![Өрнөктүү өмүр баяны Өрнөктүү өмүр баяны](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/1.jpg)
Кандай гана кесиптин ээси болбосун жашоого из калтырып, өзүнүн эмгеги аркылуу кийинки муундарга үлгү болорлук даражада жашап өткөнү кадыр-барк эмеспи. Анын сыңарындай, мугалим Нурбаев Муратали өзүнүн өмүр жолунда жөнү жок жашаган жок. Ал мугалимдик кесипти тээ бала кезинен туу тутуп, басса-турса “Мугалим болсом, балдарды окутсам” деген таттуу кыялы ишке аша берди.
Муратали агай кичинесинде: “Чоңойгондо ким болосуң?”-деген- дерге:
Алтын билим өнөрдүн,
Сүтүн берген-мугалим.
Аябастан эмгекке,
Күчүн берген-мугалим..
деген ырды обонго салып, сыймыктануу менен «мугалим болом» деп жооп берчү. “Анда, мугалимдин эмнеси сени кызыктырды?” — десе: “Мугалим таза кийинет, шымынын кыры бычактын мизиндей кырлуулугу менен, ак көйнөгү менен жагат”, — деп жооп берчү.
Демек, мугалимдин кийген кийими, сүйлөгөн сөзү, боорукерлиги, сылыктыгына кызыккан Муратали орто мектепти аяктап, кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институттун орус тили жана адабияты бөлүмүн 1970-жылы аяктап, мектепте мугалим болуп иштеп, көп нерсени аңдап, түшүнүп, мугалимдик өнөрдүн сырларына сүңгүп кирип көзү ачылды. Албетте, жаман мугалим болгон жок, алдыңкы мугалимдердин катарына кошулду.
Сабактарды өзүнө эмес, окуучуга ылайыктуу кылып өттү, окуучуларга эмнени үйрөнүү керектигин түшүндүрүп, тажрыйбалуу мугалимге айланды. Нурбаев Муратали алдыңкы мугалим болуп, пенсия курагына жеткенге чейин жазды жаздай, күздү күздөй, кышты кыштай педагогикалык эмгегин мектепке, балдарга арнап келди.
Анын өрнөктүү өмүр жолуна токтолсок, Нурбаев Муратали 1944-жылы Бел айылындагы колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1951-жылы Бел-Өрүк жети жылдык мектебинин биринчи классында окуп, 1962-жылы мектептин 10-классын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик пединститутунун филология факультетинде окууну уланткан.
1963-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, аны 1966-жылы аяктап, окууну кайрадан 2-курстан уланткан.1970-жылы пединституту ийгиликтүү аяктап, Ноокат районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
1975-1976-жылдары Кыргыз Республикасынын Ноокат райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. 1976-1977-жылдары Ноокат районундагы Кызыл-Октябрь (азыркы М.Бостонбаев а.о.м) мектебинин директору болуп иштеген. 1981-1984-жылдары Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн мектептер боюнча инспектору болуп эмгектенген. 1987-2002-жылдары “Бел-Өрүк” орто мектебинде директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары жана директору болуп үзүрлүү эмгектенген.
2003-2007-жылдары ушул мектептин орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп, жаш курагы жеткендиктен пенсияга чыккан. 1965-жылы Советтик Армияда кызмат өтөөдө Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү кабыл алынган. 1965-1966-жылдары партиялык мектепти бүтүргөн. 1970-1981-жылдары Марксизм-Ленинизм университетин сырттан окуп бүтүргөн.
Советтик Армияда үлгүлүү кызматы үчүн 1965-жылы 7-майда СССРдин Жогорку президиумунун жарлыгы менен “1941-1945-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдык юбилейи медалы” менен сыйланган. Элге билим берүү ишинде көп жыл эмгеги үчүн 1985-жылы “Мугалим методист” наамы берилген жана «Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
1973-1974-жылдары Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү” төш белгисине татыктуу болгон. 1983-жылы “СССРдин граждандык коргоо боюнча отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин жана райондук партиялык Комитетинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.
Муратали агай үй -бүлөлүү, 6 кыз, 4 уул, 33 небереси, 187 чебереси бар. Бир уулу, 4 кызы мугалимдик кесипти аркалайт. Аялы ардактуу эс алууда. “Баатыр эне” орден-медалдардын, сыйлыктардын ээси.
Бурма Ысакова