![Дайынсыз жоголгону айтылган Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди Дайынсыз жоголгону айтылган Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4bef26c4-d647-46e6-a61d-29ba4cf5f33f.jpg)
Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча КР жараны Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич (“Арстан Алай” деген каймана ат менен белгилүү) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунда туулган жараны Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич (“Арстан Алай” аты менен белгилүү) кармаган.
![Дайынсыз жоголгону айтылган Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/862cd655-742e-48b4-ad72-08324d1193f5.jpg)
«Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген»,- деп айтылат маалыматта.
![Дайынсыз жоголгону айтылган Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/7941d724-1f63-4382-80c1-319b9d0d89b0.jpg)
Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынган.
![Дайынсыз жоголгону айтылган Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/d7e758eb-4eb6-41aa-b847-725af48293d0.jpg)
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.Абдылдаев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
#Арстан Алай