![Кайратбек Алыкулов: "Кара-Кулжага дарыгерлер жумушка тартылып, имараттар курулууда" Кайратбек Алыкулов: "Кара-Кулжага дарыгерлер жумушка тартылып, имараттар курулууда"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/78b82f36-175e-4c42-a405-5abe44838aec.jpg)
Дарт чалганда гана дарыгерди эстейсиң дегендей, өлкөбүздө мындай сыймыктуу кесиптин ээлерине урмат-сый гана татыктуу. Себеби, дартына дабаа багыштаган ак халат ээлеринин жардамы менен ден соолугубуз сакайып, тиричиликке аралашып келебиз. Албетте, халатындай пейли ак дарыгерлердин эмгеги жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, татаал кесип. Мына ушундай кесип ээлери эмгектенген Кара-Кулжа районундагы М.Жунусов атындгы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун (ЖДПБ) жетекчиси Алыкулов Кайратбек Орозмаматовичке жолугуп, жеринде маектешип кайтканбыз.
— Кайратбек Орозмаматович, Сиз жетектеген оорукана жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз?
— Жакшы болот. Негизинен биздин район тоолуу келгендиктен, бизде калктын ден соолугуна кам көрүүдө колдон келишинче аракеттерди көрүүдөбүз. Оорукананын структуралык түзүмүнө токтолсом, баштапкы медициналык жардам берүү кызматынын карамагында дарылоо профилактикалык бөлүм, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 28 фельдшердик-акушердик пункт, 3 тез жардам берүү пункту бар. Ал эми стационардык кызмат боюнча айтсам, хирургия, терапия, төрөт, гинекология, инфекция, балдар, травматология, неврология, ЛОР, бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле, Кара-Кулжа аймактык оорукананын филиалы болгон Кызыл-Жар ооруканасы да өз ишмердүүлүгүн жоопкерчиликтүү аркалап келүүдө. Учурда Кара-Кулжа райондук ЖДПБнын стационардык кызматы Кызыл-Жар ооруканасын кошкондо 257 керебетти түзөт. Ошондой эле кошумча ыкчам медициналык жардам берүү бөлүмү, балдардын, чоң адамдардын жандардыруу бөлүмдөрү жана лаборотордук-инструменталдык диагностикалык бөлүмдөр рентген, УЗИ кабинеттери кызмат көрсөтүп келет.
![Кайратбек Алыкулов: "Кара-Кулжага дарыгерлер жумушка тартылып, имараттар курулууда"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/6e14606e-7dfb-49d4-826e-1b48eba6b0a5-1024x682.jpg)
— Мындагы ак халат ээлери жөнүндө кеп кылсаңыз?
— Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жыл ичинде учурда 764 кызматкер эмгектенишет. Анын ичинен 87 жогорку билимдүү дарыгерлер, орто билимдүү медициналык кызматкерлердин саны 391. Ал эми башка кызматкерлердин жалпы саны 303тү түзөт. Биз сыймыктануу менен айта кетчү нерсе, биздин дарыгерлерибиздин арасында көп жылдык тажрыйбасы бар врачтарыбыз, ошондой эле алардын көп жылдык эмгектери бааланган жогорку сыйлыктардын ээлери да бар десем болот. Алар Абдыкадыров Мамазакир, Көчкөнбаев Асанали, Ибраимов Сейтакун агаларыбыз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери наамына арзышкан. Ал эми 124 кызматкерлерибиз КРнын Саламаттыкты сактоосунун мыкты кызматкери төш белгисинин ээлери. Ошондой эле, жогорку, биринчи, экинчи категориядагы ак халатчандарыбыз дагы арбын. Биздин район тоолуу болгондуктан жер-жерлердеги калктуу пункттарда врачтардын депозит программасы боюнча азыркы учурда 13 дарыгер камсыздалып, депозит алышат.
Кошумча дагы 3 дарыгердин тийиштүү документтери учурда каралып жатат. Эң алыскы Ой-Тал, Кызыл-Жар айыл аймактарында 2 дарыгер иштеп жатат. Кудайбердиев Абдирашит чоңдорду жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, Турдубаев Уланбек хирургия, Алканов Бердалы балдар бөлүмүнүн, Абдылдаев Аскат лор бөлүмүнүн, Пайизов Пиримберди травмотология, Каипкулов Нурмат кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн, Жээнтаева Айнагүл төрөт, гинекология бөлүмүнүн, Койчуева Таарын лаборатория бөлүмүнүн, Эшболот уулу Жылдызбек балдарды жандандыруу бөлүмүнүн, Сарыева Мөлмөл терапия, Кадырова Адалатхан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келатышат. Негизинен ооруп келген бейтапка үмүт багыштап, ага жылуу мамиле, кичипейилдик менен астейдил көңүл буруп дарылоо менен аны алгачкы оорусунан кутултууга болот. Себеби, бейтап изги үмүт менен ооруканага келет да. Ошондуктан биздин оорукананын бардык кызматкерлерине бейтапка туура мамиле жасоо, кичипейилдик менен мээрим төгүп, бир тууганындай жакшы мамиле кылууларын талап кылып келем.
— Кайратбек мырза, калк саламаттыгы үчүн күрөшкөн мекеменин жетишкен жактарынан кеп салсаңыз?
![Кайратбек Алыкулов: "Кара-Кулжага дарыгерлер жумушка тартылып, имараттар курулууда"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f1b0dd2f-dcdb-4139-88e5-676601dc2bd2-1024x682.jpg)
— Албетте, бизде айта берсек көп жакшы жумуштар жүз берүүдө. Оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жакшыртуу максатында бир топ курулуш иштерин алып бардык. Мисалдап кетсем, Капчыгай айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылындагы ФАПтын имараты толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди.
Ага жеке ишкер жана демөөрчүлөр тарабынан каражат ажыратылды. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Күңгөй жана Ак-Колот айылындагы Р.Термечиков атындагы ФАПтын имараты толугу менен курулуп, ишке берилди. ФАПтардын курулуш иштери толугу менен “Ассалом” фонду тарабынан курулду. Ошондой эле Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы ФАПты толугу менен жаңыдан куруу иштери жүрүп жатат. Ал ФАП калктын жана “Ассалом” фондунун көмөгү менен курулууда. Сары-Булак айылындагы Тегерек-Саз айылында ФАПтын имараты курулуп бүтүп, имараттын сырткы аянтын тосмоо менен тосуу иштери жүрүп жатат. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылындагы ФАПтын капиталдык ремонту башталды.
Бул курулуштар “Ассалом” фонду тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми райондук ооруканабыздын ыкчам медициналык жардам берүү бөлүмү толугу менен реконструкцияланып, капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Аталган бөлүмгө КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы стационардык рентген берилди, учурда калк кызматына иштеп жатат. Аны менен бирге Кара-Кулжа ЖДПБнын башкы имаратынын тосмолорун жаңылоо жагы тендерге берилип, азыркы учурда жаңылоо иштери жүрүп жатат.
— Көйгөйлөр да жок болбосо керек?
— Албетте, көйгөйлөрүзбүз деле бар, бирок, кол куушуруп отургандан алыспыз. Негизги көйгөй кадр маселесинде. Мисалы, көпчүлүк алыскы аймактарда Буйга, Ой-Тал, Сары-Булак айылдарындагы ҮБДТунда дарыгерлер жетишпейт. Ал эми стационардык бөлүмдөрдө көпчүлүк улгайып калган 70-80 жаштагы дарыгерлер иштеп келет. Неонотолог, педиатр, психиатр, окулист, тери-венерологиялык оорулар дарыгери, нарколог, өспүрүмдөр терапевти, акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Бул көйгөй боюнча окуу жайларга барып сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине өтүнүч каттарды жөнөтүп жатабыз. Кадрлар боюнча ярмаркаларга барып, жаш адистер менен сүйлөшүүлөр болуп жатат.
Мунун алкагында 4 дарыгер жана 1 ординатор ишке кабыл алынды, учурда иштеп жатышат. Ал эми алыскы аймактарда жол- дун татаалдыгынан автоунаалар тез-тез бузулуп, керектен чыгып калган учурлар болуп келет. Калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу стационардык бөлүмдөрдө пландуу жатып дарылануу үзгүлтүккө көп учурайт. Буга байланышуу кошумча стационардык бөлүмдөр ачуу үчүн даяр турган жер тилкебизге жаңы учурдун талаптарына шайкеш келген оорукананын курулушун куруу мезгилдин талабы болууда. Ошондой эле дарыгерлердин билим деңгээлин жогорулатуу жагында өнүккөн медициналык окуу борборлоруна барып илимдерин өркүндөтүп келишсе деген ойдо жүрөм.
Муну ишке ашырууга аракеттерди көрүүдөмүн. Учурдун талабына туура келген медициналык аппаратуралар, УЗИ-доплер, МРТ, портативдик УЗИ аппараттары менен камсыз болуп куралдык–диагностикалык иликтөөлөрдүн сапаттарын жакшыртуу да зарыл.
Маектешкен: Назгүл Өмүрзакова