үйү, 2 китепкана, 3 ФАП, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бир оорукана, 2 спорт зал, бир футбол аянтчасы калкка кызмат көрсөтүп келатат.
Аталган айыл өкмөтүн 2021-жылдан бери Жолоев Абатбек Идрисович жетектеп келүүдө. Ал эки миңинчи жылдарга чейин Кумбел көмүр кенин жетектеген. Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айылдык кеңештин төрагасы кызматтарын аркалаган.
Учурда ал жетектеген чарба райондо алгачкылардан болуп санарип аймак автоматташтырылган маалымат тутумуна кошулду. Жазы айыл өкмөтүндө 3212 үй-бүлө, 17468 киши жашайт. Анын 2711 кожолугу (1278,6 киши) санариптик аймак маалымат тутумуна кирди.
Жазы өрөөнү жаратылыш кырсыктары тилкесинде жайгашкан. Ошол себептүү Кыргыз Өкмөтүнүн “Турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө” токтомуна ылайык ушул тапта 395 турак жай камсыздандырылды. Бул багытта калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
“Социалдык контракт” түзүү иштери
“Социалдык контракт” – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүздү. Анын натыйжасында айыл аймактагы аз камсыз болгон 39 жөлөк пул алуучу үй- бүлө менен “Социалдык контракт” түзүлгөн.
Алгач бизнес-пландын долбоору түзүлдү, анда ишкердүүлүктү кайсы багытта жүргүзүү, акчаны кантип иштетүү боюнча мүдөө максаттар белгиленди. Ошондон кийин гана социалдык контракттын негизинде жергиликтүү калкты колдоо максатында алардын ар бирине ишкердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүүсү үчүн бир жолку 100 миң сомдон кайтарымсыз грант берилди.
![Жазы айыл аймагындагы жакшы иштер](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/3c118705-0dea-4b83-b840-6ae6c5878fdd-1024x682.jpg)
Колдоого алына турган бизнес идеялар негизинен мал чарбачылыгы, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары ж. б. камтылды. Алсак, алардын арасынан бирөөсү тамак-аш сатуу, экинчиси кийим-кече соодалоо, 37си мал жандыктарды багып, көбөйтүүгө багытталды.
Албетте, мындай социалдык келишим түзүүлөр өзүнүн натыйжасын берип жатат. Айрым учурда социалдык контракт жергиликтүү жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашып жатат. Ушул жол аркылуу да аз камсыз болгон жарандар үчүн туруктуу иш ордун түзүп, каржылык муктаждыктан чыгарууга болот.
Тазалык – ден соолуктун булагы
Айлана-чөйрөбүз баарыбыздын жүзүбүз, тазалыкты сактоо-ден соолукка болгон камкордук. Айыл аймактын таза болуусу айыл өкмөтүнүн курамында ачылган “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен байланыштуу.
Айыл аймакта жылдын 1-мартынан тартып 1-июнга чейин айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу ишембиликтери өткөрүлөт. Ал эми “Таза мурас” улуттук өнөктүктүн алкагында 1- сентябрынан 31-ноябрга чейин айлана-чөйрөдө тазалыкты сактоо иш-аракеттери жүргүзүлөт.Ош облусунун өнүктүрүү Фондуна атайын долбоор жазып, бул демилгенин алкагында таштанды жүктөгөн эки техника сатып алынды. Бул техникалар азыр өз максатында пайдаланылып жатат.
Кыш камылгасы күчүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелери кышка толук жеткидей 467 тонна көмүр менен камсыз болду. Учурда Жазыда эки көмүр базасы туруктуу иштеп, жергиликтүү тургундарды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Ал эми аз камсыз болгон 110 үй-бүлөгө 55 тонна көмүр соопчулук иретинде бекер таратылды.
Бетти даярдаган: А.МАТИЕВА