![Ош: этиясыздыктан улам өзүн атып алганы айтылган жоокердин денеси Жалал-Абадга жиберилди Ош: этиясыздыктан улам өзүн атып алганы айтылган жоокердин денеси Жалал-Абадга жиберилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/408520574_291129087252242_6645792407173065078_n.jpg)
Сүрөт: «Т-Медиа»
Чек ара кызматынын Оштогу бөлүмүндө аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер этиясыздыктан улам өзүн атып алганы айтылууда. 18-жаштагы Э. Р. АК-47 үлгүсүндөгү курал менен этиясыздыктан улам өзүн атып алганы боюнча Чек ара кызматынын басма сөз кызматы айрым ММКларга билдирген.
Маркумдун сөөгү Жалал-Абадга жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Ал 2005-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган, 6 бир туугандын үчүнчүсү болгон.
Бул окуя боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин баштаган.