![Үч акындын ырлары элге тартууланды Үч акындын ырлары элге тартууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/e9871c89-eb62-448c-a12e-49aadf4fa846.jpg)
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканада «Ынтымактуу таланттар» маданий коомдук бирикмесинин чыгармачылык бир жылдык отчеттук иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында бирикменин мүчөлөрү: ыр жазып, поэзия күйөрманы болушкан аскер адамдары КР куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Эркинали Нурматовдун «Абшыр-Ата», » Сулайман — тоо», акын Жийдегүл Исакованын «Кубалашкан күндөр», «Ынтымактуу таланттар» маданий коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурмамат Жоробаевдин «Ыр-мөмөлүү бейиш бак» аталыштагы жаңы чыккан китептеринин бет ачары болду.
Иш-чарага Ош облусунун аймагындагы чыгармачыл коомчулугу, ошондой эле КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, райондук, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жана улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү катышышты. Бирикменин концерт тобу уюштуруучулук таланттарын көрсөтө алышты.
![Үч акындын ырлары элге тартууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/e8c8c33e-06dc-4f3a-80db-f1b6544c76fc-1024x576.jpg)
Театрлаштырылган концерттик программанын учурунда акындардын чыгармалары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Нурмамат Жоробаевдин «Ыр – мөмөлүү бейиш бак» ырлар жыйнагы турмуштук көрүнүштөргө бай, баам-парасаттуу көз-караш жана терең ойлорду камтыгандыгы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ал эми Эркиналы Нурматовдун «Абшыр-Ата», “Сулайман-Тоо” ырлар жыйнагынын негизин мекен темасындагы ырлар түзүптүр. Аны менен тынчтыкты даңазалаган аскердик-патриоттук ырлар жаңырды. «Ынтымактуу таланттар» маданий коомдук бирикмеси Нурмамат Жоробаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Бирикме мүчөлөрүнүн арасында көөдөнүндө сөз баккан акыны, ырчысы, обончусу бар. Алардын баары кесипкөй болушпаса да, өнөр ышкысы баш коштуруп, колдорунан келишинче чыгармачылык менен узанып жатышыптыр.
Бирикме мүчөлөрүнүн бири Жийдегүл Исакова өзүнүн «Кубалашкан күндөр» ыр жыйнагы менен тааныштырды. Анын ырлары кыздар поэзиясына тиешелүү болгон лиризм, купуялуулук менен өзгөчөлөнөт. Бул өнөр ээлеринин жан дүйнөдөгү боштукту толтуруп, руханий дүйнөнү өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жаткандыгы жүрөк жылытты.
Сырлары ырларына сиңген акын
![Үч акындын ырлары элге тартууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/8de3dfd5-f563-4f7c-8db8-38223fd1a20b-768x1024.jpg)
Нурмамат Жоробаев — акыйкатты жар салган акын. Ал бүгүн эле адабият майданына ат салып, капыстан бастыра кирип келген жок. Ал канаттуу ыр саптары, ага канат бүтүргөн обондор аркылуу окурман, угармандарынын жүрөгүнөн түнөк таап, таанылган акын. Адабият чөйрөсүндө азуу тиши чыгып, жоокердей баскан талант ээсинин ыр саптары бир чети Өзгөн жергесиндеги жайылып аккан Жазы дарыясынын шоокумун туюнтат.
Өткөн жылы аскер акындын «Сезим ширеси» ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Ал эми жакында «Ыр- мөмөлүү бейиш бак»аталыштагы ыр китеби жарык көрдү. Ага автордун турмуштан алынган түрдүү тагдырларды чагылдырган чакан поэмалары жана жашоонун бардык багытындагы тематиканы камтыган ырлары кирди. Ал өзү жазгандай: » … Жолдо жүрөм, дагы деле жолдо жүрөм, Жараткандын жазганын угам, көрөм» — деп, адабият талаасын аралап жүргөнүн да айтат. Дагы бир ыр сабында: » …Кыргызга кыйынчылык күндөр келсе, Биригип бир муштумдай болгон экен. Жараткан элибизге оомат берсе, Меймандос пейлин кенен койгон экен» — деп, эзелтен биримдикти туу тутуп, улуу каада- салтка ширелген кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн жар салат.
Акын өмүр жолунда аскер кызматын көп жылдар бою аркалагандыктанбы же жигиттик ар-намысты бийик туткан атуулдук сапатынанбы, айтор, ырларында мекенчилдик сезимге чакырган жагдайлар арбын. Кээде: «… Замандын жакшы жагы бар экен го, Сезе албай жүрдүм экен неге- неге»- десе, дагы бир ыр түрмөгүндө : «… Өзүмдү- өзүм кээде жемеледим, Өзгөрбөс кыялың бар неге дедим» — деп, жан- дүйнөсүнө сиңген мүнөзүнө баа берет. Дагы бир белгилей турган жагдай, балдар адабиятына баш багып, » Бөбөк унаа» , » Небере», » Кечки тамак кезинде» ж.б.у.с. ырлары менен балдарды бал тилге бөлөгөндүгү менен да өзгөчө. Ал эми түбөлүктүү сүйүү темасында да токтоо мүнөз күтүп, башкалар аңдап билбеген жөнөкөй, жупуну көз караштары менен окурманды өзүнө тартып турат. Жоробаев Нурмамат Капарович 1966- жылы 19-февраль күнү Өзгөн районунун Мырза — Аке айылында туулган. Ак – Жар айылындагы «Ак-Жар» орто мектебинде окуган. 1988 — жылы жогорку аскердик окуу жайын бүткөн. 1988-2011-жылдары СССРдин куралдуу күчтөрүндө, Кыргызстан куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 2011-жылы Оштогу Жалпы аскердик даярдоо кафедрасынын башчысы кызматында иштеп, аскердик пенсияга чыккан.
![Үч акындын ырлары элге тартууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/88574408-8608-46d7-8c5d-21e8ef23441f-1024x768.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Мактоо баракчасы жана Коргоо министрлигинин Ардак грамотасы жана эстелик орден, медалдары менен сыйланган. Оштогу жогорку технологиялык окуу жайынын «мыкты мугалими», «мыкты кафедра жетекчиси». Аскердик тарбиялык маанидеги жүз нускада чыккан «Тарбия иштеринин методикасы» китепчесинин автору.
Ырлары Европа өлкөлөрүнүн, Россиянын, Канаданын журналдарына, альманах китептерине кирген. Кыргыз Республикасынын Улуттук тил комиссиясынын “Ыйык тил”, “Алыкул Осмоновдун эстелик медалы”, “Сөз чебери” медалы, “Жайыл баатыр”, “Алтын калем” сыйлыктарынын ээси.
2021-жылы СПСА уюштурган Эл аралык адабий сынакта Марк Твен атындагы сыйлыктын үчүнчү даражадагы дипломун жеңип алган. 2022-жылы «Жоголгон балалык» поэмасы СПСА уюштурган Эл аралык адабий «Юрий Алеши» атындагы сынакта биринчи орунду багындырган. Анын ырларынан окурмандарга сунуштайбыз.
Айгүл Матиева