![Телерадиого арналган өмүр Телерадиого арналган өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/b6d3cdfe-9f26-42d2-a7d8-3d6e8696c847.jpg)
Тажрыйбалуу оператор, жакшы дос, өз ишинин устасы Расул аке Насирдинов тирүү болгондо ушул жылы 80 жашка чыкмак эле. Бирок, шум ажал ал кишини 77 жашында биздин арабыздан алып кетти. Расул аке жаш кезинен техникага кызыкты. Бул кызыгуу анын айдоочулук кесибин өздөштүрүүгө үндөдү. Натыйжада ошол кесиптин аркасынан телевидениенин эң алдыңкы телеоператору болуп калыптанышына алып келди. Биз ушул макалабызда тажрыйбалуу устат, оператор Расул акенин эмгек жолундагы кээ бир тажрыйбаларына, окуяларына токтололу демекчибиз.
Телеоператорлук кесип бар, алардын кылган иштери чоң мааниге ээ болсо да, алар жөнүндө билбейбиз же кем сөз кылынат. Ар күнү телевизор аркылуу көркөм фильмдерди, маалымат программаларын , түрдүү көрсөтүүлөрдү көрөбүз. Бирок, аларды жараткандар, даярдагандар жөнүндө жакшы билбейбиз. Андай кесиптин ээлери телеоператорлор болуп эсептелинет. Телевидениеде иштеп жаткан операторлор ошол көрсөтүү-программанын мыкты даярдалышына, элге жеткирип берүүдөгү кызматы чоң. Биздин каарманыбыз Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү, Жогорку даражадагы телеоператор, “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясынын тажрыйбалуу кызматкери Расулжан Насирдинов.
Мамлекетибизде телевидениетүптөлгөнүнө көп жыл болду. 1967-жылы алгач Түштүк Кыргызстанда — Ош шаарында радио уктуруулар, 1970-жылы телекөрсөтүүлөр бериле башталган. Расул акенин телерадиодогу эмгек жолу да ошол жылдары башталган. Каарманыбыздын өмүр жолуна көз жүгүртсөк, анын көбү өзү тандап алган, сүйүп иштеген телеоператордук кызматына таандык. Жумушка киргенден кийин Россиянын Куйбышев шаарындагы транспорт -курулуш техникумуна сырттан окуу бөлүмүнө өтүп, аны 1971-жылы аяктаган.
![Телерадиого арналган өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/e30142cb-9496-446e-937c-b9e85cd784dd.jpg)
Расул Насирдинов көчмө телевидение станциясына (ПТС) айдоочу болуп келген жылдарды жакшы эстейт эле. Ал мезгилде бүгүнкү аппаратуралар жок эле. Жумуш татаал болчу. Расул аке ошол камераларда иштегенге кызыгат эле. Муну байкаган жетекчилик аны синхрон кино камерасына механиктике өткөрөт. Бул 1975-жыл эле. Расул аке улуу жаш курагында чарчадымчалыктым дебей нечен жаштарды алдыга салбай Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алайдын бийик тоолорунда, ашууларында, бирде аптаптуу Араван, Кара-Суу сыяктуу райондорунда болуп, калайык калктын бүгүнкү түмөн-түйшүктүү, көп кырдуу турмушун чагылдырып тартып, аны кайра элге көрсөтүп, тыным албай иштеп жүргөнүн көп көргөнмүн.
Көбүбүз жакшы биле бербеген, “сахна артындагы” же кадр артындагы телеоператордун турмушу да бирөөлөр ойлогондой жыргал эмес. Анын да өзүнө жараша мээнети, азабы, түйшүгү, ошону менен элди кубандырган, өзү да ырахаттанган учурлары бар. Расул аке телевидение тармагында 45 жылдан ашуун мезгилде күндөп-түндөп, бирде ач, бирде ток, бирде жөө, бирде унаа менен жүрүп иштеп келген. Аны көбүнчө облусубуздун пахтакерлеринин, дыйкандарынын, бирде малчылар менен чабандардын, кээде сел жүргөн, жер көчкөн, адам набыт болгон кырсыктуу аймактардан, Токтогул ГЭСи жана башка өнөр жай ишканаларынын курулушу жүрүп жаткан жерлерден даярдаган жакшы сюжеттери менен таанышпыз. Тагыраагы, биз ал жердеги элдин турмушун анын тарткан реалдуу сюжеттеринен көрүп, маалымат алганбыз.
Өз ишинин устасы Расулжан Насирдинов 1980-жылдан баштап Кыргыз телерадиокорпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кино – телеоператору – кабарчысы болуп көп жылдар бою чыгармачылык менен иштеп келди. 1998-жылдан баштап Расул Насирдинов Ош облустук, андан кийин “Ош 3000”, азыркы “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясында иштеген. Ал бир нече жылдар телеоператорлор тобун башкарды. Өткөн мезгилдерде ал эл чарбасынын ар кайсы тармактары боюнча мыкты сюжеттерди даярдап, тематикалык автордук программаларды уюштурган. Анын телесюжеттери өзүнүн кызыктуулугу, реалдуулугу менен көрүүчүлөрдүн, кесиптештердин жакшы бааларына арзыган. Көп жылдык эмгегинин үзүрү менен ал Кыргыз Республикасынын телерадиокорпорациясынын, облустук жетекчиликтен, ошондой эле өз кезегинде Советтер Союзунун Борбордук телевидениесинин Ардак грамоталарын алууга жетишкен. 2008-жылы ал “ЭлТР” КТРКсында иштеп жүрүп, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алууга татыктуу болгон.
— Жумуш учурунда кызык окуялар көп болгон — деген эле Расул аке. Сын материал даярдоо мезгилинде таяк жеп калышка аз калганмын деп ошол учурларын күлүп эскерген. 1984-жылы Ош шаарында аябай көп кар жаап, электр зымдары үзүлүп, жолдордо да транспорттун жүрүшү татаал болуп, кыйын кырдаал түзүлгөн эле. Ошол мезгилде мурдагы СССРдин Борбордук телевидениеси “Время” маалымат программасы үчүн Расул Насирдинов сюжеттерди даярдап бергенин сыймык менен эстээр эле. Мындай окуялар анын иштеген жылдарында көп болгон. 2010-жылы июнь окуялары учурунда ал кызмат автомашинасында келе жатып эмоцияга алдырган бир топ адамдын алдынан чыгып калган жана алар автомашинаны талкалашкан. Ошол аламандыктан чыгып алуунун өзү бир эрдик эле.
![Телерадиого арналган өмүр](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/434b6030-e67f-4dc4-b154-b733f29a79e0-1024x498.jpg)
Өз мезгилинде СССРдин Борбордук телевидениесинин “Саякатчылар клубу” көрсөтүүсүнүн редактору Станислав Покровский Памир жолдору башкармалыгынан сюжет даярдоону Расул Насирдиновко ишенип тапшырганын жана ал ишти мыкты аткара бергенин кесиптештери жакшы билишет.
— Расул акени “солкулдаган жаш” кезинен билем. Мен анда мектеп окуучусу элем. Журналистикага кызыгып жүргөм. Ал эми теледен жаңылыктарды көрүп, анда иштеген оператор Р.Насирдинов деп окуп калчумун. Бул ким экен, кандай бактылуу киши иштейт бул кесипте деп суктангам. Мына, тилегимди берип, 1992-жылдан “Ош” радиосунда иштеп калдым. Кызыгы, Расул Насирдинов менен бирге иштеп калбадымбы. Экөөбүз бул жагы Чон-Алай, Алай, Лейлек, Жалал-Абад аймактарын кыдырып, канчалаган репортаж, көрсөтүүлөрдү даярдабадык дейсиз. Мына , ал киши тирүү болгондо 80 жашка чыкмак, мен 60 жаштамын. Экөөбүз жакын достук мамиледе аке-үкө болуп жүрөөр элек — дейт кесиптеши “Эл FM” радиосунун мурдагы директору Таштемир Жалиев.
Расулжан Насирдинов маданияттуулугу, адамгерчиликтүүлүгү, мээримдүүлүгү менен да жамаатта кадыр-барктуу болгон. Ал чоң үй-бүлөнун ээси, бактылуу ата жана чоң ата болгон. Жубайы Фатмакан эже менен бирге 4 баланы, көптөгөн неберелерди тарбиялашкан. Биз кесиптешибиз маркум Расул аке Насирдиновду Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу эскерип, жайы жайлуу болсун деп тилек билдиребиз. Ошондой эле анын үй-бүлөсүнө, балдарына бакубатчылык, тынчылык каалайбыз.
Лутфулло Рахманов, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү