![Облуста "таза суу" программалык деңгээлде колго алынган Облуста "таза суу" программалык деңгээлде колго алынган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/27bb6a2a-4d29-4546-8c4f-6d51337dd554.jpg)
“Суу өмүр булагы” — деген учкул сөз бар. Ошондон улам суу жөнүндө өзгөчө аккан суу баянында элдик Жеңижок олуя жети күн кечке сарасеп айткан тура. Анан калса элдин ой-мүдөөсүндө “ таза болсоң, суудай бол, баарын жууп кетирген” деген учкул сөз дайым жашап келет.
Ошондон өлкөбүздө эгемендүүлүк алган жылдардан тарта таза сууга, өзгөчө көңүл буруп келет. Мындай алганда таза суу жашоодо абадай эле керек десек аша чапкандык эмес. Таза суу – бул элибиздин байлыгы менен кошо, алардын ден соолугу өмүр булагы катары каралат. Бул бир эле бизде эмес дүйнөнүн, жер шаарынын бардык булуң бурчтарында ушундай…
Бүгүнкү күнгө элди таза суу менен камсыз кылуу Ош облусунун аймагында 87 пайызга аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жакында өткөргөн журналисттердин жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында баса белгиледи. Облустун аймагындагы 7 райондун бардык айылдарында жашаган элди таза суу менен камсыз кылуу көптөн бери уланып келүүдө. Тагыраагы, 2024-жылдын аягына чейин бардык айылдар ичүүчү таза суу менен камсыз болуусу зарыл деген программалык таризде иштер жүрүп жатканын белгилеген. Ал жер-жерлердеги мектеп, оорукана, фельдшер-акушердик пункттар, бала бакчалар дагы ушул сыяктуу социалдык обьектилер менен бирге, айылдардагы жашаган калктуу конуштардын баарына таза суу жеткирилери күндүн орчундуу проблемаларынан экендигин сезүү керек.
![Облуста "таза суу" программалык деңгээлде колго алынган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/dd3367b0-c716-4121-b36f-94964ceb2aee.jpg)
Таза суу маселесин жер жерлерде чечүү иштери дээрлик жыйырма жылдан ашык мезгилден бери активдүү колго алынып келүүдө. Облустун бардык аймактарында таза суунун булактары дыкат иликтенүү менен суунун минералдык составын лобараториялык изилдөөдөн өткөрүүнүн таасиринде, калк пайдаланууга жарай тургандыгын анализдөө иштеринин натыйжасында пайдаланууга уруксат берилүү менен каржылык жактары чечилип жаткандыгын белгилөөгө болот. Ушундай таасирдүү иштер үстүбүздөгү жылы облустун аймагында жыл жыйынтыгына карата аткарылганы турат.
Атап айтканда таза суу тартуу, саркындылар боюнча канализацияларды куруу иштери учурда шаар маакамындагы Кара- Суу, Өзгөн, Ноокат шаарларында кызуу жүрүп жаткан учуру. Аталган шаарларда таза суу маселесин чечүү да катуу колго алынган. Тактап айтканда, Кара-Суу шаарында саркындыларга карата канализация куруу иштери 45 пайызга, таза суу түтүктөрүн тартуу иштери 95 пайыз аткарылып калганын жакшы деп белгилөөгө болот. Ушундай эле иштер Өзгөн, Ноокат шаарларында жүргүзүлгөнү жакшы көрүнүш. Өзгөн шаарында аталган иштердин үстүнөн таасирдүү жумуштар болуп жаткандыгы шаар жашоочуларынын жалпы колдоосуна ээ болууда.
Аталган шаарда саркынды суулардын системасына ылайык жер тандалып, долбоордук иштери колго алынды. Бүгүнкү күндө жалпы иштин көлөмүнүн 25 пайызы аткарылуу таасиринде иштер кызуу улантылууда. Мындай иштер Ноокат районунун Ноокат шаарында да жүз берүүдө. Облусубуздун шаар макамын алып жүргөн Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат районунун борборлорундагы жашаган элдердин социалдык багыттагы ишкана-мекемелердин санитардык-эпидемологиялык коопсуздуктарын камсыз кылуу багытында жогорудагыдай иштер жүргүзүлүп келүүдө. Анткени аталган шаарларда калктын санынын көптүгү, аларга жагымдуу санитардык абалды түзүү керектиги зарыл маселе боюнча калууда. Ошондон улам жогорудагы белгиленген иштер дайыма көзөмөлдө экендигин бийлик структуралары көңүлүнүн борборунда кармашууда.
Үстүбүздөгү 2023-жылда облустун аймагында элди таза суу менен камсыздоо иштеринде жакшы жумуштар жүргүзүлдү. Тактап айтканда, тоолуу Кара-Кулжа районунун 4 айылына АРИС программасынын жардамы менен таза суу чыгаруу иштери аяктап, жылдын жыйынтыгы менен пайдаланууга берүү каралууда. Ушундай эле иштер республикалык бюджеттин каржылоосу менен облустун аймагындагы райондордун 4 айылына да таза суу тартуу иштери аяктап пайдаланууга берилгени , элдин ден соолугуна көрүлгөн зор камкордук экендиги талашсыз. Мындай иштер келе турган жылда да улантыла тургандыгы маалым. Элди таза суу менен камсыз кылуу өлкөнүн, анын ичинде өлкө башчысынын колдоосундагы программалык талаптагы иштер экендигин эске алганда, таза суу программасы облустун аймагында мындан ары да үзгүлтүксүз уланаары бышык.
Маматазим Жуманазаров