КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүЭльчибек Джантаев облустагы аткарылып жаткан иштержана алдыдагы пландар боюнча маалымат берди. Анда өндүрүштүк көрсөткүчтөрдөн тартып, социалдык обьекттер,административдик-аймактык реформа, таза суу, жол маселелери сыяктуу дээрлик бардык тармактар боюнча айтыпөттү. Э.Джантаев Ош облсунун Чоң-Алай районуна сметалык баасы 700 млн. долларлык заводдун курулушуна өзгөчөтоктолду.
Өндүрүштүк көрсөткүч
8 ай башта Ош облусуна жетекчи болуп келген Эльчибек Джантаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, облустагы аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгын айтып берди. Алгач ал сөзүн акыркы он ай ичинде облустагы өнөр жай продукциясынын көрсөткүчү менен баштады.
“Өнөр жай тармагы боюнча 2023-жылдын 10 айынын ичинде 14,2 млрд сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык индекстин көлөмү 109,8 пайызды түздү. Бул жерден ачык айтыш керек, бул көрсөткүч жалпы республикалык көлөмдүн канча пайызын түзөт деген суроо жаралат. Андай эсептегенде болгону 3,8%ды түзүп атат.
Биздин облусубуз абдан чоң. 1,5 млн. эл ушул биздин облусубузда турат. Бирок, өнөр жайдын көлөмүн карасаңыздар, уяла турган нерсе. Ушуну көтөрө тургандай шарттарыбыз бар жана иштеп аткан мөөнөтүбүздө муну көтөрүүгө аракет кылдык. Тактап айтканда, былтыркы ушул мезгилге салыштырып карасак, анда бул көрсөткүч 3,3 пайыз болчу”,- деди Э.Джантаев.
Ал кошумчалагандай, мурунку жылга салыштырганда көрсөткүчтүн жогорулашы – облустагы өнөр жай тармагында иштеген 54 ишкана ачылганына байланыштуу болгон. Бул ишканаларда миңден ашуун адам жумуш менен камсыз болушкан. Бирок, буга алымсынбаш керектигин айткан облус жетекчиси – алдыда аткарыла турган пландарында, республикалык көрсөткүчтү 20 пайызга чейин көтөрүү зарылчылыгы турганын белгиледи.
Андан сырткары, жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча сөз козгоп, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 3 млрд. сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 663 млн. сомго көп болгон, бул – 21,8 пайызга өскөнүн белгиледи.
Социалдык обьекттер
Быйыл өлкө боюнча 100 мектеп курулуп жатса, анын 30у Ош облусунда салынып жатканы маалым. Анын 10у пайдаланууга берилди, ал эми 6 билим уясы ушул жылдын аягына чейин ачыла турган болууда. Ал эми жыл башынан бери облуста 22 социалдык обьект пайдаланууга берилди. Дагы 88 социалдык обьекттин курулушу жүрүп жатат. Алар негизинен мектеп, бала бакча, спорт зал, ФАП жана китепканалар. Булардан сырткары, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкерлерден, облустук жана райондук өнүктүрүү, Эл аралык фонддордонтартылган каражаттардын эсебинен 88 социалдык обьекттердин курулушу аягына чыгып калган.
Административдик-аймактык реформа
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, учурда жүргүзүлүп жаткан Административдик аймактык реформанын Ош облусунда аткарылып жаткан ишине кызыгышты. Анткени бул жаатта талаш-тартыш маселелер көбөйүп баратат.
“Административдик-аймактык реформа боюнча бизге коюлган тапшырмалар аткарылып жатат. Анын негизги эле принциби – алдууну алсызга, азды көпкө кошобуз. Анан бир айыл өкмөт башка жакка кошулабыз деген талаптары болсо, бул саясатты жакшы түшүнүш керек. Бул иштер азыр райондордун ичинде жүрүп жатат”,- деди облус жетекчиси.
Облустун 87 пайыз эли таза сууменен камсыздалган
Бүгүнкү күнү Ош облусундагы элди таза суу менен камсыздоо 87 пайызды түзгөнүн айткан Э.Джантаев, буга АРИС программасынын жардамы чоң болгонун, учурда Кара-Кулжа районундагы 4 айылды таза суу менен камсыздап, ал пайдаланууга берилгени турганын белгиледи. Ошондой эле Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын каржылоосу менен Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат шаарларында таза суу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын курулуш системалары жүргүзүлүп жатканына токтолду.
“Тактап айтканда, Кара-Суу шаарында канализациянын курулуш иштери 45 пайыз, суу түтүктөрүн тартуу иши 95 пайыз бүтүп калды. Ал эми Өзгөн шаарында саркынды суу системасынын имаратын куруу үчүн жер аянты такталып, канализация куруу иштери 25 пайызга аткарылды. Ноокат шаарында долбоордук сметалык документтери башталып, канализация жана таза суу менен камсыздоо иштери жолго коюлду. Шаар статусун алып жүргөн шаарлар сөзсүз түрдө таза суу жана канализация менен камсыз болуш керек да. Ал шаарларда канчалаган эл, социалдык обьекттер бар, эл көп барган коомдук жайларда канализация кошулбаса, ал жерде санитардык эрежелер сакталбайт”,- деди Э.Джантаев.
Жол маселеси
2023-жылдын капиталдык салымдар беренеси менен Ош облусунун аймагында 10 айдын жыйынтыгы менен 90 чакырым жолго асфальт басылган. Жолдорго асфальт басуу маселеси көтөрүлгөндө, Алайкуу жолу айтылбай кеткен жок. Облус жетекчиси аталган жол боюнча сөз кылып, быйыл Президенттин тапшырмасы менен ал атайын иш план менен бекитилип, титулга кирген 10,2 км. жолдун 8,2 км. жолуна асфальт басылганына токтолду.
“Алайкуудагы жол абдан чоң көйгөй. Бирок, иш башталды десек болот. Ал жакта жасай турган иш абдан көп. Бул жолдун жалпы узундугу 130 км. Бирок, анын баарына асфальт басабыз дегенден алыс болушубуз керек. Анткени айрым жерлерден таш түшөт, татаал жерлери бар, кээ бир участкаларын асфальттап койсо, машина чыга албай калат дегендей. Бирок, ремонт жасай турган жерлери бар. Анткен менен Алайкуунун 40 км жерине асфальт басып беришибиз керек. Бул маселени биз титулга киргизип, эмдиги жылы 10 км.ге, андан кийин да 10 км.ге асфальт бассак, буйруса, жакынкы жылдары алайкуулуктардын жолунун сапатын жакшыртып бергенге жетишип калабыз”, — деди Э.Джантаев.
Мындан сырткары, облус жетекчиси алдыда жаңы жол салуу маселесин көтөрдү. Мисалы, Папан айыл аймагынын Кожо-Келең тараптан Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл аймагына чейин болжолдуу 50 чакырым жол курула турганын маалымдады. Муну менен аймактагы Бел-Алма көмүр кенинде көмүр казуу менен алектенген ишканалардын Кытайга көмүр экспорттоосу үчүн өбөлгө түзүлөт.
Облустун өнүктүрүү фонду
Быйыл республикалык бюджеттен 100 млн. сом акча бөлүнгөн. Быйыл 68 долбоор каралып, анын 43 долбоору экономикалык, 25 долбоору социалдык, 13 инфраструктуралык жана 1 өзгөчө кырдаалдар тармагындагы долбоорлор аткарылды. Баары каржыланып, 101,4 млн. сом менен жыл жыйынтыкталып жатат.
700 млн. долларлыкзавод курулат
Облус жетекчиси келечектеги пайдалуу долбоорлордун үстүндө да аракеттенип жатышканын маалымдады. Тактап айтканда, облус аймагына долбоордук баасы 700 млн. долларлык металлургиялык завод куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
“Муну мега долбоор десек болот. Бул жерде чийки сырье сырттан келет. Бизден да ала турган айрым продукциялар болот. Ошентип өндүрүштү жолго коюп, бизге керектелүүчү, базарда көп талап болгон керектүү буюм-тайымдарды чыгарып, Кыргызстандын базарларына же кайра эле ошол Кытайга экспортко чыгара тургандай шарттар түзүлгөн атат.
Бүгүнкү күндө бул долбоорго Чоң-Алайдан жер аныкталды. Бирок, бул жерде жумушчу күч деген маселе чыгып атат. Анткени бизге 7 миң жумуш орундуу завод курулганы атат.Инвесторлор ушунча киши таап бере аласыңарбы деп атышат. Биз, эл көбүрөөк, Өзгөнгө жакыныраак келгиле десек, жердин шарты чечилбей калгандыктан, алыс жерге токтолушту. Анан алар айтып атышат, анда ал жерге жумушчуларга шарт түзүп, алар жашай турган атайын шаарча да салып берели деп атышат”,-деди Э.Джантаев.
Асанбек Каракозуев.