![Бүгүн «Оштогу мозаикалар» даректүү тасмасы көрсөтүлөт Бүгүн «Оштогу мозаикалар» даректүү тасмасы көрсөтүлөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/11/oshtogumozajkalar_29_noja2023.png)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн боорунда тартылган мозаикалар тууралуу «Оштогу мозаикалар» деп аталган даректүү тасма тартылды. Ал Ош шаарындагы совет доорундагы мозаикалары тууралуу баяндайт. Бул тууралуу Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тасма 2023-жылы жүргүзүлгөн атайын изилдөөнүн негизинде тартылган жана анда шаардагы мозаикалардын авторлорунан, сүрөтчүлөрдүн баяндамаларынан жана архивдеги маалымат булактарынан алынган материалдар камтылган.
“Учурда Ош шаарынын бир дагы мозаикасы мамлекет тарабынан коргоого алынган маданий мурас объектилеринин тизмесине кирген эмес. Алар кейиштүү абалда, талкаланууга дуушар болуп жатат, жарнамалык баннерлердин фонунда жоголуп кеткен, мамлекет тарабынан мозаикаларды калыбына келтирүүгө жана коргоого эч кандай чара колдонулбай жатат”,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаар мозаикалары – уникалдуу маданий мурас, совет бийлиги убагындагы адамдардын турмушун, алардын идеалдарын, ой жүгүртүүсүн чагылдырган тарыхый эстеликтер экени кошумчаланат.
Бул тасма «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен тартылган. Ал шаардагы «Семетей» кинотеатрында 29-ноябрь, саат 15:00 коюлат. Кирүү акысыз.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]