![Кара-Сууда митинг: соодагерлер салык саясатына эмнеге нааразы? Кара-Сууда митинг: соодагерлер салык саясатына эмнеге нааразы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/d200e53a-3c96-4185-97fe-d3045bd52ea2.jpg)
Кара-Суу базарындагы 300дөн ашык соодагер 29-ноябрда мамлекеттин салык саясатына нааразы болуп пикетке чыкты. Тагыраагы, алар жыл жаңырганда ишке кире турган көзөмөл-кассалык аппаратын иштетүүгө жана электрондук эсеп-фактура толтурууга каршы экендиктерин айтышты. Анткени эсеп-фактураны товар алган жердеги ишкерлер бербей, ортодо кыйналып жатышкандыктарын айтышат. Ошондуктан салык төлөөнүн патент системасы менен иштешибиз керек деген талаптарын коюшту.
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулгандар менен район акими Жакыпбек Субагожоев чыгып жолукканда, ишкерлер буга чейин салык маселесине байланыштуу ачык пикирлерин басымдан улам билдире албай, үнү бийликке жетпей келгенин айтышты. Өз кезегинде аким алардын талаптарын жогору жактагыларга жеткире тургандыгын билдирди.
Райондун башкы салыкчысы эмне дейт?
![Кара-Сууда митинг: соодагерлер салык саясатына эмнеге нааразы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/ac93f819-355f-455f-9b6a-18765b2db07a-1024x576.jpg)
Нааразычылык акциясынан кийин Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Жанарбек Жусубалиев комментарий берди. Ал жаңы эрежеге ылайык, ишкерлер соодасына жараша гана салык төлөрүн, ККМ колдонулбай турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, маселен соода жүгүртүүсү 4 миллион сомго чейинкилер жылына 18 миң сом салык төлөйт. Ал эми эсеп-фактура жазылышы керектигин белгиледи:
“Эсеп-фактура жазыш керек. Анткени сатылып жаткан товар кайдан келгенин, уурдалбаганын, контрабанда эмес экенин көргөзүшү керек да. Бул Кыргызстандагы бардык соода-сатык менен алектенген ишкерлерге коюлган талап. Бул бир эле Дордойго же Кара-Сууга эле тиешелүү эмес”, — деди Жусубалиев.
ККМ колдонуудан кимдер бошотулду?
Кара-Суудагы нааразычылык акциясынан кийин Мамлекеттик салык кызматы маалымат таратып, Бишкектеги «Дордой» жана Оштогу «Тураталы» базарларында иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотула турганын жарыялады.
![Кара-Сууда митинг: соодагерлер салык саясатына эмнеге нааразы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/kkm-onlajn.jpg)
Ал маалыматка караганда, салык мыйзамдары боюнча Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режимименен иштей алат. Ошентип стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Кара-Суу базарлары кирээри белгиленди. Аталган базарлар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.
«ККМ колдонууга каршы чыккан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар соодасын улантып жатышат», — деп айтылат Салык кызматынын маалыматында.
Ал арада эсеп-фактура боюнча Кара-Суу районунун башкы салыкчысы айткан маалымат менен Мамлекеттик салык кызматынын тараткан маалыматында эки ача пикир жаралды.
Салыктагы талаш жараткан үч маселе
Учурда салык саясатына нааразы болгондорду үч негизги маселе ойлондуруп жатат. Алар: көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ).
Биринчиси – ККМ. Бул – товар сатуужана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. Анын жардамы менен акы катары алынган акча саналып, кардарга товар сатып алганын же кызмат колдонгонун ырастаган QR коду бар чек берилет. Ал 2021-жылдын 1-июлунан тартып толук ишке киргизилген.
Экинчиси – электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – ЭТТК. Бул – товарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн керектеле турган документ. Мында жүктү жөнөтүүчү, алуучу жана ташуучунун дайын-дареги, товардын аталышы, көлөмү, баасы жана башка нерселери жазылат. Ал биринчи кезекте коммерциялык компаниялардын өздөрүнө керек. Аны менен эсеп-кысап жүргүзүшөт, ошол эле маалда бажы, салык же башка органдарга көрсөтүү үчүн да талап кылынат. 2023-жылдан баштап ишкерлер үчүн кагаз документтердин ордуна электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТН) да милдеттүү боло баштаган.
Үчүнчүсү – электрондук эсеп-фактура (счёт-фактура). Бул – кошумча нарк салыгын (КНС) эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. Сатып алуучу андан сатуучу тараптын аталышын, реквизити, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн тизмеси, алардын баасы, акысы, пайыздары жана кошумча нарк салыгы тууралуу маалыматты ала алат. Бул документ товар өндүрүүчү менен товарды дүң сатып алуучунун, же товарды дүң сатуучу фирма менен товарды чекене сатып алуучу фирманын ортосунда жүргүзүлөт. Башкача айтканда, катардагы сатып алуучу, жеке адам үчүн анын тиешеси жок.
Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Соодагерлер ушуга нааразы. Бирок Салык кызматы «Дордой» жана «Тураталы» базарларында иштеген соодагерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотуу сыяктуу ишкерлерге башка шарт түзүү жолдорун издеп жатат.
Ишкерлерден алынуучу салыктын баасы кандай?
Салык кызматынын маалыматы боюнча ишкерлерден алынчу салыктын баасы төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
1) лотоктордо, күркөлөрдө, чатырларда, көчмө арабаларда, бастырмаларда 4 млн. сомго чейин соода кылгандарга –жылына 18 миң сом же айына 1,5 миң сом;
2) 8 млн. сомго чейин – жылына 42 миң сом же айына 3,5 миң сом;
3) 8 млн. сомдон 15 млн. сомго чейин –жылына 96 миң сом же айына 8 миң сом;
4) 15 млн. сомдон 22 млн. сомго чейин –жылына 168 миң сом же айына 14 миң сом;
5) 22 млн. сомдон 30 млн. сомго чейин –жылына 252 миң сом же айына 21 миң сом;
6) 30 млн. сомдон 50 млн. сомго чейин –жылына 360 миң сом же айына 30 миң сом;
7) 50 млн. сомдон 100 млн. сомго чейин – жылына 500 миң сом же айына 41,6 миң сом;
8) 100 млн. сомдон 150 млн. сомго чейин – жылына 800 миң сом же айына 66,6 миң сом;
9) 150 млн. сомдон 200 млн. сомго чейин – жылына 900 миң сом же айына 75 миң сом;
10) 200 миллион сом жана андан көп суммадагы соода кылгандар – жылына 1 млн. сом же айына 83,3 миң сомдон салык төлөөгө тийиш.
Асанбек Каракозуев