![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт" Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/5c82b7a7-b618-49db-8416-660df7996ea2.jpg)
«Жолу оңдун иши оң» демекчи, өлкөдө жол көйгөйүн чечүү үчүн жакшы саамалыктар алынып барылууда. Дегенибиздей, кан жолго кам көргөн жолчулардын эмгегинин оордугун баарыбыз эле билебиз. Узун жолдун учугун улап асфальт төшөп, жыртык-тешик жолдорду жамап, жол жээктерин иретке келтирип жүргөн жолчулар, күндүн ысык-суугуна карабай кара терге малынып, кара күч менен кылган кызматын көрүп жүрөбүз. Алдыда кылычын алып кыш да кирип келди. Мындайда жолчулардын жумушу эки эсеге көбөйүп, күн-түн дебей көйгөй жаралган жерлерде жол ачып, жолду калың кардан тазалап, кооптуу жолдорго туз, кум сээп, таң заардан керели кечке иштеп келишет. Биз мына ушуга байланыштуу Алай районуна иш сапар менен барып, анын алкагында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №959 жол тейлөө ишканасына баш бакканбыз. Аталган мекемени бир топ жылдардан бери Ибрагимов Ганыжан Мажитович жетектеп келет. Ганыжан Мажитович борбордогу политехникалык институтунун автоунаа жолдору багытындагы инженер-куруучу адистигине ээ болгон. Өз кесибинин мыктысы, иштин көзүн билген тажрыйбалуу жетекчинин эмгегинин артынан Алайда жол көйгөйлөрү чечилип, бир топ жакшы жумуштар жүз берүүдө. «Чымчык сойсо да, касап сойсун»-демекчи, өз кесибинин чебери катары жол багытындагы алган билимин, бул тармакка арнаган эмгегин эл баалап келүүдө. Көп жылдык эмгеги бааланып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болууга татыган. Биз, Ибрагимов Ганыжан Мажитовичке жолугуп, мындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маектешип кайтканбыз.
![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f5942689-85c3-4335-b66d-5da1e27505d1-1024x682.jpg)
— Ганыжан Мажитович, Сиз жетектеген мекеме жүнүндө азын-оолак айта кетсеңиз?
— Жакшы болот. Биздин мекеме жалпы 312 километр жолду тейлейт. Анын ичинен 113 километр жол эл аралык маанидеги жол. Ал эми 32 километр жол мамлекеттик маанидеги жолдор. Ошондой эле 16 километр жергиликтүү маанидеги жолдор. Биз жолчулар атыбыз айтып тургандай эле жолдогу болгон көйгөйлөр, жол маселесине байланышкан иштердин баарын жасайбыз. Асфальт төшөө иштери да биздин жоопкерчиликте. Жол жээктерин иретке кетирүү, асфальт басууга даярдоо иштери тыкыр алынып барылат. Биздин иште кара жумуш жана адамдын кол күчү менен жасалуучу жумуштар да басымдуулук кылат. Ага удаа эле оор техникалардын күчүнө да муктаж. Техникаларсыз көп иштерибиз бүтпөшү анык. Эскилиги жеткен техникаларды усталарыбыз оңдоп, кайра эле аны ишке сала беребиз. Бүгүнкү күндө кар тазалоочу техникалар кыш мезгилине даяр.
Жакында бир даана жаңы грейдер техникасы берилди. Биздин жумуштун сезону жок, стандарттуу эмес. Күн-түн жол боюнда иш убактыбыз өтөт. Жол тармагын өнүктүрүүгө өз өмүрүн арнаган, кыштын заардуу суугуна, жайдын саратан ысыгына карабай, жол куруп, оңдоп-түздөп жана карап жүргөн жолчулар болобуз.
![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/bc0fca96-250f-4050-b9a2-a8344791b6b8-1024x768.jpg)
— Ганыжан мырза, сиздерге кадр маселеси кандай, жогорку билимдүү адистер барбы?
— Туура суроо бердиңиз. Биз негизи алыскы Алай жергесинде тургандыктан бизде атайын ушул багытта билим алган кадрлар жокко эсе. Мурда бул тармакта иштеген жогорку билимдүү кадрлар көп болгон. Бара-бара турмуш шартка байланыштуу көбү жумуштан чыгып кетишкен. Азыр жогорку билимдүү жаштарды жумушка тартуу аракеттерин көрүүдөбүз. Бизде көп жылдык эмгек стажга ээ жолчулар иштешет. Алардын күч аракеттери менен көп жумуштарыбыз ийгиликтүү аяктап жатат. Былтыркы жылдан бери айлыктарыбыз көтөрүлүп, кызматкерлерибиздин маанайы жакшы.
Жумушка кирем деген дипломдуу жаштар да кайтып келишүүдө. Шакирттерди өстүрүү бул парзыбыз. Учурда 40ка жакын кызматкер иштейт. Кыш мезгилинде иштин кызыкчылыгы, зарылчылыгынан улам келишимдин негизинде жумушчуларды ишке алып турабыз.
![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/830ade39-a454-49f8-b3b1-677a48c0af49.jpg)
— Ганыжан Мажитович айтсаңыз, быйылкы жылы канча чакырымга асфальт төшөө иштери алынып барылды жана ички жолдордо кандай жумуштарды аткардыңыздар?
— Быйыл райондо жалпы 7,4 километр жолго асфальт төшөлдү. Алар Ылай-Талаа-Гүлчө жолунун 2 километр жолуна асфальт төшөдүк. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылына барчу жолду Алай тараптан асфальтталып барып, ашуунун түбүнө чейин асфальт басылып бүттү. Ал жол менен Алайдан Кара-Кулжага көмүр ташып, кээде жашоочулар деле коңшу районго ошол жол менен барган учурлар бар. Ашууну деле асфальттаса болот, бирок, аны мезгил көрсөтөөр. Ошондой эле, Гүлчө–Кабылан-Көл жолунун 2 км, Кичи-Каракол–Ак-Жай–Гежиге жолунун 1 километр жолу, 105 км, ПАД-Бүлөлү жолу, Согонду айылындагы 1,2 километр чакырым жолуна асфальт төшөлдү. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүнүн Дубанаев көчөсүнүн 335 метр жерине асфальт төшөдүк. Ошол эле Гүлчөнүн Камчыбек көчөсүнүн 227 метр жолуна асфальт төшөп бердик. Учурда Гүлчө айыл өкмөтүнүн келишими боюнча Гүлчө айылында 558 метр тротуар куруу иштери аткарылып жатат. Негизинен Алай районунда мурунку жана кийинки жолдорду эсепке алганда, дээрлик 90 пайызы асфальтталып бүткөн. Жолдордун абалы жалпысынан дурус десем болот.
![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4aa3c909-ffb7-4274-9b42-05b51a4de2c2.jpg)
— Алай тоолуу аймак, жаратылышы катаал, кыш келди дегендей, бардык мезгилге даярдыктарыңыздар шай турабы? Деги эле, жыл ичиндеги жол иштеринен айта кетсеңиз?
— Туура айтасыз. Биздин ишкана тейлеген жолдор татаал рельфте жайланышып, жолдор дарыяны бойлото жайгашкандыктан бардык жолдордо сел ташкыны жолдордун чекесин жууп, жолго сел калдыктары түшкөн учурлар көп болуп турат. Аны өз убагында аткарып туруу милдетин жолчулар жон терибиз менен сезип турабыз. Быйыл биздин мекеме кыш мезгилине жүз пайыз даярдык көрүп бүттүк. Кыш мезгилинде жолдорду кардан тазалоо, тайгакка каршы материалдарды чачуу иштерин да туруксуз аба ырайында жасап жатабыз. Азыркы мезгилде тайгакка каршы 2500 тонна кум-шагыл аралашмасы, 200 тонна шлак, 29 тонна туз кампабызга алынып келинди. Жакында эле Чыйырчык ашуусунда жааган карга кум себүү иштерин алып бардык.
![Ганыжан Ибрагимов: "Алайда жолдун токсон пайызы асфальт"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/b4e14ac4-f7d4-4552-820f-3413f2b718fc-1024x682.jpg)
Эл аралык маанидеги Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда, мамлекеттик маанидеги Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунда жана жергиликтүү маанидеги 115 кило- метр ПАД-Аскалы, Сопу-Коргон-Терек, 18 километр ПАД-Будалык унаа жолдоруна сел ташкыны жүрүп, жолго сел калдыктары чыгып, транспорт каттамдары токтоп калган. Ошол жол бетиндеги сел калдыктарын өз убагында тазалап, кюветтер калыбына келтирилип, транспорт каттамын ачып бердик. Ош–Сары–Таш-Эркештам, Гүлчө–Кабылан-Көл, Гүлчө–Кызыл-Суу унаа жолдоруна жер көчкүлөр жүрүп, өз убагында тазаланып, унаа каттамдары үзгүлтүккө учурабады. Ал эми Ылай-Талаа–Гүлчө, 85 километр ПАД-Будалык унаа жолдорундагы жолдун чекелерин жууп жаткан дарыядагы суунун нугун түздөдүк, азыр селдин агымы жолдон четтетилди. Ош–Сары-Таш–Эркештам унаа жолуна бийик калдыктар кулап түшкөндө, андагы топурактар тазаланып, жолду кеңейттик. Бизде мындай жумуштар төрт мезгилде тең жүргүзүлө берет. Күнүмдүк оңдоо, жайкы кароо жумуштары, жол чекесиндеги парапеттерди, жол белгилерин, курулмаларды актоо, сырдоо иштерин, жетишпеген жол белгилерин орнотуу, асфальттын чуңкур жерлерин жамоо сыяктуу иштерди өз убагында аткарып келебиз. Ар бир ишибиз сапаттуу жасалып, кызматыбыз калкыбызга арналып келүүдө. Кошумчалай кетсем, бизге келип, биздин оор да, жооптуу да жумушубуздан кабар алып, аны калкка маалымдоо үчүн келгениңиздер үчүн сиздердин редакцияга ыраазычылык билдирем. Эмгегиң бааланып турса, андан мотивация алып иштей беребиз да. Ошондой эле «Ош жаңырыгы» гезитинин 85 жылдык юбилейи менен куттуктайм. Жакшылыктын жарчысы болгон облустук гезиттин чыгармачыл тобуна ийгиликтерди каалайбыз.
Маектешкен: Н.ӨМҮРЗАКОВА