![Чоң-Алайда ири долбоорлор ишке ашат Чоң-Алайда ири долбоорлор ишке ашат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/chong-alay_district.jpg)
Жакында облус башчысы Эльчибек Нуржадыевич Джантаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анын алкагында бир нече иш-пландары менен тааныштырган. Облус башчысынын мына ошол иш-пландарынын ичинен биздин көзгө урунган кээ бир аткарылчу иштерине саресеп салып, анын аткаруу жолдорун изилдеп көрдүк. Дегенибиздей, биздин көңүлүбүздү бурган маселелердин бири мурунку Бел-Алма, учурдагы Беш-Арча көмүрүн Кытайга экспорттоо максатында узун жолду кыскартып, Беш-Арча көмүр карьери орун алган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагынан Эркештам өткөрүү пунктуна чейин элүү километр жол куруу маселеси болду. Бул иштер кандай жүзөгө ашаарын тактоо максатында өкүлдүн орун басары Турганбаев Зарлык Турганбаевичке кайрылып, маалымат алдык.
![Чоң-Алайда ири долбоорлор ишке ашат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/1397156.8de8ec071a2e74cfbf8242478fa03312.500.jpg)
Беш-Арча чыгым чыгарат
Негизинен Беш-Арча көмүр карьери коңшу облустун аймагында жайгашкандыктан, ал тарап менен сүйлөшүүлөрдү алып барган облус бийлиги ички рынокту көтөрүү, көмүрдү экспортко чыгаруу максатын көздөгөн. Учурда Беш-Арча компаниясынын инвесторлору Россиялыктар болгондуктан, алар менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп, көмүрдү Кытайга экспорттоонун жолун караштырышкан. Аралык алыс болгондуктан жакын жол куруунун жолу изилденген. Ошондо Кожо-Келең тараптан Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына чейин мурун курулган эски жол бар экени аныкталып, бирок, ал жол жараксыз болуп, кооптуу аймактары көп болгондуктан пайдаланылган эмес. Мына дал ошол жолдун кооптуу аймактарын оңдоп, жараксыз жерлерди кыя өткөн жаңы жол куруу көздөлгөн. Бул жолго кетүүчү чыгымды Беш-Арча компаниясы моюнга алып, жол куруунун жолдорун изилдөө үчүн «Витрин» жоопкерчилиги чектелген коомуна буюртма беришкен. Азыр аталган коомдун адистери жол куруунун жолдорун изилдешип, иш алып барышууда.
Техникалык жол тез бүтөт
Алысты жакын кылган бул техникалык жолдун документ иштери аяктаган соң, жол салуу кызуу колго алынмакчы. «Витрин» ЖЧКсы изилдеген жол мүмкүн жайыт жерин кесип өтсө, токой чарбасынын жерин араласа, мамлекеттик запастагы жерлерден өтөбү, кыскасы баарын аныктап, натыйжасын сунуштайт. Мына ошол корутундуга карап, облустук бийлик жерлерди трансформациялоого көмөктөшүп, документ иштерин бүтүрүп бермекчи. Бул жол техникалык болгондуктан асфальт төшөлбөй, оор жүк ташуучу унаалар жүрүүгө ылайыкташмакчы. Эгер, жол иши башталса Беш-Арча компаниясы жолду эки-үч айда пайдаланууга тапшырмакчы.
Жакын жолдун жардамы
Эркештам өткөрүү пунктуна баруучу жол Оштун аймагынан өткөндүктөн, дээрлик 400 километрден ашуун аралыкты түзөт. Аталган жол эки эсе, мындайча айтканда, 205 км. аралык кыскарат. Бул жолду курбай туруп, Кытайга көмүрдү экспорттоого чыгарганда көп көйгөйлөр жүз бермек. Биринчи жол тыгыны пайда болуп, кээ бир жерлердеги асфальттын кыртышы бузулуп, жолдордун абалына зыяны тиймек. Мына ошол көйгөйлөрдү болтурбай, оор жүк ташуучу унаалар жүрүүчү жолду ачуунун бирден-бир пайдасы өлкө үчүн маанилүү экенин байкадык. Техникалык жол ишке кирсе, Кытайга бир гана көмүр эмес, башка товарларды да ташууга пайдаланса болоору бышык. Бул келечекте Кытай менен болгон соода-сатыкты, экспортту көбөйтүүгө өбөлгө болот.
![Чоң-Алайда ири долбоорлор ишке ашат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2d88f4f5-6158-4de8-a138-62d3eb89e93a-1024x570.jpg)
Кара алтындын кадыры
Алсак, Беш-Арча компаниясынын карамагында көптөгөн чакан көмүр казган компаниялар да ишмердүүлүгүн алып барат. Андан да бери келгенде Кожо-Келең, Кичи-Алай карьерлериндеги көмүр компаниялары бар. Ош облусунун калкына алганда жылына 233 миң тонна көмүр талап кылынат. Ал эми көмүр карьерлери жылына 2 млн. тонна көмүр казууга кудуреттүү. Ошондуктан миллиондогон тонна көмүрдү өндүрүп, аны экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүктү пайдалануунун жолу каралууда. Дегенибиздей, Беш-Арча көмүрү азыр ички рынокко чыгуу менен Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолуп келүүдө. Келечекте Кытайга жылына 15 млн. тоннадан көмүр экспорттоо болжолдонуда. Жергиликтүү калктын да Беш-Арча көмүрүнө суроо-талабы жакшы болгондуктан, тез сатылууда. Эгер, аталган техникалык жол ишке кирсе, анда көмүр карьерлеринин иши илгерилеп, жумушчу орундар түзүлүп, калктын социалдык абалы жакшыраарына шек жок.
Кашка -Сууга көмүр топтоочу база курулат
Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынан жер ажыратылып, көмүр топтоочу база ачылмакчы. Ал жерге карьерден кыска жолду кесип өтүп келинген көмүрлөр топтолуп, андан соң, Кытайга ташылмакчы. Көмүр десек эле көмүрдүн чоң-чоң отко күйүмдүү кара алтыны эмес, көмүрдүн эң майда сорту экспорттолмокчу. Белгилүү болгондой калкыбыз көмүрдүн майда сортун дээрлик колдонушпайт. Аны пайдаланбаган соң, мүмкүнчүлүктү бой бербей, кармап калуу зарыл. Биз кеп кылган Беш-Арчанын көмүрүнүн сапаты да талапка жооп бергендиктен экономикага пайдасы тиери айдан ачык.
Андыктан жакшы ишке жардамдашып, жумурткадан кыр издебей аны колдоого алып, өлкөбүздүн экономикасынын өсүүсүнө көмөктөшүү ар бир жарандын милдети демекчибиз.
Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү үчүн «Эркештам» өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
Дегенибиздей, облус башчысы Эльчибек Джантаев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономиялуу облусунун губернатору менен сүйлөшүүлөрдү алып барган. Ага улай Эльчибек Джантаев бир топ долбоорлорду ишке ашырууга аракеттерди көргөн. Мунун негизинде Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу чек арага чектеш жайгашкан Нура айылына оор жүк ташуучу техникалар токтоочу жай куруу пландалганы маалымат жыйында айтылганы маалым. Дал ушул долбоордун ишке ашуусунан кийин кандай жумуштар жүз берээри баарыбызга кызык. Андыктан биз өкүлдүн орун басары Турганбаев Зарлык Турганбаевичке кайрылдык. Дегинкиси аталган оор техникалар токтоочу жайдын Нура айылына курулуусу, ал жердеги калктын жумуш орундары менен камсыз болуусун шарттаса, экинчиси жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ыңгайлуулук жаралмакчы. Бул жайга автоунаа жуучу жай, тамактануучу чакан ашканалар курулуп, жергиликтүүлөр аны иштетишмекчи. Андан сырткары, мал киндиктүү элдин колунан жасалган курут, май, бал сыяктуу айыл чарба азыктарын саткан күркөлөрдү да иштетишсе, үй-бүлөлүк бюджетке кошумча каражат түшүп тураары бышык. «Эбин тапсаң экини жейсиң» демекчи, каражат табуунун жолун өздөштүрүүгө эмнеге болбосун. Аталган унаа токтоочу жай курулса, Сары-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилип, жергиликтүү бюджетти да көтөрүүгө өбөлгө болот.
Мындагы дагы бир көйгөй автоунаа тыгыны. Бул көйгөй – кудайдын куттуу ар бир күнүндө катталып, дээрлик 20 километр жерге чейин чубалган фуралардын тыгыны пайда болуп турат. Кээде каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулардын кесепетинен унаалар бет келген учурда жол жээктеп чыгып, жол бошотуп берүүгө да мүмкүнчүлүк жок болуп калган учурда, айдоочулардын шайы кетпей койбойт.
Жеңил унаа болсо да бир жөн, артында экиден прицеп улаган унаалардын кыймылын элестеткенде эле, мындагы тыгын көйгөйүн айтпасак да белгилүү боло түшөт. Мына ушул көйгөйгө чекит коюлар күн аз калды десек болот. Облус башчысынын сунушу менен «Эркештам» постунан бери карай Нура айылына чейинки алты километр жолго төрт тилкелүү жол курууну кытай тарап колдоого алган. Долбоор даярдалып, аткаруу иштери колго алынууда. Жаз алды асфальт төшөө иштери жүз берсе, мындагы оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны жоюлуп, кезек күткөндөрдүн саны кыскармакчы. Бул алдыдагы жүз берчү жумуштар болсо, учурда постко бара жаткандагы чоң көпүрөнү кытайлыктар каржылап, заманбап көпүрө куруп бүтүп, көпүрөнү транспорт министрлигине өткөрүп берүүдө.
Дагы бир маселеге сарасеп салсак, Кытай тараптан көптөгөн транзиттик жүктөр Өзбекстанга өтөөрүн коомчулук жакшы билет. Ош шаарынын чеке белинде жайгашкан Достук өткөрмө пункту аркылуу коңшу өлкөгө транзиттик товарлар ташылат. Мунун алкагында шаар ичиндеги тыгындар, оор жүк ташыган унаалардын кесепетинен жолдор бузулуп, көйгөйлөр көп. Бул маселеге да чекит коюунун жолун издеген облус башчысы чек ара жана бажы кызматы менен биргеликте Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы иштебей калган өткөрмө пунктун ачуунун жолун караштырган.
Тактап айтсак, коңшу өлкө өзү тараптагы көпүрөнү бузуп, демонтаж кылып салган. Мына ошол пунктту ишке киргизүү үчүн облус башчысы Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси, жакында ачылган Оштогу башкы консулдугу менен жолуккан. Анын алкагында Эльчибек Джантаев Ынтымак өткөрмө пунктун ачууну сунуштаган. Кытайдан келген транзиттик жүктөрдү, көмүр, цемент, мал жандыктарын өткөрүүгө, башка дагы алыш-бериш кылган товарларды өткөрүүгө Ынтымак постунун кызматы зарыл экенин белгилеген. Бир эле Кыргыз тараптан Кытайдан келген транзиттик жүктөр эмес, Өзбекстан тараптан мөмө-жемиштерди ташып чыгууга шарт түзүлөрү айтылган. Ошонун негизинде коңшу өлкө облус башчысынын сунушун карап, чечим чыгарууга макулдашышкан. Бирок, азырынча жооп берише элек.
Кыргыз Республикасы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда. Мунун чектеринде облус башчысы коңшу өлкөгө Кара-Суу базарына Өзбекстандан келген туристтер, соодагерлер өткөн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү постту ачуу сунушун беришкен. Эгер, ал пост ачылып калса, Савайдын чек арага жакын жеринен жер ажыратылып, логистикалык борбор ишке кирмекчи. Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жакшы жүргөндүктөн, эки өлкөнүн алакасы жакшырып барууда. Мунун алкагында кытайлыктар Чоң-Алайга темир заводун курууну караштырышууда. Ал эми 150 гектар жер Мады айыл аймагынан ажыратылып, ал жерге индустриялдык борбор куруу пландалууда. Аны менен катар Эркештам өткөрүү пунктунан 96 гектар жер бөлүнгөн. Ал жерге Кытай менен Казакстандын чек арасындагы белгилүү Хоргос сыяктуу логистикалык борбор курулуу алдында турат. Эгер, ал курулуп калса, бажы, салык тармактарынан жеңилдиктер каралып, жакшы шарттарды жаратуу пландалууда. Бул иштер мыйзам талаасында жүргүзүлүп, тышкы иштер министрлигинин колдоосунун алкагынди жүз берүүдө.
Назгүл Өмүрзакова