![Ошто өткөн эко-акыл ордо сынагында Баткенден келген команда жеңишке жетти Ошто өткөн эко-акыл ордо сынагында Баткенден келген команда жеңишке жетти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4ba8e02f-80a5-4496-b937-629ed4ca2176.jpeg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Ош, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан тандалып алынган 5 мектептин окуучуларынын арасында “Жаркын келечектин экологдору” аталышындагы эко-акыл ордо сынагы жыйынтыкталды. Буга чейин аталган сынактын тандоо баскычы – Баткен облусунун Кадамжай райондук мектеп лицейинде, Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Сыдык Алайчы уулу, Шабы Жумаев, Кумар Момбеков атындагы орто мектептеринде жана Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.
Финалга чыккан аталган мектептердин 10-класстарынын окуучулары, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде 3 бөлүк менен таймаш өткөрүштү. Алар саламдашуудан тартып, kahoot тиркемесинин жардамындагы капитандардын сынагына чейин катышып, тийиштүү суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында Кадамжай райондук мектеп лицейинин окуучулары 1-орунду, К.Момбекова атындагы орто мектебинин окуучулары 2-орунду, ал эми Ш.Жумаев атындагы орто мектебинин окуучулары 3-орунду ээлешти. Командаларга дипломдор, ыраазычылык каттар, экобаштыктар жана кызыктуу китептер тапшырылды.
Иш-чаранын максаты – окуучуларды экологиялык маданиятка тарбиялоо менен бирге интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, эко-акыл ордо аркылуу экологиялык жаңы билимдерди жайылтуу болду.
Кошумчалай кетсек, аталган иш-чараны NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк филиалынын “Экологиялык билим берүү” тобу уюштурду. Аталган уюм жаратылышты жана андагы жапайы жан-жаныбарларды, айрыкча ак илбирсти коргоо менен алектенет. Анын алкагында бала бакчадан тартып, мектеп окуучуларына, ЖОЖдордун студенттерине жана жергиликтүү тургундарга чейин жаратылышка аяр мамиле кылууну пропагандалап, аларга экологиялык билим берет.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]