Учурда жаш балдар арасында өпкө оорулары күч алды. Анын айынан облустук балдар ооруканасында келгендердин саны көбөйүп, айрым убактарда орундуктар жетишпей калган учурлар да катталып жатты. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгер-пульмонологу Базаргүл Чожоева билдирди. Биз аны менен эмне себептен оорулуулардын саны көбөйүп кеткени, бул дартты кантип алдын алууга болоору, түшүндүрүү иштери тууралуу сурап, маек уюштурдук.
— Базаргүл айым, саламатсызбы? Учурда жаш балдар арасында өпкө ооруларынын кескин көбөйүп жатканын байкап атабыз. Ата-энелер эмнеге көңүл бурбай жатышат?
— Саламатчылык. Ооба, учурда өпкө оорулары кескин көбөйдү. Анткени ата-энелер тазалыкты жана бала багуудагы гигиеналык эрежелерди жакшы сактай албай калган учурлар болуп жатат десек болот. Мисалы, ковид учурунда бардык энелер үйдө отуруп, аш-тойлор менен чогулмайларга барбай калбады беле. Ошондо колду таза кармап, атайын эрежелерди сактап жатышкандыктан, балдары мындай оорулардан кыйла оолак болуп атышкан.
Азыр бала ооруп калганда, кооптуу белгилерди билбей, көпкө чейин үйдө алып отура беришип, оорусун өтүштүрүп жиберишкендиктен, балдары реанимацияга түшүп калган учурлар да кездешип жатат. Болбосо, оорунун кооптуу белгилерин төрөтканадан баштап, кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, андан сырткары, аларды карап, дарылаган дарыгерлерден бери энелерге байма-бай үйрөтүп келебиз.
Мисалы, эгерде, баланын дене табы көрсөтүлгөн жардамга карабай түшпөй койсо, онтосо, колу буту муздаса, бозоруп же агарып кетсе, эмбей калса, суу иче албай калса, дароо дарыгерлерге кайрылуу керектигин айтабыз, үйрөтөбүз. Андан сырткары, бала калтырап, титиресе, энтигип дем алса, көгөрсө, кургап кетсе сөзсүз кайрыл деп айтпайт дейсизби. Бирок ушулардын баары тең айтылып, үйрөтүлгөнүнө карабай, көңүл бурбай калган учурлар кездешип жатат да.
— Көп учурда ооруканада орун жетишсиз болуп, дарыгерлер кабыл албай койду деген нааразычылыктар да пайда боло калып жатат. Бул көйгөй эмнеден улам келип чыгууда?
— Ооба, кээде балдар массалык ооруганда бейтапканаларда орун жетишсиз болуп калат. Бирок, ошого карабастан, ар бир баланын өзү жашаган аймактык ооруканаларда жана облустук ооруканаларда, кошумча керебеттер коюлуп орундуктар даярдалат. Көйгөй эмнеде болуп жатат? Биринчиден, оорулуу балдардын ата-энелери үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылбай, түз эле облустук ооруканага жетип келе калышат. Көпчүлүгү эмнегедир өзү жашаган аймактык ооруканаларга баргысы келбегендиктен, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, ушинтип нааразычылыктар пайда болуп калган учурлар бар.
Учурдан пайдаланып айткым келет, кымбаттуу ата-энелер, балада жаңы эле оорунун белгилери пайда болгондо, эң алгач үй-бүлөлүк дарыгерлериңиздерге кайрылыңыздар, алар сиздерге оңой жана туура жолдорду көрсөтүп, эмне кылуу керектигин түшүндүрүп беришет. Түз эле облустук ооруканага жетип келе берсеңиздер, элдин көптүгүнөн ушинтип түшүнбөстүктөр пайда болуп калышы мүмкүн. Эгерде, баланын абалы оор болсо, сөз жок, анда ар бир оорукана орун жоктугуна карабай алып дарылашат.
— Чоңдорго караганда балдарды дарылоодо кандай кыйынчылыктар же айырмачылыктар болот?
— Балдарды дарылоодо чоңдорго караганда, бир топ айырмачылыктар жана оорчулуктар кездешет. Ал – баланын анатомо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен, анан дары-дармектен башка энелердин баланы кандай карагандыгына да көз каранды.
Анан баарыбызга белгилүү, бала өзүнүн оорусу тууралуу айтып бере албайт. Адаптацияга, өзгөрүүлөргө баланын организми тез жооп бере албайт. Бизден ыкчам, туура жардамды талап кылат. Баланы курч оорулардан дарылаганда ар бир өткөн минуталар эсептелүү. Ыйлагандан башка эч нерсе билбеген ымыркайга дартты аныктап, так диагнозун коюп, дарылоодо албетте чоңдорго караганда айырмачылыктар көп. Дары-дармектер да ар бир салмакка так эсептелип жазылат.
— Дарыгер болуш үчүн адамда кандай өзгөчөлүк болуш керек?
— Дарыгер болууда – адамдагы бардык асыл сапаттардан сырткары чыдамкайлык абдан зарыл. Дарылоо процессинде канчалык оор учурлар болбосун, чыдамкайлык менен үмүттөнүү менен иштөө керек.
Андан башка өз кесибин сүйүү керек, болбосо үй-бүлөнү таштап күн-түн иштөө колдон келбей калышы ыктымал. Айрым учурда чымырканып тер чыкканча иштеген учурлар болот. Иш убактың бүткөндөн кийин оорулуунун абалы күн бою жакшырбаса, түнгө чейин жанында болуп, байкоо жүргүзгөнгө да зарыл болгон учурларда, кесипти сүйүү, балдардын ден-соолугун түзөтүп, андан кадимкидей кубануу, сонун эле керек болот. Артка кайтпай чыдоого жардам берет. Дарыгер болууда медициналык билимдин тереңдигинен башка дагы, жетинчи сезим болгону жакшы. Бул да оорулуунун тез айыгышына себеп болчу өзгөчө сапаттардын бири.
— Сизде 20 жылдык иш-тажрыйбңыз бар экен. Ушул аралыкта кандай таасирдүү учурларды баштан өткөрдүңүз?
— Мен медициналык академияны аяктагандан кийин, бул ооруканада 26 жылдан бери иштеп келем. Ар түрдүү ооруларды көрдүм. Жакшы адамдардан тажрыйба алып, алар менен бирге иштеп калдым. Буга мен абдан бактылуумун деп ойлойм. Жамаатта кайра кайталангыс инсандар болду. Чет мамлекеттерде жасалган оор-оор дарылоолорду, ушул эле Ош шаарында жасап коюшуп, анысына мактанбай, жөнөкөйлүгүн сактаган инсандар өттү. Андан сырткары, аз кездешкен жүздөгөн ооруларды көрдүм. Мен ар дайым ата-энелердин да, кесиптештеримдин да эң жакшы жана чанда кездешчү асыл сапаттарына таасирленем. Үйрөнүп алууга дайыма аракеттенип келдим. Аны мындан ары да улантам деген ниетим бар.
— Рахмат маегиңизге!
Маектешкен: Асанбек Каракозуев