![Саякат-сабак "Ош жаңырыгында" Саякат-сабак "Ош жаңырыгында"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/b3e86d45-60d3-4ace-90a8-cc2eca1f2fe3.jpg)
Ош Облусунун Кара-Суу районунун балдар чыгармачылык борборунда 2003-жылы “Поэзия” ийрими ачылган. Ийримден жылына 30-40 бала тарбия алып чыгышат. Алар бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларынан билим алышып, тандап алган кесиптеринде ийгиликтүү иштеп жатышат. Жыл сайын ар бир чейректен кийин ийримдин мүчөлөрү саякат-сабагына чыгышып, өлкөбүздүн кооз жерлеринде же ишкана-мекемелеринде болушуп, ийрим жетекчилери окуучулардын ойлоо, кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга аракеттенишет. Бул жолку сапар саякатында окуучуларыбыз облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде мейманда болушуп, чыгармачыл жамааттын иш-аракеттери менен жакындан таанышып кайтышты. Башкы редактор Асанбек Каракозуев маанилүү маселелер менен жакынкы иш сапарда экен, жолугушууда окуучуларды алгач гезиттин жооптуу катчысы, «Маданияттын мыкты кызматкери» Канымжан Кыдыралиева кабыл алды. Кийин башкы редактор үлгүрүп келип калып, окуучулардын берген суроолоруна кеңири жооп беришти. Төмөндө жолугушуунун жүрүшүн чагылдырган маалыматка көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Эң алгачкы суроону жооптуу катчы Канымжан Кыдыралиевага активдүү кызыбыз, ийримдин эң жаш мүчөсү №86-Курманжан Датка атындагы орто мектебинин окуучусу Айлин Ринатова берди.
— Сиз канча жашыңызда журналист кесибине кызыккансыз? Экинчи суроом: кесибиңиз өзүңүзгө жагабы? Журналист болуп иштөө үчүн кайсы сабактардан жакшы окушубуз керек?
— Мен айылда чоңойгонмун. Гезиттердин жаңы санын атам үйгө дайыма алып келчү. Гезиттеги макалаларды окуп, “Кабарларды кандай жакшы адамдар жазат экен? Мен дагы алардай боло аламбы?” -деп суктанчумун. Насип, туз буйруп сүйгөн кесибимде иштегениме 40 жылга жакындады. Тандаган кесибим өзүмө абдан жагат. Маселен, мен эсепчи болуп иштеп калганымда иш ордумда эле олтурмакмын да. Юрист болсом ошол тармак менен эле чектелмекмин. Азыркы ишимде олбусубуздун бардык аймактарында болуп, түрдүү мүнөздөгү, түркүн кесипте иштеп жаткан адамдар менен баарлашабыз. Алардын маселелерин чечүүгө аракеттенебиз. Көпчүлүк ыраазы болушат. Кээде кемчиликтерин жазып койсок капа болгондор да болот.
Журналист болуп иштөө үчүн бардык сабактардан мыкты окуу керек. Мугалимдин түйшүктүү ишин түшүнмөйүнчө жакшы макала жаза албайсың. Дарыгердин оорулууну кандай жолдор менен айыктырганын билгенде гана анын жүзүн ачкан очерк жазылат. Кимдир бирөө турмушуна наалып тентип кеткен болсо журналист да тентип көрүш керек. Ошондо гана окурмандардын бүйүрүн кызыткан мыкты чыгарма жаралат.
![Саякат-сабак "Ош жаңырыгында"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/317e6de2-d495-42a3-832e-f65530a9ca80-768x1024.jpg)
Анара Апсатарова, №82-А.Эшматов атындагы орто мектебинин окуучусу:
— Сиздин журналист болуп калууңузгаким түрткү болгон? Деги эле журналист болуп иштөө кыйынбы?
— Айылдык мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуткан Алибаев Кочкорбай деген агайым бар эле. Кызыктуу сабак өтчү. Жазуучулардын өмүр баянын, ыгармаларын окутуп жатканда мен да алардай инсан болгум келчү.
Журналист олуттуу кесип. Жоопкерчилиги да күчтүү. Журналист деген ар бир күндүк окуяны элге жеткирип турат. Журналист болбосо коом да өнүкпөйт. Элди туура, так маалымат менен камсыз кылуу биздин негизги милдетибиз.
Ташланбаева Жазмина, №82-А. Эшматов атындагы орто мектебинин окуучусу:
— Гезитте иштеп жатышкан, иштеп кеткен кызматкерлер жөнүндө айтып берсеңиз?
— Асылкан Бөрүбаев, Шайлообек Мойдунов, Үсөн Абылов, Бегали Исмаилов, Аскарбек Сыдыков, Жапар Жээнбеков, Эсен Тиллебаев, Турдали Кудайбердиев, Ысман Маразаков, Ысак Жумабеков, Бозон Мамасалиев, Талант Моңолбаев, Жапаркул Ташиев, Мамырайым Дубанаев, Абибилла Пазылов, Бүажар Калматова жана башка калеми курч журналисттер окурмандардын эсинде калган, таланттуу жетекчилерибиз менен сыймыктансак болот. Ал эми учурда иштеп жаткан мыкты журналисттерибиз менен кааналарына кирип таанышып чыгабыз.
Сезимай Эркинова, №101-К. Момбекова атындагы орто мектебинин окуучусу:
— Ар бир кесип ардактуу, анан тарыхты билген келечекти чечет демекчи, балким башыңыздан көп окуялар өткөндүр, келечекте журналист болом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Албетте, окуялар көп болот да. Баары эсиңде калат. Убакыттан уттурбай окугула, терең билим алгыла. Журналисттердин өмүр баяндары, жетишкен ийгиликтери менен таанышып тургула. Ким журналист болом десе көп-көп окусун, «Коркок болсоң баштаба, баштадыңбы коркпо» деген журналисттердин принцибин кармаш керек.
![Саякат-сабак "Ош жаңырыгында"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/7fe22473-3582-4b44-9ca3-519284d0b202-768x1024.jpg)
Анасова Даткайым, №82 А. Эшматов атындагы орто мектебинин окуучусу:
— Канча жашыңыздан гезит менен байланышкансыз?
— Мектепте окуган мезгилимде «Байчече- кей» деген журналга, «Кыргызстан пионери» гезиттерине макалаларымды жиберип, жарык көргөндө абдан кубанчумун. Силерде чоң мүмкүнчүлүк бар экен. «Билим нуру» мугалимдердин жана окуучулардын гезити менен такай байланышып турсаңар, кийин өмүр бою пайдасы тиет.
Анара Апсатарова, № 82 А.Эшматов атындагы орто мектебинин окуучусу:
— Эң жакшы көргөн акыныңыз ким?
— Албетте, силер деле чыгармаларын сүйүп окуган акыныбыз Алыкул Осмонов. Анын чыгармаларын жатка билебиз.
Андан соң саякат-сабак уланып, Чалова Жасмина (5-кл.), Маматалиева Рахат (7- кл.), Токторова Аяна (7-кл.) жана башка окуучулар 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнүнө, журналисттердин кесиптик күнүнө карата жаттап келишкен акындардын чыгармаларын көркөм окуп беришап, жолугушуу абдан кызыктуу өтүп жатты. Аңгыча башкы редактор Асанбек Каракозуев келип, жолугушуубуз кызыктуу уланды. Окуучулар, башкы редакторго бир топ суроолорду беришти.
Башкы редактор алгач эле окуучуларга “Келечекте ким болгуңар келет?”деген суроо узатты. Окуучулар: — Актриса, диктор, дарыгер, журналист, мугалим жана башка кесиптерди атап жооп беришти.
![Саякат-сабак "Ош жаңырыгында"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/5d4580de-d58c-4958-af45-bc74a9a1e13d-768x1024.jpg)
Асанбек Каракозуев “Мен дагы силерге суроо бергим келип турат. Жасалма интеллект дегенди билесиңерби? Мен силерге кеңеш бергим келет. Келечекте ким болсоңор деле азыр технология өнүккөн заман. Бүгүн барып эле искусстволук инттеллект дегенди казып окугула. Келечекте ким болсоңор деле технология өнүккөн заманда искусстволук интеллекттен да билимдүү адам болушуңар керек. Анткени, искусстволук интеллектке “Мага бул сүрөттү тартып берчи десем, мисалы, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн компьютерде эле заматта тартып коёт. Мына бул темада макала жазып берчи десе текст даяр болот. Же айдоочу жок унаа айдайт, дагы башка толгон токой иштер бүткөрүлөт. Биз ушундай заманга жетип келдик. Мындай заманда акылдуулар, иш билермандар гана өз ордуларын таап, иштеп кетишет. Биз андай инсандардын катарында болушубуз үчүн эмне кылуубуз керек?»
Окуучулар чогуу: «Мыкты окушубуз керек”, — деп жооп беришти. Мындан кийин окуучулар «Ош жаңырыгы” редакциясынын кабарчыларынын иш бөлмөлөрүндө болуп, берген суроолоруна жооп алышты. Саякат-сабак гүлдөп, өсүп жаткан Ош шаарынын кооз жерлеринде, Ак-Буура дарыясынын боюнда да өткөрүлүп, окуучулар эс алышып, өздөрү жазган чыгармаларын көркөм окушуп, кубанычта кайтышты.
Анара Орозбаева, Кара-Суу райондук БЧБнын “Поэзия” ийриминин жетекчиси, “Билим нуру” гезитинин редактору