![Архив - баалуу казына Архив - баалуу казына](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/foto16.jpg)
Архивдик документтерсиз мамлекеттин жана элдин тарыхын элестетүү мүмкүн эмес. Ар кандай маалымат архив аркылуу гана тастыкталаары белгилүү. Архив ишинде колдонулуучу укуктук-ченемдик актыларды, эрежелерди, усулдук иштелмелерди окуп үйрөнүү менен иште колдонулушу, жайылтылышы боюнча семинар-окуулар уюштурулууда. Бул багытта Араван районунда Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы тарабынан «Араван райондук мамлекеттик архивинин материалдык- техникалык базасын чыңдоо жана ведомстволук архивдердин ишин жөнгө салуу» деген темада семинар-окуу өткөрүлдү.
Иш-чарага облустун аймагындагы райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдердин орун басарлары, райондук социалдык фонддун башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун башчылары, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, райондук архивдин башчылары, архив кызматкерлери, Араван райондук мекеме- ишкана жетекчилери, архивариустары, иш жүргүзүүчүлөрү катышышты.
Семинар-окуунун жүрүшүндө райондун аймагындагы А. Анаров айыл өкмөтүнүн жана райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ведомстволук архивдери менен тааныштыруу болду. Анда аталган мекемелердеги архив кызматынын иш-аракеттери, документтерди сактоонун шарттары жөнүндө сөз болду.
![Архив - баалуу казына](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/408388d5-7a81-4820-bd13-e9987a902072.jpg)
Андан соң, семинардын катышуучулары Араван райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты менен таанышып, архивдин материалдык техникалык базасы, документ сактоочу жайларын көрүп чыгышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында улантылды. Анда негизинен ведомстволук архивдин шарттары, иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшү жөнүндө сөз болду.
Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алайчиев архивде аткарылып жаткан иш-аракеттер, жетишкен ийгиликтер, түйшөлткөн көйгөйлөр тууралуу баяндама жасады.
Ал эми Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Шырман Маматова архивдин материалдык- техникалык базасы жөнүндө кенен түшүндүрүп берди. Семинар-окуунун катышуучулары архив кызматы боюнча өздөрүн кызыктырган көптөгөн тиешелүү маалымат көндүмдөрүнө ээ болушту. Ошондой эле, айтылуу Араван мамлекеттик архивинин түзүлүүсү, жаңы имараттын курулуп пайдаланууга берилиши боюнча маалымат алуунун мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
«Араван» аталуунун тарыхы
Белгилей кетсек, Араван району алтын колдуу пахтачылары, бак-дарактарды өстүргөн багбандары, өнөрпөз, эмгекчил инсандары, мөлтүр кашка тунук Араван сайы, «Дул–Дул-Ат», «Чил-Устун» (кырк устун) тоолору,«Чарбак» сыяктуу ыйык жерлери менен өзгөчөлөнүп турат.
«Араван» сөзү фарс тилиндеги «Об-равон» (суусу тунук, тегиз) деген сөздөн келип чыккан. Араван бизге чейинки I-IV кылымдарда өнүккөн Даван мамлекетинин карамагында болгон. Бул мамлекет өзүнүн учкуч аттары менен даңктанып келген. «Аргума» аттар деген сөз кийинчерээк Араван болуп айтылып калган дешет.
Араван районунун өнүгүп-өсүшүнө өз учурунда районду жетектеген Айтматов Төрөкул 1931-1933-жылдары партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары болуп иштеп жана Б.Ибрагимов, Я.М.Ахунов, А.Исмаилов, М.Махамадов, Э.Жусуев, А.Бостонов, С.А.Тургунов, Ш.Ж.Артыков, К.Т.Шайназаров, П.К.Мурзабарамов, К.Г. Айтибаев иштеп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн олуттуу салымдарын кошууга жетишишти. Учурда Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп С.Д.Кулубаев эмгектенүүдө.
Араван архивинин түзүлүшү
Араван райондук мамлекеттик архиви 14.07.1977-жылы Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин №377-токтомунун, Ош областтык аткаруу комитетинин жана Араван райондук аткаруу комитетинин тиешелүү чечиминин негизинде түзүлгөн. Алгач райондук билим берүү бөлүмүнүн имаратында жайгашкан. 2006-жылы райондук калкты жайгаштыруу бөлүмүнүн имаратына которулган. 2009-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратына көчүрүлгөн.
1978-2002-жылдарга чейин Араван райондук ведомстволук архиви болуп аталып келген. Кыргыз Өкмөтүнүн 29.04.2002-жылдагы № 264- токтомунун негизинде Араван райондук мамлекеттик архиви болуп аталган.
1934-1970-жылдары түзүлгөн архивдин 54 фонду, 80 тизим, 4537 сактоо бирдикти түзгөн. Араван райондук мамлекеттик архивинде учурда 156 фонду, 17778 сактоо бирдикте 1932-2017-жылдардын документтери сактоодо турат.
Айгүл Матиева