![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/c918e133-b5c2-43ea-9ea5-2ce1b5e938d0.jpg)
Ош шаарындагы “Достук” автобекетинен өткөн соң, Өзбекстандын кайсыл шаарына же районуна барбагын, катар тизилген автомашиналардын айдоочулары алдыңан утурлап чыгып, каалаган жериңе алып барууга даяр турушат. Биз дагы Өзбекстанды эң мыкты билген, көп жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар, Кабылжан аттуу айдоочунун машинасына олтуруп сапар тарттык.
Ал жолдо жерлердин аттарын айтып, бизге тааныштырып баратты. Жаштык кезин Ташкент шаарындагы пиво заводунда иштеп өткөргөнүн, Ташкент шаарынын коен-жатагына чейин жакшы билээрин кеңири айтып, суроолорубузга жооп берип баратты.Узун жолдо сүйлөшүп баратып, Ташкент шаарына да кирип бардык. Көчөлөрдүн кеңдиги, тазалыгы, көз жоосун алат. Унаалардын көпчүлүгү ак түстө. Ал эми такси кызматындагы унаалардын бардыгы сары түстө, айдоочулар болсо жолдо жүрүү эрежелерин так жана туура сакташат.
![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/cdfac3ce-d29e-4a2b-8886-7910aa1a7c4e-768x1024.jpg)
Өзбекстан Республикасындагы Ташкент шаары эң байыркы шаарлардын бири болуп эсептелет. Мындан 2000 жыл мурун пайда болгон. Шаардын климаты ысык болгондуктан, көпчүлүк имараттар ак, асман көк, саргылт түстөгү боектор менен боелгон.
Өзбекстан импорттолгон унааларга бажы төлөмүн дээрлик эки эсе жогору койгондуктан, жергиликтүү калк өздөрүнүн өндүрүшүндөгү унааларды айдоого муктаж. Чет өлкөлөрдүн маркасындагы унааларды көп жолуктурбадык. Шаар тургундары негизинен коомдук транспорттордо, метродо жана автобустарда көп жүрүшөт.
Борбор Азиядагы белгилүү Ташкент шаарындагы метро азыркы учурда кеңейтилип, жер үстүндөгү каттамдар да кеңейтилген. Андан тышкары, бир шаардан экинчи шаарга ылдам жүрүүчү поезддер каттайт.
![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/b9ccc388-3ded-4684-8b8d-0a0fbb92a27b-768x1024.jpg)
Шаардын архитектурасы жөнүндө сөз кылсак, өткөн кылымдарда курулган музейлер, кооз-кооз бийик имараттар ушул күнгө чейин сапатын, сынын бузбастан сакталып турат. Кийинки жылдары жаңыдан архитектуралык имараттар курулуп, шаардын көркүнө көрк кошуп, ого бетер кооз жана сулуу көрсөтүп турат.Тарыхый курулуштарды оңдоп-түзөө иштерине да көңүл бурушат. Союз мезгилиндеги курулган эски эстеликтер жокко эсе. Тарыхый жайларга инсандардын ысымдарын жана айкелдерин тургузууга маани беришет.
![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/a2ffb56f-e749-4a2f-b895-fe7c921819d7-768x1024.jpg)
Айрыкча, суу жээктерин көрктөндүрүүгө басым жасашат экен. Айта кетсек, Ташкент шаарын аралап өткөн каналдын жээгин да сейилдөөгө ыңгайлаштырып, көрктөндүрүшкөн. Андыктан, Ташкент шаарына саякаттап барсаң, кооз жайлар көп. Айта турган болсок, “Минор мечити”, “Аза күткөн эне”,- ”Аскердик мемориалы”, А. Навои атындагы опера-балет театры, Эс алуучу парк, зоопарк, музей,”Ташкент Сити”, Телемунара, Аш борбору, Чорсу базары ж. б.
Биз экинчи күнкү сапарыбызда Самарканд шаарына карай жол тарттык. Бул эки шаардын аралыгы ылдам жүрүүчү поезд менен эки сааттык жол. Ал эми автомашинада болсо беш-алты сааттык жолду түзөт. Самарканд шаарындагы “Регистан” аянты орто кылымдын маданий борбору аталган. Самарканддын так ортосунда бири-бирине маңдай-тескей жайгашкан Улукбек, Шердор жана Тилла кары медреселери бар. Медреселердин ар биринин өзүнчө тарыхы жана таржымалы бар. Орто кылымга таандык кеңселер, казармалар, сарайлар, кампалар, ибадатканаларды жана өнөрканаларды көрүүгө болот. Мирзо Улукбектин обсерваториясы да бар. Тилекке каршы, дүйнөлүк илимге салым кошкон обсерваториянын бир бөлүгү гана сакталып калган.
![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2e6a54b3-db6d-477e-b736-6cec41c8bf72-768x1024.jpg)
Самарканд шаары туристтик жайлардын бири болуп эсептелет. Өзбекстан Республикасынын туңгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө саякаттап келгендер куран окушуп, гүлдөрдү коюп турушат. Афросиаб көрүстөнүндөгү бир канча уламыштарды өзүнө камтыган Даниллдин күмбөзү, ошондой эле узундугу 17 метр келген табып, көп жылдык карт тарыхы бар бадам дарагы да бар. Самарканд шаарындагы тарыхый жайлардын бири Шах- Зинд комплекси. Комплекс 20 мавзолейге тең келген 44 күмбөздөн турат. Самарканд ситиге барганыбызда кечкисин түрдүү түстөгү жер астынан атырылып чыккан фонтандан экс-президент И.Каримовдун, Өзбекстан Республикасынын азыркы президенти Шавкат Мирзиеевдин портреттери көрсөтүлүп жатты. Ал эми базары да туристтердин эң көп каттаган жайларынын бири болуп эсептелет. Тейлөө тармагында болсо аялдарга караганда эркектер көбүрөөк соода-сатык иштери менен алектенишет. Соода жүргүзүүдө кардарларга элпек, сылык мамиле жасашат. Соода жасагандарга арзандатуу жагы да бар. Белгилесек, Самарканд палоосу мейиз, нокот менен жасалат. Ал эми нанынын жасалгасы да өзүнчө бир искусство.
![Туристтерди кызыктырган Ташкент менен Самарканд](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/61925944-5fbb-4d88-8810-a49d6c8b95b9-768x1024.jpg)
Бурма Ысакова, Ош–Ташкент–Самарканд