![Ош шаарында да орус тилин окутуу борбору ачылды Ош шаарында да орус тилин окутуу борбору ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/411529795_693195966332637_7758845646106349422_n.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
Ош шаарындагы “Орус үйүндө” “Роскызматташтыктын” өкүлчүлүгү алдында орус тилин окутуу боюнча окуу борбору ачылды. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, “Орус үйүнүн” жетекчиси Дмитрий Аврам жана башка кызмат адамдары катышты.
Өз кезегинде Н.Кадыров калаа тургундарына жана конокторуна орус тилин үйрөнүү жана Орусия менен Кыргызстандын маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенин билдирди.
Борбор заманбап жабдуулар, эмеректер, эң акыркы окутуу, усулдук колдонмолор жана көркөм адабияттар менен жабдылган. Бул жерден каалаган адам орус тилин үйрөнө ала турганын белгилеген Д.Аврам: «Биздин жаңы борбор заманбап технологиялардын жардамы менен тил, адабият жана башка сабактарды үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди.
Буга чейин “Роскызматташтыктын” колдоосу менен Кант, Нарын жана Талас шаарларында орус тилин окутуу борборлору ачылган.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-октябрда Бишкек шаарында КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда өткөн саммиттин жыйынтыгы менен орус тилин колдоо жана илгерилетүү максатында атайын документ колдоо тапкан. Анда орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү тууралуу келишим кабыл алынып, президенттердин орус тилинин улуттар аралык байланыш тили катары өнүгүшүн колдоо тууралуу билдирүүсү бекитилген.
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]