!["Кулунчак" билим берүү комлекс мекемесине - он жыл "Кулунчак" билим берүү комлекс мекемесине - он жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4e1abdd3-c9de-4941-a34e-44a158df1df7.jpg)
Ош шаарынын Манас-Ата районунда жайгашкан үч кабаттан турган жеке менчик «Кулунчак» билим берүү комплекс мекемесинин ачылганына 10 жыл болду. Ушул жылы билим уясынын жеткинчектери, жалпы жамааты, ата-энелер, расмий адамдардын катышуусунда аталган мекеменин 10 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Киргенден эле адамга жылуу маанай тартуулаган «Кулунчак» билим уясын 40 жылдай педагогикалык тажрыйбасы бар инсан, аталган мекеменин негиздөөчүсү Каратаева Үмүт Сатыбаевна жетектейт. Биз аталган билим уясы жөнүндө кенен маалымат алдык жана директоруна суроолорубузду узаттык.
«Кулунчак» жеке менчик билим берүү комплекс мекемеси алгач 2013-жылы бала бакча катары ачылган. Эки жылдан соң, 2015-жылы аталган бала бакча жалпы билим берүү мекемесине айланган. Башкача айтканда, ата-энелердин суранычы менен, башталгыч класстын окуучулары үчүн класстар ачылган. Азыркы кезде 6-класска чейин класстар ачылып, окуучулар билим алып жатышат. Учурда билим уясында 5-6-класстар бирден, 1-2-3-4-класстар экиден класс комплекти менен 25тен кем эмес окуучулар окушат. Бала бакчасында кенже, ортоңку, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынын ар биринде 25 тен бала тарбияланат. Окуучулар жана бала-бакчанын балдары үч маал тамак-аш менен камсыздалып, эртеден кечке ошол жерде болушат. Билим уясы алты күн иштейт. Башталгыч класстын окуучуларына орус тили, математика, англис тили тереңдетилип окутулат. Окуу куралдарын ата-энелер өздөрү сатып беришет.
!["Кулунчак" билим берүү комлекс мекемесине - он жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/9ebf1809-c76d-4f1b-8b38-810b8eeaee22-1024x576.jpg)
Мектептин материалдык-техникалык базасы жана кадрдык базасы жетиштүү. Билим уясында жалпы 40 кызматкер эмгектенсе, анын 30у педагогдор. Бардык бөлмөлөргө көзөмөл камералары коюлган. Мектеп борбордук жылуулукка туташып, кирсең ар бир класстын, ар бир тайпанын ичи жылуу.
Жеткинчектердин экинчи үйү болгон «Кулунчак» мекемеси дегенде эл арасында жылуу пикир көп айтылат. Анткени, бүгүн да, эртең да, айрыкча ааламдашуу шартында билим гана маанилүү болуп турганын терең түшүнгөн директордун кылдат иш алып барып жатканы башкаларды кубандырат. Бул жагынан директор Үмүт Каратаеванын адамдык жана педагогикалык көрөңгөсү, турмуштук тажрыйбасы бай экен. Эл тараза, эл сынчы. Ооба, «Кулунчакка» алыс-жакындан баласын жетелеп келген ата-эненин көптүгү да буга далил.
— Үмүт Сатыбаевна, эл арасында жеке менчик билим уяларынын кирешесин кеп кылышат да, анын түйшүгү тууралуу айтышпайт?
!["Кулунчак" билим берүү комлекс мекемесине - он жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/df48d19c-f70f-4c08-930e-2d67192efc1b-682x1024.jpg)
— Чакан бир өндүрүш мекемесин түптөп, аны иштетип, андан ары алып кетүү оңой эле иш эмес. Ага салыштырмалуу балдардын билим-тарбия мекемесин түптөп, келечек муундар менен иштөө абдан назик, өтө татаал, кылдат иш эмеспи. Мугалимдик кесип-катардагы эле кесип көрүнгөнү менен, башка кесиптерден өзгөчөлүгү — кичинекей наристелердин таза, бае, аруу дүйнөсүнө билим-тарбияны туура жеткире билүү. Баланын рухий дүйнөсүн таап, аны менен сүйлөшүү оңой эмес. Айтып отурсак, мугалимдик өтө татаал кесип.
Мектеп, бала бакча-бүгүн же эртең эле жыйынтыгын бере калчу ишкана эмес. Бүгүнкү берилген билим-тарбия баланын келечеги менен тыгыз байланыштуу. Эгер, ошол мектеп бүгүн окуучуга билим-тарбияны жеткире алса, эртеңки күнү ошол бала билимдүү, жаратман жана тарбиялуу инсан болсо ошол мектептин, мугалимдин эмгегинин үзүрү, мээнети.
— Менчик мектеп, бала бакчалар кө- бөйгөн сайын атаандашуу болсо керек, Сиз мекемеңизге педагогдорду кантип тандап аласыз?
— Мен мугалимди, тарбиячыны ишке алып жатканда биринчи эле «Сен өз кесибиңди туура тандай алдыңбы?» деген суроону берем. Анткени, ар бир адам өз кесибин туура тандай алганда гана иштей алат. Экинчиден, тарбиялап жаткан бөбөктү же окутуп жаткан окуучуну өз балаң катары сүйө аласыңбы, ага энелик мээримиңди төгө аласыңбы? деген суроолорду берем.
Анткени, педагогикалык билим адамдык сапаттар менен айкалышканда гана балага билим-тарбия жугуп, педагогикада жетишкендик болот. Мугалим болуу үчүн теориялык жана методикалык билим жетишсиз. Демек, биз кызматкерлерди билимине эле карабай адамдык сапатына, баланы түшүнүүсүнө карап ишке алабыз. Педагогдорубуз көп жылдык стажы бар, тажрыйбалуу инсандар. Бүгүнкү күндө жакшы педагогдорду табуу кыйын чынында. Арасында жаштар да бар, аларды ишке алып, сабагына катышып, өзүм эне катары, жетекчи катары жакшы мугалим болуусуна көмөктөшөм.
Ооба, менчик билим-тарбия мекемелеринде ич ара атаандашуу болот. Бирок, биз андай атаандашууга чочубайбыз. Анткени, эч кандай жарнамасыз эле балдардын бизге көп келип жатканы эле күбө боло алат. Биз орус тилдүү мекеме болгондуктан, ар улуттун өкүлдөрү иштешет жана ар улуттагы балдар келишет.
— Мектебиңизден бир окуучуңуз республикалык сынакта математика сабагынан биринчиликти багынтып, ийгиликтүү окуучулардын катарында Европага барып келиптир?
!["Кулунчак" билим берүү комлекс мекемесине - он жыл](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/66e2564f-35f4-4025-b84a-84402d93c49c-1024x768.jpg)
— Ооба, өткөн 2022-2023-окуу жылында Бишкектеги «Билимкана-Бишкек» деген англис тилинде билим берген, жеке менчик билим берүү мекемеси уюштурган сынакка биздин мектептин учурда 6-классында окуп жаткан окуучусу Жумабаев Барсбек балабыз математика боюнча катышып, республикалык турдан биринчиликти алды. Барсбек райондук, шаардык, облустук турдан өтүп, республикалык сынакка барды. Бул биз үчүн, мугалимдерибиз үчүн чоң жетишкендик. Бул балабыз мындай сынакка мындан мурда да катышып, республикада төртүнчү орунга ээ болгон эле. Мыкты окуучу, бардык сабактардан жакшы өздөштүрөт. Мындан сырткары, өткөн жылы үч окуучубуз англис тили боюнча райондук, облустук турдан өтүп, Бишкекке барып республикалык турга катышып, белектерге ээ болуп келишти. Мектеп жамааты, окуучу үчүн райондук, облустук баскычтардан өтүп, республикалык жана эл аралык олимпиадага катышуунун өзү чоң ийгилик. Кошумчалай кетсем, бизден бүтүп кеткен окуучуларыбыздын көпчүлүгү «Сапат», «Билим» сыяктуу мектептерде окуусун улантып жатышат.
— Мекемеңизде башталгыч класстын мугалимдери экиден классты жетектегени бар экен?
— Башталгыч класстын мугалимдери экиден классты жетектешет. Ошол эле кезде ар бир класс жетекчиге педагогикалык билими бар бирден ассистент жардам берет. Расписаниелер ыңгайы менен түзүлүп, бир дагы сабак үзгүлтүккө учурабайт. Балдар эртең менен мектепке келип тамактанган соң сабак башталат. Түшкө чейин дээрлик негизги делген сабактар өтүлөт. Түштөнүүдөн кийин окуучулар үй тапшырмасын аткарышат жана негизги делген предметтер боюнча кошумча сабактар өтүлөт. Жазылган окуучулар хореография, таэквондо, менталдык арифметика жана логопед ийримдеринде катышышат. Окуучулар бош калышпайт.
— Мындагы коопсуздук маселесине токтолсоңуз?
— Бизде коопсуздук бардык жагынан сакталат. Ата-энелер мектептин ичине киргизилбейт, күзөтчүлөр жана кызматкерлер баланы кабыл алып, кайра чыгарып, карап турушат. Балдарды эрте менен ата-энелер өздөрү алып келип, кечинде өздөрү алып кетишет. Балдардын тамак-ашын кеңири беребиз. Бул боюнча өзүм көзөмөлдөп, жыйынтыгын чыгарып турам. Мугалимдерге айтам, тамак жебеген баланы карагыла, баланын баары тамак жеш керек деп. Ошондой эле, балдардын тазалыгын карап, текшерип туруучу дарыгерибиз да бар. Айта кетсем, биз башынан эле эмделбеген балдарды бала-бакчага да, мектепке да кабыл албайбыз.
— Мекемеңизде кайрымдуулук иретинде жылына 5-6 балага акысыз билим-тарбия берилет экен?
— Ооба, мен өзүм демилге көтөрүп, кайрымдуулук катары жылына мекемеге келгендердин арасынан 5-6 баланы акысыз окутуп, тарбиялап келе жатабыз. Мисалга, көп жылдан бери иштеген ашпозчунун кызы быйыл 6-класс болду, бекер окутабыз. Анын күйөөсү көзүнөн майып. Кара-Суу районунан келип жүргөн 6-класста окуган дагы бир кызыбыз бар аны да бекер окутуп келебиз. Атасы бар болчу, ал да өтүп кетиптир. Ушундай дагы 4-5 балабыз бар. Бул балдардын баары башка балдар кандай шартта болсо ошондой шартта жүрүшөт.
Гүлбара Мамазияева, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү