![Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоо жүргүзүлөт Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоо жүргүзүлөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/9a988535-f960-4a9e-9371-7ec86dc7cc65.jpg)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин ыктыярдуу аттестациядан өткөрүү боюнча уюштуруу-даярдоо иштери башталды. Анын өзгөчөлүгү-мугалимдерди шыктандыруу, мугалимдердин кадыр-баркын, коомдогу макамын жогорулатуу. Бул сынакка мурдагылардан айырмаланып тест системасы киргизилген. Мындан тышкары, мугалимдер аттестациядан өтүүгө мажбурланбайт. Ыктыярдуу аттестациялоонун максаты — мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
Мугалимдерди аттестациялоо боюнча жер-жерлердеги бардык билим берүү мекемелеринде тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Бул багытта Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндөгү Калта айылында жайгашкан Ж.Абжапаров атындагы №71 орто жалпы билим берүү мектебинде да аттестацияны уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.
«Мугалимдерге бул багытта чыгарылган буйруктар тууралуу жана аттестациялоонун эрежелери түшүндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо боюнча мугалимдерге маалыматтар жеткирилди», — дейт мектеп директору Айтбай уулу Албан.
![Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоо жүргүзүлөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/c66c9ae9-b4ec-4917-a3dc-d731de7fb834.jpg)
Аты аталып жаткан мектеп 1993-жылы ашар жолу менен курулган. Ал 1 корпустан, 1 кабаттан турат. Окутуу 2 нөөмөттө жүргүзүлөт. 167 бала билим алат, 16 мугалим эмгектенет. Мектепте аттестация иштерин жүргүзүү боюнча атайын комисссия түзүлүп, мугалимдин ишмердүүлүгү, методикалык чеберчилиги, билим берүүдөгү жаңычылдыгы, портфолио, класс менен иштешүүсү, мугалимдин сабагына катышуу иштери белгиленди. Мугалимдер квалификациялык категорияларга ылайыктуулугун ыктыярдуу аттестациялоого «Өзүн-өзү баалоо», «Санариптик портфолио» жана «Санариптик сабак» критерийлери боюнча даярдыктар көрүлүп жатат.
Жобонун талаптарына ылайык, квалификациясын жогорулаткысы келген мугалим өз мүдөөсүн адегенде өзүнүн жетекчисине билдирип, андан соң арыз жазышы керек. Мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларын алуу үчүн аттестациядан өтүшөт: экинчи категориядагы мугалим; биринчи категориядагы мугалим; жогорку категориядагы мугалим.
Төмөнкүлөр аттестациядан өтпөйт: жалпы билим берүү уюмунда иштегенине бир жыл болгондор; кош бойлуу аялдар (эгерде, өздөрү каалоосун билдирбесе); бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар.
Экзамендердин мазмуну жана аны өткөрүү тартиби ар түрдүү. Тести окшош: биринчиси – педагогикалык тест, экинчиси базалык предмети боюнча жүргүзүлгөн тест. Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүндө тесттин мазмунуна компьютерде иштөө талабы коюлат. Мугалим болууга талапкер адам компьютерде практикалык тапшырмаларды аткарууга милдеттүү. Ал Word программасын, Excel таблицасын жана интернетте иштөөнү билиши керек.
Аттестация эки түргө бөлүнөт: беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация; ыктыярдуу мөөнөтүнө чейин аттестациядан өтүү максатындагы кезексиз аттестация. Аттестация мугалимдердин арызынын, квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын, аттестациялык комиссияга берилген материалдарды изилдөөнүн, мугалимдердин кесиптик ишин жана жумушунун көрсөткүчтөрүн квалификациялык талаптарга ылайык комплекстүү баалоонун негизинде аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, аттестация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана 2023-жылдын 4 -августундагы №390 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
Бетти даярдаган: Айгүл Матиева