![Журналисттердин коопсуздугу сакталабы? Журналисттердин коопсуздугу сакталабы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/ed19d996-abfd-49c9-a4a8-dc9d363d002a.jpg)
Ошто Кызыл Ай коомунун жыйындар залында маассалык маалымат каражаттарынын катышуусунда пандемия учурунда журналисттердин коопсуздугу кандай сакталды, деги эле коомдо кандай мүчүлүштүктөр пайда болбосун журналисттердин коопсуздугун сактоого кандай шарттар жаралып келатат деген суроолордун үстүнөн тегерек стол уюштурулду.
Ага облустагы журналисттер, Кызыл Ай коомунун Ош облустук филиалынын кызматкери Абдималик уулу Бакыт катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстан Кызыл Ай коомунун жаралуу тарыхы камтылган видеоролик тартууланып, коомдун калкка кылган кызматтары жөнүндө баяндама жасалды. Андан соң, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү пандемия учурунда башынан өткөн окуяларды, коопсуздукту унутуп коюп, элге туура, так маалымат жеткирүүдө кызыл зоналарда иштеген күндөрүн эскеришти.
«Биз журналист болуп иштеген соң, кандай жагдай болбосун элге маалымат жеткирүүдө ден соолугубузду, өмүрүбүздү тобокелге салып коюп, кызмат кылып келебиз. Элибизге келген пандемия учурунда биздин маалыматыбызга эл муктаж болуп тургандыктан, аларга түшүндүрүү иштерин алып баруу, массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен элди пандемиядан асырап калуу, жайылтуунун жолуна бөгөт коюу, дарыланунун этаптары сыяктуу маалыматтарды жеткирүүдө күн-түн дебей иштедик. Коопсуздугубуз сакталбагандыктан ооруп даайыгып да чыктык»-деди Сахиба Шакирова.
Пандемия учурунда байкалбаганы менен калкыбыз, медицинабыз даяр эместигинин кесепетинен көп жоготууларга дуушар болгонубуз баарыбызды ойго салганы ачык. Пандемиядан пайдаланып азык-түлүк саткандар жалган маалымат чыгарып, товарларын саткан, дүрбөлөңгө түшкөн элден пайдаланып дарыларды кымбат саткан дарыканалардын саны артканын, деги эле пандемиядан пайдаланган терс көрүнүштөр да жүз бергени ортого салынды. Элибиз аман, жергебиз тынч болсун деген тилектер айтылды.
![Журналисттердин коопсуздугу сакталабы?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/5931ba75-bdca-4ebc-b487-cde05be9559a-1024x577.jpg)
Белгилей кетсек, Кызыл Ай коому гуманитардык ишмердүүлүгүн 1926-жылдан бери аткарып келе жатат. Уюмдун миссиясы өлкөнүн бардык жети аймагы боюнча калктын аярлуу топторунун жашоосун жакшыртууда жана жеңилдетүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Ош шаарындагы Кызыл Ай коому эң жакшы иш-чараларды жүргүзүп, жардамга муктаж, жетишпеген үй-бүлөлөргө же жетим балдарга кийимдер жана тамак-аш менен жардам берип, өз ыктыярчылары менен аярлуу топтун көңүлүн ачуу максатында чакан концерттерди уюштурушуп, көптөгөн жардамдарды көрсөтүүдө.
Кызыл Ай коому көп багытта жумуш алып барат, алардын арасынан саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаал учурунда тең-тайлаш жардам колун сунуп, материалдык да, моралдык да жардам берген ири коом. Кызыл Ай Коомунун эң негизги максаты бул аярлуу катмардагы элдин жашоосун жеңилдетүү.
Назгүл Өмүрзакова