!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш "NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/fotolov15.png)
Кыргызстандын экосистемасын коргоого салым кошуп иштеп жаткан Эл аралык «NABU-Кыргызстан» уюму өлкөдө 10 жылдын ашык убакыттан бери иштеп келет. Уюмдун негизги максаты – Кыргызстандын жаратылышын, жапайы жан-жаныбарларын, анын ичинде ак илбирсти өзгөчө коргоо болуп саналат. Мунун алкагында бала бакчалардан тартып, мектеп окуучуларына, ЖОЖдордун студенттерине, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын кызматкерлерине, аңчы адистерге, дегеле жергиликтүү тургундарга чейин экологиялык билим берип келет. Андан сырткары, мамлекеттик тийиштүү органдар менен биргеликте мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү үчүн атайын рейддерди өткөрүп турушат.
Аталган уюм 2023-жылдын 27-апрелинде Түштүк бөлүмүн ачып, ишмердүүлүгүн кеңейтти. Алдыда «NABU-Кыргызстан» уюмунун Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган Түштүк бөлүмү аткарган иштер тууралуу азыноолак кеп кылууну туура көрдүк.
Ачылгандан кийинки иштер
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2a51fb40-baa2-4263-99e8-0c7dbc29f934-1024x682.jpg)
Аталган уюмдун Түштүк бөлүмүндө “Экологиялык билим берүү” жана “Барс-2” топтору иштейт. Алгач уюшулгандан тартып, пландалган иш-чаралардын негизги бөлүгү катары экологиялык билим берүүгө басым жасалды. Тактап айтканда, өлкөнүн түштүк аймагында жылпысынан 30га жакын иш-чара уюштурулса, анын 11и билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү. Ал эми 4 жолу тегерек стол, 5 ирет “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын” өкүлдөрү менен, ал эми 2 иш-чара өнөктөш уюмдар менен болду.
Ал эми мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү боюнча 7 рейд өткөрүлүп, мындай алдын алуу иш-чараларынын алкагында, тийиштүү жыйынтыктар көрсөтүлдү. Башкача айтканда, Баткен облусунун Арка айылында жарадар болгон бүркүт алынып, “NABU-Кыргызстан” уюмунун Кемин районундагы “Суулуу-Терек” жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жеткирилди. Андан сырткары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чымчык-Жар айылына жасалган атайын рейддин жыйынтыгы менен мыйзамсыз аңчылыкка эки жолу бөгөт коюлду. Ошондой эле Түштүк аймагындагы тоолорго коюлган фотокапкандарга мониторинг жүргүздү.
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2e85169b-b951-4667-b865-6216fa53ee53-1024x470.jpg)
Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик тийиштүү органдар менен биргеликте ушундай рейддерди тынымсыз өткөрүп келет. Алар буга чейин да мыйзамсыз аңчылыкка чыккан жарандарды аныкташкан. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү айып пулдар төлөнгөн. Уюмдун негизги максаттарынын бири – жергиликтүү тургундарга жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууну түшүндүрүү болуп саналат.
Экологиялык билим берүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/61c5dc12-e628-48c7-9a58-274e85623f68-1024x461.jpg)
Экологиялык билим берүү багытында бала бакча тарбиялануучулары, мектеп окуучулары, ЖОЖдордун студенттери менен экологилык сабак, экосынак уюштуруу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалы менен жеринен таанышуу жакшы жыйынтыктарды берген. Алардын айрымдарын айта кетсе болот.
Мисалы, Ош шаарындагы № 79 “Балажан” бакчасында оюн аркылуу өткөрүлгөн «Жашыл өлкөгө саякат» аталышында экологиялык билим берүүчү сабакта, жаш өспүрүмдөр айтылган, көрсөтүлгөн маалыматтарды оңой кабыл алаары байкалды. Мындан улам жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөгөн экологиялык сабактарды өтүү өз жемишин берет деген жыйынтык чыкты.
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/9b4fbcd0-a9e7-4abe-b713-7819348a7be0.jpg)
Ал эми мектеп окуучуларынын арасында Кыргызстандын жаратылышы боюнча жалпы маалымат жана азыркы учурдагы абалы боюнча “Жаркын келечектин экологдору” аталышында Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лецейинде өткөрүлгөн экоакыл ордо сынагына окуучулар кызыгуу менен Кыргызстандын жаратылышы боюнча маалыматтарды чогултуп, креативдүү ой жүгүртүү менен бөлүнгөн темаларын коргоп беришти. Аны менен бирге жаратылышка кайдигер эместигин далилдешти.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалы менен жеринен таанышуу, кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу иш-чараларында жакшы жыйынтыктарын берди. Мисалы, Жалал-Абад облусуна караштуу “Дашман” мамлекеттик коругунда уюштурулган иш-чарада коруктун экологиялык абалы, биоартүрдүүлүгү жана интродукциялоо жумуштары менен таанышуу өзгөчө пайдалуу болду.
Мыйзамсыз аңчылыка каршы күрөшүү
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/9383afdc-dda8-4b9b-b69d-53891c91a506.jpg)
Мыйзамсыз аңчылыка каршы күрөшүүчү “Барс-2” тобунун рейддерге чыгуусу – Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактардын кызматкерлерине, аңчы адистерге, дегеле жаратылышты коргоо багытындагы кызматкерлерге аңчылыктын санын азайтууда жана ага каршы күрөшүүдө көмөк көрсөттү.
Жергиликтүү элге, коргоого алынган жапайы жаныбарларды атууга уруксат жок экендигин түшүндүрүү иштери арбын жүргүзүлдү жана NABU-Кыргызстан уюмунун аңчылыкка каршы күрөшүү иштери боюнча маалыматтар жеткирилди.
ЖМК менен байланыш
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/68a80d8f-b559-4d8e-8aa3-fe564ff3fd58-1024x682.jpg)
Бөлүмдүн аткарып жаткан иштерин чагылдыруу менен бирге Жалпыга маалымдоо каражаттарында экологиялык темалар байма-бай көтөрүлүп турду. Тактап айтканда, мамлекеттик коруктардын көйгөйлөрү, жетишкен ийгиликтери, тоо экотуризминин абалы, ак илбирсти коргоо маселелери сыяктуу журналистикалык ондогон контенттер пландан сырткары аткарылып турду. Мунун жыйынтыгы менен коомчулукка экология жаатында кенен анализдер айтылып, элдин бул багыттагы маалыматтык боштугу толтурулуп турду десе болот.
2023-жылдын 2-декабрында “NABU-Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов баш болгон бөлүм башчылар, Ош шаарындагы журналисттер менен жолугушуу өткөрүштү. Анын максаты – медиа өкүлдөр менен экологиялык темаларды чагылдырууда мындан ары да тыгыз кызматташтыкты бекемдөө болду.
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/4e77f201-531b-47c0-8327-d8e5774e7c7f-772x1024.jpg)
Өз кезегинде журналисттер да кызматташууга кызыктар экендиктерин айтышып, бир катар багыттар боюнча сунуштарын беришти. Анын ичинде, экологиялык темаларды ЖМКда жарыялоо учурунда журналисттер айрым кемчиликтерди кетирбеш үчүн, аларга атайын семинар-тренингдерди байма-бай уюштуруп турууну сунушташты. Андан сырткары, Ош жергесинде экологиялык серепчилердин жетишсиздигин белгилешти.
Журналисттердин сунуштарын эске алуу менен алдыда экологиялык темаларды кандай чагылдыруу керектиги боюнча окутуу-семинарларды уюштуруп, атайын серепчилерди дайындоо иш-планга киргизилди.
Жалпылап айтканда
!["NABU-Кыргызстандын" түштүк бөлүмү аткарган жумуш](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/2ea48ca6-59ae-4efd-8d40-bd7cf0a7b06d-1024x469.jpg)
“NABU-Кыргызстан” уюмунун Түштүк бөлүмү алдыга коюлган пландарды аткарууда өзүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтө алышты. Тактап айтканда, өздөрүнүн алдыга койгон келечектеги иш-пландарын аткарууда, билим берүү мекемелер, экологиялык уюмдар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте тийиштүү иш алып барышты. Анын натыйжасында, эффективдүү команда түзүлүп, Кыргызстандын экосистемасын сактоого жана коргоого кызыктар болгон адистер пайда боло баштады.
Асанбек Каракозуев