Билим берүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды жана ал тармакта системалуу өзгөрүүлөрдү талап кылат.Азыр мектепте да, жогорку окуу жайларында да толгон-токой маселелер бар. Албетте, популисттик көз карашта кээ бир маселелерди өзүбүз жаратып да (артык кылам деп, тыртык кылып) келе жатабыз. Эски элементтерди тегиз жок кылсак эле баары жакшы болот дегендер да арбын. Жүз жылдык социалдык-экономикалык жактан оң өнүгүү тарыхы бар Америка менен Европанын билим берүү системасына 3-4 жылда жетип барабыз дегендер да жок эмес.
Бул сапар жогорку билим берүүдөгү системалуу өзгөрүүлөргө эмес, мына ушундай абалдан улам андагы үстүнөн анча байкалбаган айрым “төмөнкү” маселелерге токтолуп, чечүү жагын сунуштап өтүүнү туура көрдүм.
Биринчи маселе: албетте, жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жөнүндө. Ал билим берүүдөгү олуттуу өзгөрүүнүн себеби боло алды десем болот. ЖОЖдордо кабыл алуу кампаниясында коррупциялык көрүнүштөрдү толук жоюп, татыктуу улан-кыздарды кабыл алууга шарт түздү. Негизги максат ушул болчу.
Бирок бул аракет да идеалдуу боло алды деп айта албайм. Биринчиден, практика көрсөткөндөй, биз азырга чейин мектепте билимди салттуу методика менен окутабыз, ЖРТ башка методика (айрыкча логикалык ой-жүгүртүүгө көңүл буруу) менен билимди текшерип жатат. Менин байкоомдо, мектепте эң жакшы окугандардын көбү (атайын даярдыктан өтпөй) жакшы көрсөткүчтөргө жете алышпай келет. Атайын курстардан өткөндөр гана жогорку баллдарга ээ болууда. Экинчиден, ЖРТ системасы ЖОЖдордо кабыл алууда коррупциялык схеманы жоюп, айрым адамдарды “кошумча” кирешеден айрылтканы менен ата-энелердин чыгымын азайтпастан, тескерисинче, алда канча көбөйттү. Мисалы, баланы ЖОЖго даярдоо үчүн ата-энелер ар кандай окуу борборлоруна бир жылда кеминде 60-100 миң сарптап келишет. Дагы деле баягы байкуш ата-энеге күч, түйшүк. Ал эми мындай акчасы жоктор тагдырына там берип, балдарын “бир боор энеңди тап” деп, Россияга жөнөтүп отурушат.
Ал эми ЖРТга катышпай же босого баллына жетпей калган улан-кыздар кайда? Алардын 50%дан ашыгы эмгек мигранты макамын алып, ар өлкөлөргө чыгып кетип жатат. Улуттун алтын фондун түзгөн мындай жаштарыбызды Мекенден сырткары айдоо максатпы? Ал эми чет жерде бардар (жеткиликтүү) жашап калганынын көбү өз жерине кайра кайтып келерине ким кепилдик берет? Калган бөлүгү башка өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна (айрыкча Россияга) тапшырып жатышат. Болгондо да бюджеттик орундарга, жатакана менен камсыздоо менен деп, миңдеген улан-кыздарыбызды азгырып-чакырып кетип жатат. Алар өз жеринде билим алса болот беле? Чет жерде университеттерди бүткөндүрдүн көбү кайра келишке ойлору жок. Биз Европага теңелебиз деп, каргага окшобой, сапат-сапат деп калп эле кыйкырбай, биринчиден, жаш муундун, элдин келечегин ойлойлу, демографиялык бакубаттуулукту (бул түшүнгөндөр үчүн өзүнчө чоң, аярлуу маселе) эске алалы. Жаштарды өз мекенибизде калтыруу саясатын колдойлу!
Азыркы мезгилде университеттерди миграция процессине каршы кармоочу жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылуучу фактор катары карашыбыз зарыл. Биз кеп кылып жаткан балдар убагында тигил же бул ЖОЖдо окуп калса, өз жеринде кармалат, алаксыйт. Ошондой эле алган билимине, жөндөмүнө ылайык иш орун табууга же түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мына ушундан улам жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын тармактык принципте дифференциациялоону көптөн бери сунуштап келем. Босого балл адистиктер үчүн ар түрдүү болушу керек. Бирдей босого балл болгондугуна байланыштуу кээ бир багыттар, мисалы, педагогикалык жана техникалык адистиктер жылда толбой калууда. Азыр техникалык жана педагогикалык адистиктерди (тилдерге байланышпаган багыттарда) биртке бюджеттик орундар эле кармап турбаса (алар да жылда толбой жатат), келишимдик негизде “күчкө салып” таап келген 5-6 студент гана окуп калды.
Ошондуктан босого баллдын төмөндөн жогору карай градациясы мындай багытта кетиши керек: техникалык, педагогикалык, экономикалык, юридикалык жана медициналык адистиктер. Бул эл чарбасы үчүн керектүү болгон ар бир адистикти сактап калууга шарт түзөт. Жакшы кабыл алуу болбогон, бирок аймак үчүн, тармак үчүн, эл үчүн, эл чарбасы үчүн маанилүү кээ бир адистиктерге ЖРТнын баллын 50гө түшүрүп кабыл алуу талапка ылайык. ЖРТнын босого баллын жогорулатуу стратегиялык катачылыкка алып келет.
Экинчи маселе: элдеги стереотиптин өзгөрүшү, социалдык реалдуулук жөнүндө.
Жылдар өтүү менен рынок, рыноктук мамилелер элдин аң-сезимине өзгөрүүлөрдү киргизип (той өткөрүүдөн башкасына), жашоодогу эсепчилдикке, каржылык үнөмдүүлүккө, пайда-зыянды аңдоого үйрөтүп жатат. “Менин балам эл катары жогорку билимдүү болуш керек” деген илгерки түшүнүк эми жоголду. Акыркы жылдар көрсөткөндөй, эми ЖОЖдорго тапшырууда мурункудай ажиотаж жок. Медфактар да, юрфактар да толбой калды. Өзбекстандан келген агым “сактоочу фактор” болуп келди эле, эми ал да толук токтоду. Быйыл, мисалы, 1-турдагы кабыл алууда айрым университеттер болгону 25-30 абитуриентти араң алышты. Бактыга жараша, Россиядан мобилизациядан корккон бир аз агым кошумча болду. Мындай тенденция жакынкы арада университеттерде студенттердин санынын кескин азайышына гана эмес, айрым социалдык маанилүү адистиктер боюнча кадрлардын жетишпестигине алып келет. Ансыз да көп адистиктер боюнча араң бир тайпа (же тайпача) куралып, айлык алып туралы деп, окутуучулар студенттин бар эле болуп турганын “4” жана “5” менен баалап калышты.
Үчүнчү маселе: былтыркы жылдан башталган кышкы кабыл алуу жөнүндө. Эгер ЖОЖдорго ички жана сырткы (мисалы, Өзбекстандан) суроо-талап күчтүү болуп турса бул иш-аракет туура болмок.
“Казанда болсо, чөмүчкө чыгат” дегендей, кардар-абитуриент жайында болбой жатса, кышкысын кайдан чыксын? Кышкы кабыл алуу көп багыттар боюнча кичи (толбогон же “карлик”) тайпалардын пайда болушуна алып келет. Демографиялык абалды да талдоо зарыл, анан да жайында өтпөй калгандын көбү эмгек мигранты болуп, кышты күтпөй, сыртка чыгып кетип жатпайбы! Ошондуктан окуу процессиндеги салтты бузбай эле кышкы кабыл алууну токтотуу (магистратура жана докторантурадан тышкары) максатка ылайык.
Төртүнчү маселе: ЖОЖдордогу аккредитациялоо жөнүндө. Бул да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, кээ бир агенттиктер айрым ЖОЖдорду (ич ара сүйлөшүп алгандай) менчиктеп алгандай, тендерден уттук деп, жылда эле бир агенттик келе берет… Ошондой эле аккредитациянын мөөнөтүн 5 жылдан 8 жылга узартуу боюнча сунушубуз бар. 5 жыл (шарттуу болгон учурда 4 жыл) кыска убакыт болуп, окутуучулардын түз милдетин аткарбай эле, документ, кагаз менен эле алектенип отурушуна алып келип жатат. Сабактын сапаты жок болду. Анан миллиондогон акчалар жөндөн жөн эле агенттиктерге кетип жатат. Адабияттардын акыркы 5 жылдагысын эсепке алуу талабын табигый жана техникалык илимдер үчүн 10 жылга узартса жакшы болот. Илимдин бул тармактарында 5 жылда анчалык деле чоң өзгөрүү болбойт, анын үстүнө ар бир 5 жылда жаңы окуу эмгектерин жаза берүү реалдуу эмес.
Акырында айтарым, Болон системасын өздөштүрүү – эволюциялык жол менен өтүүчү процесс. Мындагы окутуучуну тандоо иш-аракетин жайылтуу максатка ылайык деп эсептейм. Азыр анча туура эмес деп жатышканы менен бул “шылуун” же өз предметин жакшы билбеген, кокустан “базардан” келип калган окутуучулардан (андайлар көп) арылтат. Бирок, тайпаларды, курстарды жоюп, жалпы аралаш агымдарды түзүүгө ашыгуу али эрте деп эсептейм. Ага биздин жашоо-турмушубуз, социалдык абалыбыз, анан шаарлардагы транспорттук инфраструктурабыз туура келеби? Тандоонун негизинде шаарлардын ар жеринде жайгашкан окуу корпустарына студент, окутуучу каттап жүрө алабы? Анткени, биздин университеттер кампустук системада жайгашкан эмес, жолдорубузда коомдук транспорт, велосипед, самокат ж.б. жүрө турган өзүнчө линиялар жок. Бул жаатта абайлап иш алып барсак жакшы болчудай.
Абдурашит Низамиев, ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., профессор