![Марат Ормушов: "Ош облусунда дин коопсуздугу сакталат" Марат Ормушов: "Ош облусунда дин коопсуздугу сакталат"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/5926cb9c-cf9e-4fe7-aaae-4aa992537324.jpg)
Ош ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын майору Ормушов Марат Мирзабековичке Ош облусунун аймагындагы дин коопсуздугу, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча суроолор менен кайрылдык. Төмөндө аталган маселе боюнча маегибизди окурмандарга сунуштайбыз.
— Марат Мирзабекович, айтсаңыз, Ош облусунун аймагында канча мечит катталган, ал эми мечиттерде түшүндүрүү иштери канчалык деңгээлде жүргүзүлүүдө?
— Ош облусунун аймагында жалпы 1044 мечит болсо, анын ичинен ар кандай себептерге байланыштуу каттоодон өтпөгөнү 32ни түзөт. Ал жерлерде милиция кызматкерлери имамдарга, жарандарга түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан берилген тапшырмалары аткарылууда. Биздин кызматкерлер Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, жарандар арасындагы экстремизмдин жана диний радикалдашуунун алдын алуу темасында семинарларды өткөрүп турушат. Бул багыттардагы тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу үчүн Ош ОИИБдин жетекчилиги Ош облусундагы имамдар менен жолугушуп, диний сабаттуулукту жогорулатуу маселелерин талкуулашып турат.
— Мамлекет тарабынан тыюу салынган диний агымдарга каршы кандай иш-чаралар көрүлүп жатат?
— 2023-жылдын башынан бери Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жарандар арасында диний экстремизмди, терроризмди, улуттар жана региондор аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында диний уюмдардын, коомдук бирикмилердин, диаспора өкүлдөрү менен биргеликте тынымсыз иш-чаралар өтүп турат. Маселен, жыл башынан бери 1034 жолу алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Буга катар эле салттуу динди жайылтуу менен бирге эле мамлекет тарабынан тыюу салынган диний агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуда жана алдын алууда Ош облусунун казыяты, мечит имамдары, укук коргоо органдары жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте жарандарга, окуучуларга тынымсыз түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп келүүдө.
Ошондой эле 3039 буклет жана усулдук китепчелер, 17 видеоролик даярдалып чыгарылды. Аталган багытта алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн 36 материал Интернет жана социалдык түйүндөр аркылуу жүктөлүп, таркатылды.
— Айтсаңыз, динди туура кармануу боюнча түшүндүрүү иштери окуучулар арасында да жүргүзүлүп турабы?
— Албетте, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жарандарга, айрыкча, жаштарга салттуу динди кармануу боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келишет. Түшүндүрүү иш-чарасы негизинен облустун дин өкүлдөрү менен биргеликте алынып барылат. Анда жаштарды убакытты туура пайдалануу туурасында да баяндамалар айтылып, кеп-кеңештер берилип турат. Ошондой эле, мектептерде окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин катышуусунда салттуу динди кармануу боюнча 434 жолу түшүндүрүү – алдын алуу иш-чаралары, чогулуштар өткөрүлгөн.
— Учурда аялдар арасында популярдуу болуп жаткан «Таалим сабагы» окутулуп жатат. Бул мыйзамдуубу? Негизи эле жеке үйлөрдө же атайын хужраларда таалим сабак өткөн фактылар катталдыбы?
— Облус аймагында аялдар арасында “Таалим сабагын ” окутуучу мекемелерде өз алдынча сабак берилип турган. Эч кандай каттоосуз, мыйзамсыз сабак өтүүчү жайларды аныктоо багытында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 9 факты аныкталып, алардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 142-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, айыптар салынган.
Учурда облус аймагында “Таалим сабагы” аталышындагы аялдарга сабак окутуучу мекемелер жок. Мындай мекемелер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын көзөмөлү астында турат.
— Ош облусунун аймагында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууда кандай жумуштар аткарылды, ушуга токтолсоңуз?
— Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында «Экстремист», “Нелегал” жана башка ыкчам алдын алуу иш-чаралары тынымсыз өткөрүлөт. Ошондой эле, терроризм, экстремизм боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлөт, анда “Терроризмдин, экстремизмдин, радикализмдин түшүнүгү жана алардын Кыргызстандагы келип чыгуулары”, “Жаштардын радикалдашуусунун себептери, алардын алдын алуу”, “Кыргызстандын аймагында коркунуч туудурган агымдар жана алардын өзгөчөлүктөрү” жана “Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” боюнча семинарлар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлөт.
Мындан сырткары, жаштар арасында экстремизмдин жана терроризимдин алдын алуу максатында лекциялар окулат. Аталган лекцияда бул укук бузуулар үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликтер жөнүндө да кенен түшүндүрмө берилип, катышуучулар тараптан берилген ар бир суроого жооптор берилет.
— Ал эми диний экстремисттик уюмдарга азгырылып кеткен жарандар менен кандай иштерди алып барасыздар?
— Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өлкөнүн аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардан чыккандыгын кабарлаган жарандар бар. Алар мындай кадамга милиция кызматкерлери жана Дин аалымдары менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринен кийин чечим чыгарышканын билдирип жатышат.
Ошондой эле экстремисттик уюмдардын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен тыюу салынган диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын ачык айтып, айрыкча, жаштарды туура жолдо жүрүүгө жана үй-бүлөлүк баалулуктарга, коомдогу каада-салттарды жана келечекке үмүт арттырып жашоого үгүттөгөндөр да бар. Ошону менен диний радикалдык уюмдардан сак болуусун ички иштер кызматкерлери динди илим жана билим аркылуу танууга чакырып кетишет.
Кошумчалай кетсем, социалдык тармактарда жарандар жеке баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү боюнча да мониторинг жүргүзүлүп, аныктоо иштери жүргүзүлүп турат. Аныкталган учурда биздин кызматтын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер аткарылып, мындай кылмыш иштеринин бети ачылат. Кармалган жарандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ар бир жаран мыйзам алдында бирдей экендигин унутпашы керек. Анткени мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
— Облуста учурда диний кырдаал кандай? Коопсуздук үчүн алдын алуу иш-чараларына дагы токтоло кетсеңиз?
— Облуста диний кырдаал туруктуу. Облустун аймагында экстремизмди жана терроризмди аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине 68 факты боюнча материал катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Мунун ичинен 45 факты соттун кароосуна жиберилген. Дин коопсуздугун сактоо, алдын алуу боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экстремисттик топтордун уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкан фактылар аныкталып, ага тиешелүү жарандар кармалып, камакка алынган. Андан сырткары, диний экстремисттик багыттагы уюмдардын лидерлери кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маектешкен: Назгүл Өмүрзакова