![Нагима апанын нар көтөргүс эмгеги Нагима апанын нар көтөргүс эмгеги](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/295b99e7-f171-4c8a-9a5e-58789bb2e9fb.jpg)
Улуу муундагы акын-жазуучулардын эскерүүлөрүнө караганда бир мезгилде планетардык масшабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматов “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) гезитинин астанасын аттап кирип, анын жамааты менен баарлашып кайткан экен. Анын жүрүшүндө Чыңгыз агабыз “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) бир топ жаш калемгерлердин тушоосун кескен ак жолтой гезит экендигин белгилеп өткөндүгү айтылат. Гезит бул вазийпаны азыр да улантып келе жатат. Окурмандар өздөрү байкап жаткандыр, “Ош жаңырыгы” гезити кыргыздын гана эмес, дүйнөлүк адабияттын кенчи болгон Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу макалаларды байма-бай жарыялап келет. Бул жолу кабарчыбыздын Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын апасы Нагима Хамзеевна Айтматова тууралуу айтып берген баяндамасы жарыяланат.
— Мен анда Бишкекте иштейт болчумун. 2004-жылдын декабрь айы эле. Эртең менен жумушка келе жатсам, Эркиндик бульварынан “Эл агартуу” журналынын башкы редактору Токтогул Сагымбаев жолугуп:
— Төлөнбөй, мен сага бараткам, өзүң жолукканың жакшы болбодубу,- деп сөзүн улантты, — Сага түшүнүктүү болсун үчүн сөздү башынан баштайын, өткөндө Чыңгыз Төрөкуловичтин апасы Нагима Хамзеевна түшүнө кирип, Люксембургдан карындашына телефон чалат.
— Роза, түндө түшүмө апам кириптир. Ойлоп көрсөм, быйыл ал 100 жашка чыгат. Апабыз тууралуу республикалык газеталарга макала жарыяланса жакшы болмок. Ушул маселени ойлонуп көрчү, жообун анан берерсиң,-дейт. Кечээ Роза эже туугандарды чогултуп, бизге Чыңгыз Төрөкуловичтин аманатын айтты. Мен Роза эжеге “Кыргыз Туусу” гезитинде мурда мени менен бирге иштеген Төлөнбай Абдыразаков деген журналист бар, ага айтайын. Сиз Нагима апа тууралуу материалдарды топтоп турсаңыз, ал сөзүңүздү диктофонуна түшүрүп алат” дедим. Сунушумду Гүлүйпа эжең да коштоду (Токтогул агайдын аялы Гүлүйпа эже Айтматовдун жакын тууганы болчу). Роза эже бүгүн үйүндө болот. Барсаң, Эсенбек жезде экөө сени күтүп алат,- деп бир барак кагаз алып, ага үйүнүн адресин, телефонун да жазып берди. Жумушка келсем, башкы редактор Абдиламит Матисаков иш бөлмөсүндө олтуруптур. Ага Токтогул Сагымбаев экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү айттым да, Роза Айтматованын үйүнө барып, маек уюштуруп келгенге руксат сурадым. Ал мени кубаттап, макул болду.
Роза эженин үйүнө барсам, жолдошу Эсенбек Алымкулов экөө тосуп алышты. Алар Нагима Айтматова тууралуу материалдарды, сүрөттөрдүдаярдап коюшуптур. Диктофонду жандырып, Роза эженин айткандарын жаздыра баштадым…
Сөз Нагима апанын ата-тегинен башталды. Анын атасы Хамза Абдувалиев Хасан уулу 1850-жылы Татарстандын Кукмар районунун Мачкара айылынан туулуп өскөн. Ал арапча, орусча жаза билген кат сабаттуу адам болгон. Хамза Абдувалиев 1887-жылы иниси жана карындашы менен Жети-Суу облусуна келип, Караколду байырлап калат. Ал колунда бар сибирдик татар үй-бүлөсүнөн чыккан Газиза аттуу кызга үйлөнөт. Экөө Мухамеджан, Сабиржан, Шариф, Абдулла, Нагима, Гульша, Зейнаб, Асия аттуу уул, кыздуу болушкан. Нагима 1904-жылы 7-декабрда жарык дүйнөгө келген. Балдар бирибирине күйүмдүү, тартиптүү болуп чоңоюшкан.
Бир тууган Абдувалиевдер соода жайын жакшы билгендиктен бат эле буттарына турушуп, шаардагы колунда бар адамдардын катарына кошулушкан. Октябрь революциясынын алдында Караколдо алардын булгаары заводу, лак фабрикасы, галантереялык дүкөндөрү болгон. Байлыгынын көлөмү көп болгондуктан II гильдиядагы соодагер даражасына жеткен. Бир жылы Волга жээгинде ачарчылык болуп, жетисуулук соодагерлер жардамга деп каражат чогултушуп, аны тиешелүү дарекке жөнөтүшкөндө Верныйдан (азыркы Алма-Ата шаары) жарык көрүп турган “Семиреченский Вестник” деп аталган гезитте ушул кайрымдуулук тууралуу атайын макала жарыяланган. Хамзанын аракети менен бош жаткан жерге отургузулган көчөттөр бой тиреп жетилгенде ал “Абдувалиевдин багы” деп айтылып жүргөн. Ал балдарынын билим алышына көп көңүл бурган. Баары адегенде медреседен, андан кийин орус мектептеринде билим алышкан. Балдардын улуусу Сабиржан Швейцариядан билим алган. Үй-бүлөдө Орозо, Курбан айт, Нооруз майрамы өзгөчө шан-шөөкөт менен белгиленчү экен. Кийин Совет өкмөтү орногон мезгилинде Абдувалиевдер куугунтукка туш болот. Кеңеш өкмөтү адегенде анын колундагы байлыгын, андан кийин кыймылсыз мүлкүн тартып алат. Ал көп балалуу болсо да, өзү өстүргөн багынын жанындагы эки бөлмөлүү чакан үйгө чыгып кетүүгө мажбур болот. Абдувалиевдер Совет бийлиги күч алып, эски элементтерге каршы күрөш күч алганда Ташкентке, Маргаланга жер которууга аргасыз болушкан.
![Нагима апанын нар көтөргүс эмгеги](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/a6f9c209-6bf1-4ad1-9359-5f4bcd72729e.jpg)
Каракол шаарындагы орус мектебинин эки баскычын бүтүргөн Нагима медициналык окуу жайына тапшырганы келгенде аердегилер “байдын кызы экенсиң” деп, анын документтерин кабыл албай койот. Ал стенографисттерди даярдоочу курска барганда “ата-теги” деген графага “дыйкандын кызы”, ата-энесинин кесибин “багбанчылык” деп көрсөткөн. Зирек кыз ал жерде абдан жакшы окуйт. Баскан-турганы тыкан, көптү билген Нагима жаштар арасында лидер катары бат таанылат. Комсомолдун катарына кабыл алынат. Ал мезгил Нагима сыяктуу орусча мыкты билген кат сабаттуу кыздар сейреккездешчү. Ал комсомолдун Каракол кантондук комитетинде иштеп жүргөндө Пишпектеги комсомолдордун кыска курсуна окууга жөнөтүлөт.
Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетин бүтүрүп келип, ВКП(б)ынын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүндө иштеп калган Төрөкул Айтматов Нагима менен ошол жерде таанышат. Экөө 1926-жыл 3-сентябрда баш кошушат. Нагима жолдошу Төрөкул Айтматов каерде кызматта иштесе, экөө ар дайым бирге болгон. 1927-жылы мартта билимдүү жаш үй-бүлө Жалал-Абад кантонуна жооптуу кызматка жөнөтүлөт. Төрөкул обкомдун жооптуу катчысы, Нагима комсомолдун райкомунун катчысы, кантондук аткаруу комитетинин катчысы болуп иштеген. Төрөкул Айтматов 1929-1931-жылдары Кыргыз АССРинин өнөр жай соода эл комиссары, Эл чарбасынын Борбордук Советинин төрагасы болуп турган. 1931-1933-жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи секретары болуп иштеген.
Нагима Хамзеевна кай жерде иштебесин, жаңы заманда аялзатын эркиндикке тартуу, калыңга сатылуудан сактоо, аларды коомдук иштерге үндөө боюнча күрөшкөн активист катары оозго алынган. Ал жыйындарда башкаларга үлгү катары мисалга алынган.
Төрөкул Айтматов 1933-жылдын сентябрь айынан тартып, ВКП(б)ынын Кыргыз обкомунун экинчи катчысы болуп иштеген. Ал 1935-жылы келечектүү кадр катары Москвадагы Кызыл профессура институтуна окууга жөнөтүлөт. Төрөкул Айтматов үй-бүлөсү менен Москвадагы Воровский көчөсүндөгү үйдө жашаган. Роза Москвадагы төрөт үйүндө жарыкка келгенде аты испаниялык партизан кыздын атына коюлган.
Балдардын туну Чыңгыз Москвадагы орус мектепте эки жыл окуган. Роза эже ата-энесинин көз ирмемге созулган бактылуу учурун жакшы маанайда айтып жатып, репрессия мезгилинде келгенде бет аарчысы менен улам көз жашын аарчып отурду.
— 1937-жылы август айында “Правда” газетасында Кыргызстандын КП(б) Борбордук Комитети тууралуу макала чыккан. Аны окуп чочулаган атабыз апабызга кайрылып:
— Нагима, сен балдарды алып айылга кет. Мени кармашса, сени да алып кетпейт деп ким кепил боло алат. Экөөбүздү тең кармашса, балдарды интернатка тапшырып коюшат. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүп калса, балдар менен Москвага кайра келесиң, — деп баарыбызды Казан вокзалынан поездге өзү отургузуп, поезд жүрүп баратканда аны жандай чуркап, перрондун аягына чейин кол булгап калган экен. Бул апам менен атамдын акыркы жүз көрүшүүсү тура. Мен ошондо алты айлык наристе экенмин…
Апам 1-сентябрда Маймак станциясынан түшүп калып, бизди күтүп турган туугандардын арабасына түшүп, Шекерге барат. Айтматтын бир тууган агасы Биримкулдун улуу баласы Алымкул айылдык Кеңештин төрагасы болуп иштеп турган. Алымкул агабыз бизди өздөрү отурган тамга киргизип, бала-чакасы менен короодогу боз үйгө чыгып кетишкен экен.
Репрессиянын убагында Айтматовдор “эл душманынын” үй-бүлөсү катары кодуланып, оор кыйынчылыкты баштан кечиришкен. Төрөкул 1937-жылы 1-декабрда камакка алынып, этап менен Фрунзеге жөнөтүлөт. Айоо билбес системанын кесепетинен Алымкул да камалып кетет. Чоң атабыз Айтматтан Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым жана Рыскулбек. Атабыздын кичүү иниси Рыскулбек да камакка алынып, ал ГУЛАГда каза болгон. Атамдын туугандары камалып кеткенде Карагыз апабыздын үйүндө баш калкалоого аргасыз болдук. Аерде Алымкул агабыздан калган эки кыз, Айымкүл апабыздын балдары, анан биз жашап калдык.
Азыр ойлоп көрсөм, жездебиз адамкерчилиги бийик адам болгон экен. Бул ошончо балдардын багы болсо керек… Апам мурда атамды абдан жакшы тосуп алчу райондун белдүү жетекчисине “мага ылайыктуу жумуш тапканга жардам бериңиз” деп көп жолу кайрылат. Ал “эртең, бүрсүгүнү келиңиз” деп тил эмизип жүрө берет. Шекер менен райондун борбору Кировдун аралыгы отуз чакырым жол, апам ошол аралыкты күн алыс каттап, убара болот. Тигинин айтканы кур убада экендигине көзү жетсе да, “акыркы барганым ушул болсун” деп дагы бир күнү келет райондун борборуна. Атамдын мурдагы таанышы баягы убадасын дагы кайталайт. Ачуусу келген апам ага катураак айткан окшойт, антсе тигил адам:
— Сиз деген эл душманынын аялысыз, жумуш тапканга жардам берди деп мага да сөз тиет, — дейт. Апамдын сөзү оозунан түшүп:
— Макул, сен айткандай биз эл душманы болойлу, бирок, төрт балада эмне күнөө? Аларды ким карайт, ким багат? — дегенге араң жарайт.
Тигил кызматкер:
— Балдарыңды кандай баксаң, ошондой бак. Бакпасаң, интернатка тапшырып салгын!-дейт. Боор этинен жаралган балдарын “интернатка тапшырып салгын!” деген жүрөк үшүткөн сөздү уккан апам ыйлаган бойдон сыртка чыгат. Аты байланган даракты кучактап ыйлап турган апамды бир адам көрүп калып:
— Кызым, сен чот менен иштегенди билесиңби?-деп сурайт.
— Ооба, билем, — деп жооп берет. Көрсө, апама улуту немис Отто Зюдельман аттуу адам жумушка орношууга жардам берген экен. Жумушка орношуу менен кызматчылар жашай турган барак тибиндеги үйдөн эки бөлмө тиет. Биз ошол үйдө көп жыл жашаганбыз.
Мен билгенден апабыз Карагыз апабыз менен ынак эле. Сүйлөшсө сөздөрү түгөнчү эмес. Айрым маселелерди экөө акылдашып чечишчү. 1957-жылы апам экөөбүз барып, атабыздын “өлгөндөн кийин реабилитацияланды” деген кагазын алып келгенбиз. Ошондо Карагыз апабызды чакырттык да, жанагы кагаздагы кабарды угузганбыз. Карагыз апабыз узакка кошок кошуп, көпкө чейин ыйлап-сыктаган.
Ошондон кийин туугандар кеңешип, Алымкул, Өзбек, Төрөкул, Рыскулбекке аш беришкен. Биздин үй-бүлө үчүн Чынгыз агабызга адабият тармагында Лениндик сыйлыктын ыйгарылышы апам үчүн чоң дем болду. Ал “Кудайга ыраазымын” деген сөздү көп айтчу. Астма менен ооручу. Ал 1971-жылы 10- августта дүйнөдөн кайткан. Анын зыйнатына абдан көп адам келген. Киев көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосу толуп, чоң көчөгө чейин чыгып кеткен. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Роза эже менен уюштурган маектин көлөмү чоң болгондуктан, “Апам кайраттуу адам болчу” деген тема менен “Кыргыз Туусу” гезитинин эки санында жарык көргөн.
***
Кийинки жылы май айында Москва көчөсүндө Чыңгыз Айтматов эки адам менен алдымдан чыгып калды. Улуу жазуучу менен саламдашып:
— Чынгыз Төрөкулович, мен өткөн жылы декабрь айында Нагима апа жөнүндө макала жазган журналистмин, -деп өзүмдү тааныштырдым. Ал мени бир азга тиктеп турду да:
— Төлөнбай деген журналист сен экенсиң да. Апабыз жөнүндөгү макаланы окугам. Рахмат, жакшы жазгансың. Мындан ары тааныш болуп жүрөлү. Убактың болсо бир күнү кел, кенен-чонон олтуруп сүйлөшөлү, — деди. Атагы ааламга кеткен үлкөн жазуучунун мындай мактоо сөзү үчүн төбөм көккө жете кубангамын.
***
Ошол жылы күзүндө Чыңгыз Айтматов “Кыргыз Туусу” гезитинин кызматкерлери жана окурмандары менен жолугушуу өткөрүүгө макулдугун берип, үч-төрт кызматкер аны эшиктин оозунан күтүп жатканбыз. Үчүнчү кабатка көтөрүлүп, редакциянын босогосун аттаганда, бизди көрүп:
— Төлөнбай баатыр, бизди каерге киргизесиңер, — деп мага кайрылды. Менин атымды айтканына жетине албай:
— Чыңгыз Төрөкулович, башкы редактордун иш бөлмөсүнө, — деп аны ээрчитип жөнөдүм. Иш бөлмөгө жеткенче:
— Төлөнбай баатыр, жазып жүрөсүңбү? -деп сурап калды.
— Ооба, Чыңгыз Төрөкулович, — деген жооп бергенге үлгүрдүм.
***
Кийинки жылдарда Бишкекке барган сайын Роза Айтматовага жолугуп, бир топко чейин маектешип кайтам. Экөөбүз кыйын кырдаалда, оор кезеңде төрт баланы өзү жалгыз жетилтип, баарын жогорку окуу жайларына окутуп, баары белгилүү инсандардан болуп калышындагы Нагима апанын нар көтөргүс эмгеги тууралуу ой бөлүшөбүз. Роза эже Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматованын ысмы ыйгарылган борбордук аллеянын, Төрөкул Айтматов Араван-Буура райкомунун биринчи секретары болуп иштеп турган мезгилде Ош шаарында жашаган көчөдөгү үйдүн, ошол үйгө жакын жайгашкан Чыңгыз Айтматов тарбияланган № 1 балдар бакчанын абалы жөнүндө көбүрөөк сурайт, билгенимди айтып берем. Былтыр барганда Роза Айтматова өзүнүн 2013-жылы “V.R.S. Comnany” басмаcынан чыккан “Белые страницы истории” аттуу китебин белекке сунуп, кол тамгасын жазып берген. Ал баалуу белек катары китеп текчемдин төрүндө турат.
Төлөнбай Абдыразаков