Биз кыйышпас кишилерденбиз. Балалыгыбыз бирге өттү. Экөөбүз тең Кара-Кулжа районунун, Сары-Булак айылдык кеңешинин Сары-Күңгөй айылында төрөлүп өстүк. Андан бери көп жылдар сапар кечирди. Кубаныч Ибраимовдун атасы Орозалиев Ибраим да, апасы да ошол эле өрөөндөн. Атасы Ибраим эл башкарган, Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, көп жылдар өткөн кылымдын 50-60-70-жылдарында, андагы Калинин колхозунун башкармасы, Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы, азыркы өзүнүн атын алып жүргөн Орозалиев Ибраим атындагы мектептин директору кызматтарында эмгектене эл үчүн опол тоодой кызмат өтөгөн. Согуштун ардагери катары элдин алдыңкы сабында жүргөн. Ал инсан жүз жашка чукул өмүр сүрүү менен Кубанычтай уул-кыздарды тарбиялаган. Ошондон улам Кубанычты тели-теңтуштары, үзөңгүлөш жүргөн жашоодогу баалашкан инсандары “Атанын баласы” деп коюшат.
Кубаныч Ибраимов мындай баа-баркка татыктуу атасындай кадырман, сөзгө бек, улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган инсан. Ал 1956-жылы азыркы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Күңгөй айылында туулуп, эрезеге жеткен. Киндик кан тамган айылынын касиетин жан дүйнөсүндө өтө жогору баалайт. Ошондон улам тестиер күндөрү, балалыгы өткөн Сары-Күңгөй, Ак-Терек, Жол-Жылга, Ак-Чалка, Күздө-Талаа, Таш-Короо, Кара-Булак, Тайгак-Таш сыяктуу жерлерди, азыр алтымыштан ашкан жашоосундагы өмүр сапарында, балалыгы өткөн деминен, жытынан, аңкыган абасынан дене башын түздөгөндүгүнөнбү, ар качандан, бир качан айткандан, аңыз аңгеме кургандан тажабай келет. Жашоонун бийиктиги ушунда тура. Жанында жарашкан Бүмайрам да куп бапташкан. Бүмайрам адам пендесинин асмандан издегени жерден табылгандай жаны бийик аял заты. Бул дүйнөнүн асманда жанган чолпон жыл- дызы. Ушул сөздү окуган Кубаныч экөөбүздүн жоролорубуз өтө бөлөк сөздөрдү айтышы мүмкүн. Кандай деңгээлде болсо да, баарын нугуна “аккан арыктан суу агат” дегендей коңгуроону бийик чыгарбай ар бир кубанычтын кетмендешпи, кызматташпы жөнөкөй эле көр пендеби, баарына бирдей салам бере, арманын уккан Кубанычтын көркүн ачкан Бүмайрам. Чынында таза аялзаты. Бүмайрам айтылуу Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал айылынан. Алайкууга сапар тарта баратсаң, бардык жол жүргөн жолоочуну Ой-Тал айылы тосуп алат. Ошондон улам Бүмайрамдын жүрөгү таза, пенденин назиги болсо керек. Кубаныч өзүн бийик көтөрбөдү. Кандай болгондо да, өзүн тели-теңтушуна жакын алып жүргөнү менен адам үчүн күнү бүгүнкүдөй элес калтырат.
Ал райборбордо окуса да, жүрөгүн, көкү-рөгүн бийик көтөрбөдү. Бул атанын таалиминен, апанын айоосунан болсо керек деп боолгоп келем. Адам турмушу баарыбызга бирдей келет. Бүл эпиграф эмес. Дүйнөнүн дүлөйлүгүн ойгото турган гана сүйлөм. Кай бир басылмалар “Күн баарына бирдей тиет” деген аксиоманы эпиграф кылып жазып жүрүшөт. Аларды өздөрү билишсин… Бирок, мен үчүн жолдогу жолоочу эмес, курбалдаштын эң бийик, өзүбүздөн үзүрүн үзбөгөн жашоодогу жан бийик атанын баласы Кубаныч Ибраимов. Козу жөнүндө эки ооз сөз башка мааниде. Ал Кара-Кулжа мектебин аяктагандан кийин Россиянын Ростов-на-Дону шаарынан борбордук окуу жайды аяктады.
Кесиби боюнча “жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн экономикасы”- адистиги. Ал учурда окууга өтүү деген сөз азыркынын жолунда эмес болчу. Кыйын эле. Мээңде бир мүдүрүң болсо бардык окуу жайдын эшиги ачык деп калышчу. Чынында Козу, чын аты Кубаныч өз дарамети менен атагы бийик Россиянын борбордук окуу жайынан билим алганы, кесиптик бийиктиги, Кара-Кулжа эле эмес, Кыргызстандын түгөл журтуна пайдасы тийди. Кишимендүүлүгүн кое кал. Канткен менен жаш адис катары Кубаныч Кара-Кулжа гана эмес, Кыргызстан үчүн Россиядан алган билимин иштеген кызматтарында колдонуу менен үзүрлүү эмгектенди. Ал Кара-Кулжа районунда көзгө көрүнүктүү кызматтарды аркалады. Окууну аяктап келген жылдары Кара-Кулжа райондук Кесиптик кошундар уюмунда, райондук айыл-чарба башкармалыгында, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Совет райондук комитетинде инструктор, ошондон партиянын жолдомосу менен райондук турмуш-тиричилик комбинатында директор кызматтарында үзүрлүү эмгектенди.
Жашоодо өз тагдырын өзү чечти. Атасы Ибраим аксакал уулунун ийгиликтерине купуя кулпунуп жүрдү. Кийин турмуш-тиричилик комбинаты, замандын шарына карата мамлекеттен ажыратылган соң, кайрадан мамлекеттик кызматка кайрылды. Кубанычты тагдыры дайыма эл менен иштешүүгө жол түздөдү. Ага Кара-Кулжа райондук элди иш менен камсыз кылуу жана кам көрүү мекемесинде директорлук кызматын аркалоону буйруду. Ал орунда көп жылдар иштеди. Кубаныч кандай гана кызматта болбосун элдин камында, кызмат кылган жумушчулардын тагдырын жанына жакын кабыл ала түйшүктун үстүндө болду. Жашоодогу ушундай жүрүшү пенделиктеги, элдин арасындагы кадырын жогору көтөрдү.
Жашоонун жарымы кетти деген менен тагдырды ташка тамга баскандай калтыруу ар бир пенденин колунан келе бербеши бышык. Ошондой тагдырды эл менен өткөргөн Кубаныч Ибраимов сүргөн өмүрүнө дайыма жөнөкөйлүк менен араазданганы азыркыга чейин эл жүрөгүндө. Турмуш жолунун узаруусун Кубанычтын өмүрлүк жолдошу Бүмайрам экөөнүн балдары, неберелеринин баразмандуу байымдоосу экенине эл баа берген чагы. Канткен менен жашоо сыры ушунусу менен сырдуу да, көрктүү да, баалуу да турбайбы…
Маматазим Жуманазаров