![Жүрсүнбек Өмүрзаков: "Ветеринария - жооптуу тармак" Жүрсүнбек Өмүрзаков: "Ветеринария - жооптуу тармак"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/81c4d45c-5592-4179-a845-180750c0abfd.jpg)
Алай тоолуу район. Мындагы калктын дээрлик көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгени жалпыга маалым. Климаттык шарттары малчылыкка ылайыкташып, тоо аралаган айылдардагы тургундар малдын санына эмес, сапатына көңүл буруп келатканынан кабардарбыз. Мында төрт түлүктүн түйшүгүн түшүнгөн мал доктурлардын эмгеги аба-суудай зарыл. Дегенибиздей биз, Алай районунда болгон иш сапарыбыздын алкагында ветврачтар мээнеттенген Алай райондук ветеринардык башкармалыгына баш бакканбыз. Аталган башкармалыктын башчысы Өмүрзаков Жүрсүнбек Кулуйевич жогорку билимдүү ветврач. Жетекчи өз кесибинин мыктысы, иштин көзүн билген тажрыйбалуу жетекчи катары эмгегин элине арнап келүүдө. Айыл чарба анын ичинен ветеринария тармагындагы алган билими, топтогон тажрыйбасынын алкагында бир топ сыйлыктарга арзып келүүдө. Мал киндиктүү алайлыктардын үй-бүлөлүк бюджетинин негизги бөлүгүн түзгөн мал жандыктарын асыроодо, негизгиси калктын тамак-аш коопсуздугун алдын алууда райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жоопкерчилик менен иш алып барышат. Малчылардын күткөн ветварчтардын эмгеги, башкармалыкта аткарылып жаткан жумуштар туурасында биз Жүрсүнбек Кулуйевич менен жеринде маектешип кайтканбыз.
— Жүрсүнбек Кулуйевич, Сиз жетектеген башкармалыктын ишмердүүлүгүнө токтоло кетсеңиз?
— Жакшы болот. Биз эпизоотиялык абалдын туруктулугун сактоо, малдын жугуштуу илдеттеринин алдын алуу, илдетке чалдыккан малга ветеринардык жардам көрсөтүү, мал базарлардын ветеринардык санитардык эреженин негизинде иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүү сыяктуу жумуштарды аркалап келебиз. Башкармалыктын көзөмөлүндө Алай мал базары, 14 эт сатуучу жана 1 мал союлуучу жай, борбордук жайма базарда жайгашкан ветеринардык санитардык-экспертизалык лабораториясы ветеринардык санитардык көзөмөлдө турат. Ал эми иш кагаздарды жүргүзүү толук электрондук башкарууга өткөрүлгөн. Биздин жумуш жооптуу кызмат. Биздин башкармалыкта учурда төрт мамлекеттик, үч мамлекеттик эмес кызматкер жана айыл өкмөттөрдүн башкармалык менен келишим түзүлгөн 22 ветеринардык кызматкер иштейт. Ветеринардык адистерибиз калктын тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууда, малдын жугуштуу ылаңдарынын алдын алууда өз милдеттерин жоопкерчилик менен аркалап келишүүдө.
![Жүрсүнбек Өмүрзаков: "Ветеринария - жооптуу тармак"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4f1293a1-f1e3-48a9-8d5f-60ba5c5419b3-1024x682.jpg)
Өзүңүздөргө маалым болгондой биздин район тоолуу болгондуктан, мал чарбасы менен алектенген жашоочуларбыз арбын. Азыр калкыбыз малдын асылдуулугун арттырууга, сандан эмес сапатка карап, малга ветеринардык көзөмөлдү тыкыр алып барууга жакшы көңүл буруп калды. Андыктан биздин кызматты пайдаланбаган бир да кожолук жок десем болот.
— Алай районундагы малдын саны арбын, аларга лабораториялык аныктоолор, пландуу эмдөөлөр кандай алынып барылууда?
— Районубузда 2023-жылдын статистикалык маалыматына ылайык жылкынын саны 17844 баш, ири мүйүздүү мал 40440 баш, кой-эчкилер 156003 баш, канаттуулар 52076 жана ит 2507 баш катталды. Ал эми лабораториялык аныктоолорго токтолсом, жылкы боюнча алынган кыкты аныктоо план боюнча 1150 үлгү бекитилсе, аны 108 пайызга аткардык. Ал эми сибирь жарасына 12500 баш жылкы эмдөөгө бекитилсе, 12672 баш эмделип, жумушубуз 101,3 пайызды түздү. Ири мүйүздүү малдардан бруцеллез оорусуна серомониторинг кан алуу планы 6700 башка бекитилсе, аткарылганы 6019 баш болду. Текшерилген ири мүйүздүү малдардан 25 баш бруцеллез оорусу аныкталып, алардын бары ветеринардык санитардык эрежелерге ылайык союлуп, жок кылынды. Ал эми кык аныктоого план боюнча 300 үлгү бекитилген болсо, аны дээрлик жүз пайызга чукул аткардык. Жалпылап айтсам, жыл ичи биздин башкармалык мамлекет тарабынан берилген малдарды эмдөөчү вакциналардын бардык түрү менен убагында камсыздалып, мал-жандыктарга кезектүү эмдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келебиз. Ал эми катталган ар бир жандыктарга лабораториялык аныктоолор адистер тарабынан күчөтүлгөн тартипте ар бир жандыктан кан алынып, кык аныктоо сыяктуу лабораториялык иштер алынып барылат. Учурда акыркы 6-7 жылдар аралыгында эпизоотиялык абал туруктуу сакталууда.
— Жүрсүнбек мырза, сиздерде жогорку билимдүү ветврачтар жетиштүүбү, деги эле кадр маселесине токтолсоңуз?
![Жүрсүнбек Өмүрзаков: "Ветеринария - жооптуу тармак"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/7b37fba6-eac8-4884-8859-3dfbdb58c66f-1024x682.jpg)
— Жакшы суроо болду. Союз учурунда биздин кызматтын баркы бийик болуп, ветврачтардын саны арбын болгонун улуу муун жакшы билет. Союз ыдыраган соң, бул тармакта иш ырааты кыйла солгундап калганы талашсыз. Ошондо ветврачтык кесипке жаштар окубай, окуса да аз санда болгон. Ошондуктан биздин тармакта иштеп жаткан адистердин саны аз. Бирок, мал киндиктүү элибизге ветеринарлар ар дайым керек болуп, алардын кызматын пайдаланып эле келишкен. Заман агымы менен учурда мал чарбачылыгы мыкты жолго коюлуп бараткандыктан, ветеринарларга да суроо-талап көп болууда.
Азыр айлык маяна жогорулап, мамлекет тарабынан жакшы көңүл буруулар орун алууда. Биздин кесип кадыры да, айлыгы да көтөрүлгөн кесип. Андыктан бул адистике окуган жаштарды тартууга аракеттерди көрүүдөбүз. Бизге жогорку билимдүү ветврачтар жетишсиз. Азыр келишимдин негизинде эки студентти жогорку окуу жайына окутуудабыз. Алар бүтүп келсе, бизге иштегени келишет. Мектептерди кыдырып, бүтүрүүчүлөргө айыл чарба тармагында, анын ичинде ветврачтыка окугула деп кеңеш берип келебиз. Азыр бизде келишим менен иштеген 22 ветеринарлардын төртөө жогорку билимдүү болсо, алтоо орто билимдүү адистер. Кыргыз эли мал жандуу болгондуктан, ар бир айылда, же шаардын чет жака белинен мал баккан жарандарды кездештирүүгө болот. Ветврач бизге дарыгерлер сыяктуу эле аба менен суудай керек. Ошондуктан бул тармакка көбүрөөк көңүл бурулуп, ветврачтыкка балдарыбызды окутсак деген ойдомун.
— Кадр жетишсиз болгондуктан райондогу калктын төрт түлүгүн асыроого сиздердин кызматкерлер үлгүрүшөбү?
— Азыр калкыбыз ветеринарлардын жетишсиздигин жакшы түшүнүп калышты. Үлгүрбөй калуубузду билип, мал эмдөөгө барганда же жайлоолорго барып текшерүү иштерин алып барууда көмөктөшүп турушат. Атайын пункттар ачылып, ал жака бирка такканга, идентификациядан өткөрүүгө активдүү келип турушкандыктан, болушунча жетишип иштөөгө аракет кылабыз. Малдын ооруп жатканын билбей калуу чарбага экономикалык гана зыян алып келбестен, бүт малдын кырылышына, адамдын ден-соолугуна да таасирин тийгизет эмеспи. Ошондуктан тургундар малы ылаңдаса жан-алекетке түшүп ветврач издеп, керектүү дарыларды тапкыча шашканга көнүп калышты. Ошондой эле, мал-жандыктарынын баарын каттоодон өткөрүп, текшертип, анын жыйынтыгы менен дарылоодон өтүүгө аракет кылышат. Биздин ветврачтар көбү тажрыйбалуу адистер. Арабызды жаштар да толуктап келүүдө. Малды төлдөтүүдө операция жолун да мыкты жолго коюшкан. Койлордун баш мээсине операция жасоо да ийгиликтүү алынып барылууда. Асылдандыруу процесси да жакшы жыйынтык берүүдө.
Маектешкен: Назгүл Өмүрзакова