![II экинчи Элдик курултай өттү II экинчи Элдик курултай өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2023-12-15_16-10-22_576261.jpg)
Үстүбүздөгү 15-16-декабрь күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында II Элдик Курултай өттү. Ага КР Президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, өлкө аймактарынан жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын башында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, аймактардан шайланып келген делегаттардын ишине ийгилик каалады.
![II экинчи Элдик курултай өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/79971590-3e93-4514-81d0-56cc0599563b-1024x682.jpg)
«Бүгүнкү Курултай Кыргызстандын соңку тарыхында 2023-жылы июль айында кабыл алынган Элдик курултай тууралуу Конституциялык мыйзамдын негизинде өлкөдө өтүп жаткан алгачкы курултай», — деди мамлекеттик катчы.
Ал эми Элдик Курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы болуп Жогорку Кеңештин экс депутаты Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат.
Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багыт
II Элдик курултайда сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров былтыр өткөн I Элдик Курултайда айтылган 3182 маселенин 358и чечилгенин билдирди. Анын 2200ү учурда аткарылып жатса, калган 523ү өз убагында жасалбаганына токтолду. Андан сырткары, Конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында, ушул жылдын 29-августунда “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун белгиледи.
![II экинчи Элдик курултай өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2345692.3639c1712c24d1b89dbad6d906a42da2.jpg)
“Жарлыкта Элдик Курултайды өткөрүү күнү так белгиленген. Мына бүгүн Элдик Курултайды салтанаттуу жагдайда ачып, жумурайжуртка кайрылуу жасоо милдетимди аткарганы турам. Элдик Курултай – бул мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу кубаттуу курал! Көз караштар менен пикирлердин ар түрдүүлүгү шартында Элдик Курултай улуттук маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана реформаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”,-деди С.Жапаров.
Президент өз кезегинде мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бурду. “Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз”,-деген өлкө башчы, өлкөбүздүн тамыры, өзөгү, тарыхы жана келечеги болгон мамлекеттик тил маселесин көтөрдү.
“Учурда биздин тилибиз да кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жаткан кези. Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койдум. Натыйжалуу, иштиктүү талкуулардан өткөн мыйзам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз! Нарктуулугубуздун башаты да эң ириде, эне тилибизге барып такалары талашсыз. Ошондуктан эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, ар бир жаңы төрөлгөн уул-кызыбыздын тили эне тилинде чыгып, улуу дөөлөттөрдү эне тилинде жаратып, улутубуздун түндүгүн көтөргөн намыстуу, нарктуу атуулдардан болуусуна кам көрүшүбүз абзел. Бүгүнкү улуу жыйында – Элдик Курултайда мына ушул улуу баалуулуктарды кантип калыбына келтиребиз, кантип өнүктүрөбүз деген маселелерге көңүл буруп, ой калчоого чакыраар элем”, – деди ал.
Ошондой эле келе жаткан жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет деп билдирди.
Төрага кыргыз тилине өзгөчө көңүл бурду
Президенттен кийин ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиевге сөз берилди. Ал Курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин билдирип:
![II экинчи Элдик курултай өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/410137811_674040714909154_7899243820766459275_n.730x0.jpg)
“Былтыркы жолугушуубузда Курултайдын ишин жөнгө салган Конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алууну убадалаганбыз. Парламент ал убаданы аткарып, “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору колдонууга киргизилди. Ага ылайык, Конституцияга жана тиешелүү мыйзамга ылайык өткөрүлүп жаткан бүгүнкү Экинчи Элдик Курултайда өлкөбүздүн келечегин аныктаган, мамлекетибиз үчүн маанилүү маселелер талкууланат деген ишеничтемин”, – деди.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштерге токтолгон Төрага парламентте мамлекеттик тилдин макамын көтөрө турган Конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салды.
“Аталган мыйзам кыргыз тилинин өнүгүшү жана улутубуздун келечеги үчүн кызмат кылат. Жогорку Кеңеш анын аткарылышын сөзсүз көзөмөлгө алабыз”, – деди Төрага.
Муну менен катар билимдүү эл, билимдүү улут болмоюн бакубат өлкөнү куруу мүмкүн эмес экендигин айткан Нурланбек Шакиев андыктан аталган тармакты жөнгө салган тиешелүү мыйзам долбоору да кабыл алынганын кошумчалады.
Ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көйгөйлөр тууралуу сөз кылып:
“Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты күчтөндүрүү багытында да керектүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгууда. Биз мамлекетти алдыга жылдырууга багытталган демилгелерди жана реформаларды мындан ары да колдоону улантабыз”, – деди.
Андан сырткары, ички жана тышкы миграциялык агым, андан жаралган көйгөйлөр боюнча да маселе көтөргөн Төрага:
“Айрыкча, эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин мээримин көрбөй чоңоюп жаткандыгы өкүндүрөт. Алсак, тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миңдей бала жакындарынын колунда калган. Андыктан, калкты жумуш орундары менен камсыздап, келечек ээлерине кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек”, – деп билдирди.
Министрлер Кабинетининкийинки жылга планы
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө алдыда өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, 2024-жылы Кыргызстанда 100 өндүрүштүк ишкана пайдаланууга берилиши пландалып жатканына токтолду.
![II экинчи Элдик курултай өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/5fcbb224-2316-49fa-a589-0a18e20100f7.jpg)
«2024-жылы 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Чүй облусунда эле 160 миллион долларлык Терек-Таш цемент заводу, кафель жана керамика заводу, тамеки фабрикасы ачылат. Ошондой эле Өзбекстан менен биргеликте 50 миллион долларлык машина куруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, 700 гектар жерге логистикалык шаарчанын курулушу башталат. Ошол эле учурда Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 млн. сом бөлүнгөн», — деди А.Жапаров.
Ошондой эле 2024-жылы планга ылайык, жалпы 381 объектте курулуш иштери жүргүзүлө турганын билдирип, анын ичинде 248 объект жаңыдан курула турганына токтолду.
«1 млрд сомго 80 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Курулушу узакка созулуп бүтпөй келген 135 объектини бүтүрүү каралууда. Ошондой эле 55 айылды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт», — деди ал.
Мындан сырткары, келерки жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын билдирди.
“2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Бала бакчалардын профилдери өзгөртүлүп, дагы 122 миң баланы камтыйбыз. Ошондо камтуу 40% жетет. Азыр балдарды 26,4% гана бакчага барат”, — деди Акылбек Жапаров.
Жарыш сөздө айтылган маселелер
Бийлик жетекчилеринен кийин өлкөнүн бардык аймактарынан шайланып келген делегаттарга сөз берилди. Алар негизинен жергиликтүү жана бүтүндөй өлкөнү камтыган көйгөйлөрдөн турган социалдык, экономикалык, саясий маселелер боюнча сунуштарын айтышты. Анын ичинде, тууну өзгөртүү боюнча талкуудан тартып, кадр саясатындагы алешемдиктерге чейин сөз болду. Соңунда II Элдик курултайдын жыйынтыгы менен атайын резолюция кабыл алынды.
Биринчи Элдик курултай тууралуу
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик Курултай институту киргизилген. Ошонун алкагында өткөрүлгөн I Элдик курултайда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, жакында анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат. «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлунда кабыл алынган. Мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик Курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.
Асанбек Каракозуев