![Кылычын алып кыш келет: Кара-Сууда кышка даярдык кандай? Кылычын алып кыш келет: Кара-Сууда кышка даярдык кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/01914715-3acf-4788-930e-285e31c93db8.png)
Босогобузда эртең, же бүрсүгүнү кирип келүүгө камданып, борошолуу кыш кылычын жалаңдатып, “өтүгү жокко өзүм барам” деп турат. Өткөн жылда болгон суук кышка даярдыгы начар мекеме-уюмдарды, калкты да жүдөтүп койгондугу баарыбыздын эсибизде. Андан жыйынтык чыгара алганбызбы? Быйыл аймактар кыш сыноосуна карата кандай даярдык менен келди? Биздин кабарчыбыз жакында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоевге жолугуп, аны менен ушул багытта маектешип кайткан.
![Кылычын алып кыш келет: Кара-Сууда кышка даярдык кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/66575544-35fe-4b77-889a-23a41a3a252f.jpg)
— Жакыпбек Мойдунович, сөздү Ка-ра-Суу районунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде кабыл алынган экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдоо жөнүндөгү №220 токтомун жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №52-73 буйругун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар тууралуу баштасак?
— 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине даярдоо максатында райондук мамлекеттик администрациясы июнь айында атайын буйрук чыгарып, бул багытта райондук штаб түзүлгөн. Ага ачык-айкын иш-чаралар бекитилип, ал тиешелүү мекеме –ишканаларга жана айылдык аймактарга жеткирилип, аткарууга алынган.
Бул маселе боюнча райондук акимчиликте тиешелүү мекеме-уюмдардын, айыл өкмөттөрдүн башчыларынын катышуусу менен 4 жолу кеңейтилген жыйын өткөрүлүп, анда кышка карата даярдык маселеси талкууга алынган. Анын жүрүшүндө керектүү сандагы көмүр тартуу, райондун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелериндеги 76, саламаттыкты сактоо тармагындагы 7 от казанды оңдоп-түзөө, калктын аялуу катмарына арзан баада көмүр сатуу боюнча тапшырма берилген.Азыркы учурда бул багыттагы жумуштар аягына чыгып калды.
— Эреже боюнча көмүрдү жеткирип берүүчү тарап үчүн тендер жарыяланып, андан кийин келишимдер түзүлөт эмеспи. Бул жагдайдан алганда кандай иш-аракеттер жүргүзүлдү?
— Албетте, мыйзам талабы ошондой. Райондогу 16 өкмөттөрдө жана 1 шаарда, райондун аймагында жайгашкан медициналык мекемелерде да көмүрдү жеткирип берүү боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин гана алар менен тиешелүү келишимдер түзүлгөн.
— Түзүлгөн келишимдердин суммасына токтоло өтсөңүз?
— Кышка жете турган көмүр даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин эсебинен 41 млн. 987, 4 миң сом каражаты каралып, анын 41 млн. 234,7 миң сомго келишимдер түзүлдү. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен 11 млн. 928,4 миң сомго келишимдер түзүлгөн.
— Кышка карата көмүрдүн канча тоннасы түшүрүлдү?
— Быйылкы жылы район боюнча 56 667 тонна көмүр даярдоо пландалган болсо, анын ичинен калкка 46 020 тонна шарттуу отун пландаштырылып, 41 990 тонна көмүр түшүрүлүп, 91,2 пайызга аткарылды. Билим берүү тармагына 8 277 көмүр ташуу пландалса, бүгүнкү күнгө карата 7 885 тонна көмүр түшүрүлгөн, же план 95 пайызга аткарылган. Медициналык мекемелерге 1008 тонна көмүр тартуу пландалса, бүгүнкү күнгө 1599 тонна көмүр түшүрүлгөн, же план 88,8 пайызга аткарылган. Маданият тармагына керектелүүчү 67 тонна көмүр толук ташылып алынып, анын планы 100 пайызга аткарылган. “Ош жылуулук борбору” ишканасынын Кара-Суу районундагы филиалы 550 тонна көмүр түшүрүү пландалса, анын 464 тоннасы түшүрүлгөн. Калган көмүр жакын аралыкта ташылып келинет.
![Кылычын алып кыш келет: Кара-Сууда кышка даярдык кандай?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f969d5b2-6f17-4cc7-8cdc-c9d03c618de9-1.jpg)
— Калкка көмүр сатуу маселеси кандай жол менен ишке ашып жатат? Анын наркы көзөмөлгө алынганбы?
— Райондун аймагында бүгүнкү күндө 40 жерде калкка көмүр сатуу уюштурулуп, 1 тонна көмүрдүн орточо баасы 6000-7300 сомдун айланасында болуп жатат. Бааларга көзөмөл коюлуп, текшерилип турулат.
— Райондун аймагында жашаган калктын аялуу катмарын арзаныраак баадагы көмүр менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу айта өтсөңүз?
— Бул багытта Кызыл-Суу, Төлөйкөн жана Папан айыл өкмөттөрүнүн аймактарында чыккан көмүр кендерин иштетип жаткан “Маgiс Соlоrs”, “Ак –Жылга”, “Кожо-Келен-Ата” “Жол Чырак,” “Омега Уголь”, “Субанов” жоопкерчилиги чектелген коомдору менен макулдашуулар жүргүзүлгөн. Анын негизинде 19 жерге көмүр түшүрүүчү жайлар даярдалып, азыркы учурда Катта-Талдык айыл өкмөтүнө 28, Жоош айыл өкмөтүнө 30, Нариман айыл өкмөтүнө100, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө 60, Ак-Таш айыл өкмөтүнө 38, Шарк айыл өкмөтүнө 70 тонна көмүр түшүрүлүп, анын килограммы 5 сомдон сатылып жатат.
— Кыш мезгили энергетиктер үчүн да чоң сыноо. Бул жагдайдан алганда райондук электр тармагы тарабынан көрүлгөн даярдык тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
— Райондук электр тармагы 2023-2024-жылдарга күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүү максатында алдын ала утурумдук жана капиталдык оңдоолорду жүргүздү. Тактап айтсак, 2023-жылдын 9 айында трансформатордук подстанция, трансформатордук подстанция комплексин кезектеги ремонттоо план боюнча 539 даана белгиленген болсо, анын баары иш жүзүнө ашты.
Жогорку 6-10 кВ чыңалуудагы аба чубалгысы (линия) боюнча 587,9 км аба чубалгысы утурумдук оңдоодон өтүп, план 100,8 пайызга аткарылды. Төмөнкү 0,4 кВ чыңалуудагы 533,5 км аба чубалгысы утурумдук оңдоодон өтүп, план 100 пайызга аткарылды. Мындан тышкары жогорудагы капиталдык жана кезектеги оңдоо учурунда 6-10 жана 0,4 кВ аба чубалгыларынын алдында отургузулган дарактарды бутоо жана кыркуу иштери жүргүзүлдү.
— Биз билгенден өткөн жылы ашыкча жүк менен иштеген көмөкчү чордондорго күч келип, энергетиктер кошумча түйшүккө кабылган болчу?
— Туура айтасыз, ошондой учурлар да болгон. Бирок, бул жерде белгилеп өтүүчү жагдай, кийинки жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечкиндүү аракети менен мамлекетибиз улам бутуна турган сайын энергетика тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, электр жабдууларын сапаттуу капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Алсак,
2023-жылдын 9 айында райондун аймагындагы, трансформатордук подстанция комплексин капиталдык ремонттон өткөрүү план боюнча 121 даана белгиленген болсо, анын баары иш жүзүнө ашып, план 100 %га аткарылды. Бул мезгилдин аралыгында 11 даана кошумча көмөкчү чордондор орнотулду. Сиздер айткан ашыкча жүк менен иштеген 7 көмөкчү чордон кубаттуулугу жогору көмөкчү чордондорго алмаштырылды. 2023-жылдын 9 айынын аралыгында Мады, Ак-Таш, Кашкар-Кыштак,Нариман, Сарай айыл өкмөттөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн карамагындагы 36 даана көмөкчү чордондор ишкананын карамагына өткөрүлгөн.
— Райондогу электр энергиясына болгон төлөмдөр жана дебитордук карызды азайтуу тууралуу маалыматтарды кошумчалай өтсөңүз?
— Бүгүнкү күндө райондо электр энергиясын пайдалангандардын саны 68 008 абонентке жетти. Анын ичинен калк эмес керектөөчүлөр (коммерциялык) саны 4010, ал эми калк керектөөчүлөрү 63 998. 2022-жылдын 9 айында электр энергиясына болгон төлөмдөр 292 млн. 840 миң сом жыйналган болсо, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 367 млн. 666 миң сом жыйналып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 74 млн. 876 миң сомго көп жыйналган.
2023-жылга карата дебитордук карыз 28 млн. 370 миң сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 25 млн. 337 миң сом болуп, 3 млн.32 миң сомго азайган.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков