![Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/9b4fbcd0-a9e7-4abe-b713-7819348a7be0-1.jpg)
Маалым болгондой, ар бир мамлекет өз аймагын ээлеп, чек ара мерчемделген. Өз аймагындагы жаратылыш байлыктарын көзөмөлдөп, пайдаланат. Ошол эле учурда трансчекаралык аймактагы жайгашкан жаратылыштагы флора жана фаунаны сактоо жана камкордук көрүү маселеси дайыма күн тартибинде турат эмеспи. Бул үчүн дүйнөлүк деңгээлде иш-чаралар каралат жана жүргүзүлүп келет. Бир катар эл аралык уюмдар иш алып барат. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү болгон Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин трансчек аралык аймагында “Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору” уюму иш алып барат. Аталган уюм трансчек аралык кызматташууда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюудагы адаптациялоо иштери жана башка экологиялык маселелерде тыгыз жана активдүү аракеттерди көрүп келүүдө. Бул болсо Борбордук Азиядагы регионалдык экологиялык туруктуулукту жакшыртууга өбөлгө болууда. Ошондой эле чек аралык аймактарда жаратылышты сактоо маселеси дайыма колго алынып барууда.
![Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/d1f017f9-ad1f-42f7-9fae-df6eae7a320c.jpg)
Чек аралык аймактарда жаратылышты, флора жана фаунаны коргоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, адистер кызматташуу менен пикир алмашышат. Жакында эле Ташкент шаарында Борбор- дук Азиянын жаратылышты коргоо боюнча тармактарынын өкүлдөрү иш-чара өткөрүшүп, чек аралык аймактардагы жаныбарларларды жана өсүмдүктөрдү сактоо маселесин талкуулашты. Иш-чарада Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюму өлкөлөрдүн адистерин чек арадагы аймактарда флора жана фаунаны сактоо жана коргоону пландаштыруу боюнча окутууларды жүргүзүштү. Бул тууралуу “Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору” уюмунун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, чек ара аймактарындагы айлана-чөйрөнү узак мөөнөттүү коргоо бир өлкөдөн экинчи өлкөгө миграциялашкан жаныбарлардын, келгин канаттуулардын түрлөрүн сакоодо чоң мааниге ээ. Мындай аракеттер жаныбарлар эркин жүрө ала турган аймактардын аянтын кеңейтет. Бул болсо келгин канаттуулардын жана жапайы жаныбарлардын үйүрү миграцияланып өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Адистер чек ара аймактарындагы миграциялашкан жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоону эч качан көз жаздымда калтырбоо керек деп эсептешет. Иш-чарага катышкан өкүлдөр мындай жолугушуулар Борбордук Азиядагы жалпы чек аралык аймактарда экономикалык жана экологиялык байлыктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алууга жол ачкан жалпы аракеттенүүнү түзүүгө мыкты шарт түзөөрүн айтышты. Ошондой эле жаратылыш туризмин өнүктүрүүгө да кенен мүмкүнчүлүк жаралаарын билдиришти. Мындан тышкары, коргоого алынган чек аралык аймактардын аянты кеңейип баратканы маалымдалды.
![Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/7585beb5-717d-4bd6-9bc7-79065917ee81.jpg)
«Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмунун» долбоорлорунун менеджери Татьяна Иванова чек аралык аймактардагы жаратылышты коргоодогу айрым мүчүлүштүктөрдү да айтып өттү. Атап айтсак, өлкөлөр ортосундагы байланышты дагы да жакшыртуу керектигин адистер айтышканын белгиледи. Ал бул максатта Борбордук Азия мамлекеттеринин экология тармагындагы министрликтеринин, ошондой эле чек араны коргоо тармагын караган мамлекеттик органдардын чек ара аймактарындагы флора жана фауналарды сактоо жана коргоо маселесине дагы да көбүрөөк көңүл коюу зарылдыгын билдирди.
Иш-чарадагы адистердин айтымында жаныбарлар үчүн миграция агымына чек араларда тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Маселен, жейрендерге жана ушул сыяктуу жаныбарларга миграцияланууда чек араларда коюлган тосмолор тоскоолдук жаратат. Жаныбарлар бир аймактан экинчи аймакка эркин өтө алышпагандыктан алардын көбөйүшүнө да кедерги түзүлүүдө. Ошол эле учурда бул жагдайлар иликтенип жана талкууланып башталганы, маанилүү жа-жаныбарлардын аймактарга миграцияланышы жана алардын көбөйүшү үчүн жол ачып берүү каралып жатканы маалымдалды. Ушундай жолугушуулар, иш-чаралар аталган маселелердин чечилишине өбөлгө боло алмакчы. Түрдүү миграцияланып жаткан жаныбарларга мониторинг жүргүзүү жана маалымат алмашууну жакшыртуу, бул багытта биргеликте иштөө жакшы жыйынтык берээри бышык.
![Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/cb3cc61a-a1b3-4307-97fe-744fef788adb.jpg)
Ал эми келгин куштар, канаттуулар чек ара аймактардан өтүүсүндө маселе көп жаралбаганы да маалымдалды. Ошондой эле аларды коргоо жана сактоо жагына маани берилмекчи. Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмунун эксперттери иш-чарада чек ара аймактарындагы жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо жана сактоо иштерине көмөк катары адистер үчүн тренингдерди уюштурушту. Чек ара аймактарында жаратылышы коргоо иш-аракеттерин жакшыртуу максатында пландаштыруу чөйрөсүндөгү адистерге диагностикалык аппарат тааныштырылды. Бул аппаратта көрсөтмөлөр, суроолор, сунуштар камтылган жана алар чек ара аймактарындагы жан-жаныбарларларды, өсүмдүктөрдү коргоодо иштин эффективдүү болушуна жардам бермекчи.
![Чек аралык айлана-чөйрөнү коргоо маанилүү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f2e3fab2-3f67-4f98-937c-124c46741989.jpg)
Чек аралаш мамлекеттер чек аралык аймактардагы флора жана фауналарды коргоодо улуттук жана регионалдык кызыкдар тараптардын катышуусунда семинарларды, иш-чараларды уюштурушу зарыл. Атап айтсак, экологдор, биологдор, зоологдор, чек ара трамактарынын өкүлдөрү, жер жерлердеги бийлик органдары, токойчулар жана башка тиешелүү адистер аталган иш-чараларга катышуусу талапка ылайык болмокчу. Жогоруда айтылган аппаратты адистер мындан аркы чек ара аймактарындагы жаратылышты, жан-жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо демилгелеринде жана кызыкдар тараптар менен иш жүргүзүү стратегиясын иштеп чыгууда, башкаруу ишинде консенсунска барууда, жол картасын түзүүүдө пайдаланышмакчы.
Канымжан Кыдыралиева