![Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/money_main.jpg)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алгачкы нумизматикалык эстелик монеталарын 1995-жылы чыгарып баштаган. Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир же нумизматикалык баалуулук гана болуп эсептелбестен, маалымат булагы да болуп саналат. Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасы Кыргызстандын кооздугун, кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалоого багытталат.
Коллекциялык монеталар ошондой эле, кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өлкөбүздө болуп өткөн тарыхый окуяларды, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстанда жок болуп бара жаткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөйт.
Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык мелдештерге катышып сыйлыктарга ээ болуп келүүдө. Айтсак, «Чынгыз Айтматовдун чыгармалары» сериясындагы монеталар Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монеталар даражасы — 2010» эл аралык эстелик монеталарынын төртүнчү сынагынын алкагында «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйү тарабынан Ардак грамотага ээ болгон. Ал эми «Улуу Жибек Жолу» монетасы 2013-жылы өткөн Берлин шаарындагы «Krause Publications» басылмасы тарабынан «Бир кыйла тарыхый мааниге ээ монета» номинациясы боюнча уюштурулган «Жылдын монетасы» сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылган. «Саймалуу-Таш» коллекциялык күмүш монетасы Москва шаарында өткөн «Монеталар даражасы 2014» сынагында «Жылдын күмүш монетасы» номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болгон.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банкноттордон жана циркуляциялык монеталардан башка дагы маданий-таанытуу максаттарында, ошондой эле Кыргызстанды дүйнөлүк нумизматикалык рынокто татыктуу көрсөтүү үчүн алтын, күмүш жана жез-никель монеталарын да чыгарып келет. Алтын жана күмүш монеталар коллекциялык жогорку «пруф» («proof») сапатына ээ жана алар алтын жалатуу, голограмма, тампондук мөөр басуу, кычкылдануу, ар түрдүү таштарды чөгөрүү (асыл таш, Сваровски кристаллы) сыяктуу заманбап технологияларды пайдалануу менен даярдалат.
Борбор Азияда эң туруктуу валюталардын сап башында турган биздин сомубуздун жүгүртүүгө киргенине быйыл 30 жыл болду. Улуттук валютабыз 30-жыл ичинде, кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын даңазалаган банкноттор менен гана толукталбастан, алтын, күмүш жана жез-никель нумизматикалык эстелик монеталары менен да толукталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган эстелик монеталар көбүнчө коллекционер-нумизматтарга, туристтерге кызыгуу жаратып, биздин эң кооз, ажайып өлкөбүз тууралуу эстелик катары сатып алынып турат. Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын саны 90го жетти. Алардын ичинде алтын коллекциялык монеталардын 5 түрү, күмүш монеталардын 62 түрү, жез-никель монеталарынын 23 түрү бар.
Улуттук банк тарабынан чыгарылган бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ошондуктан, монетанын ээси, албетте монетада көрсөтүлгөн 10 жана 100 сом номиналындагы наркы боюнча аны төлөм каражаты катары колдоно алат. Бирок, монеталар, биринчи кезекте, коллекция катары топтоо үчүн каралгандыктан, алардын нумизматикалык баасы номиналдык наркынан кыйла жогору экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Монеталардын сатыкка коюлган наркы анын өздүк наркына дээрлик туура келет, анткени Улуттук банк монетаны сатуудан пайда табуу максатын көздөбөйт. Монеталар канчалык аз чыгарылса, наркы ошончолук жогору болот. Аларды Улуттук банктын кассасынан белгиленген баа менен сатып алууга болот. Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатууну токтотоору менен алардын наркы өсө баштайт. Нускасы түгөнгөн монеталарды Улуттук банк кайрадан жасап чыгарбайт жана жүгүртүүдөн сатып албайт. Монеталардын наркы кийинчерээк нумизматикалык рынокто аныкталат, көбүнчө бул нумизматтардын тандоосуна жараша болот.
Кыргызстандын коллекциялык монеталары боюнча кеңири маалыматтар жана алардын баалары Улуттук банктын www.nbkr.kg официалдуу сайтында жайгаштырылган.
Сомдун 30 жылдыгына карата чыгарылган күмүш монеталар
«Сомго 30 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетинде ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин элесинин фонунда «30» саны жана сомдун графикалык белгиси «с» түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөтү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: «Сомго 30 жыл / Сому – 30 лет», ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28.28 g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.
![Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/8d7661d1-a888-4aa4-9186-7884be7bdc94-1.jpg)
Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023).
![Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/78d9675e-11c6-4ff2-8ed8-ba9a98b430d4.jpg)
«Тиричилик буюмдары: тай туяк» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тай туяктын сүрөтү түзөт: монетанын жогору жагында анын аталышы: «Тай туяк» жазуусу, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы (500 с) көрсөтүлгөн.
![Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/da68930f-fc39-4c53-99b6-58fa5a8ed4bc.jpg)
Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолорунун жана тиричилик буюмунун алкагында кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, ал эми жалпы сүрөттөлүшү байыркы жана азыркы доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын четин тегерете: «Национальный банк Кыргызской Республики / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.
![Улуттук банктын коллекциялык монеталары-маалымат булагы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f0906b75-3af1-4b5d-8334-ea0a95545699.jpg)
Коллекциялык баалуулуктарды сатып алуу маселелери боюнча Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгына иш күндөрү саат 9:00 – 14:00 чейин кайрылууга болот. Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 119. Байланыш телефондор: 0(3222)4-84-65, 4-84-29, 4-83-82, 4-83-67.