![Элесиңиз эстен кетпейт Элесиңиз эстен кетпейт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/bd34576b-0cf7-4b5d-8765-5c39ead3a3e2.jpg)
Көрүнүктүү педагог, белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Вахаб-Бостон Умаров 2023-жылдын 15-декабрында 82 курагында дүйнө салды.
Ыймандай сырыбыз, улуу кичүүгө бирдей сылык мамиле жасаган, кичипейил, адамгерчиликтүү Вахаб агайыбыз тууралуу эскерүү жазабыз деп ой түшүбүзгө да кирген эмес.Айтканга ооз барбаса да, мажбур болуп турабыз, маркум Вахаб агай биздин редакцияга чыгармаларынан үзүндүлөрүн көтөрүп көп келчү. Көпкө чейин олтуруп, өткөн кеткенден кеп козгоп берчү.
Ал 1941-жылы 12-мартта Араван районундагы Төбө-Коргон айыл аймагында жарыкка келген. 1958-жылы Пушкин атындагы мектепти аяктагандаган кийин, райондук “Жогорку түшүм үчүн” (азыркы “Достук”) газетасында арип терүүчү болуп иштеген. 1961-жылы Оштогу мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) филология факультетинин орус тили бөлүмүнө кирүү экзмендерин ийгиликтүү тапшырган. Студент кезинде эле адабий кружокторго активдүү катышып, гезит-журналдарга макалалары, чакан аңгемелери жарыяланып, өзүнүн чыгармачылыкка шыктуу экендигин көрсөтө алган. Анын алгачкы аңгемеси “Жашыл жалбырактар” деген аталышта чыккан альманахка жарыяланат. “Бакыт жолунда” деген очерки областтык “Ленин жолу” (азыркы «Ош жаңырыгы») гезитинде жарыяланып, сынакта экинчи орунга татыйт.
Оштогу мамлекеттик педагогикалык институтун 1966-жылы аяктагандан кийин А.С. Пушкин атындагы мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Андан кийин райондук “Достук” гезитине которулган. 1978-жылы №9 А.Андреев атындагы (азыркы “Бостон”) мектепке кайрадан мугалим болуп ишке орношкон.
Вахаб-Бостон Умаров педагогикалык кесипте чейрек кылымдан ашык эмгектенген. Ал мектепте көп жыл “Развитие устной разговорной речи” деген теманын үстүндө иштеп, бул багыттагы усулдук китеби жарык көрүп, ал мугалимдердин республикалык биринчи курултайында көргөзмөгө коюлган. Ушул эмгеги үчүн чыгармачыл мугалимге “Методист мугалим” наамы ыйгарылып, “Билим берүүнүн отличниги” деген төш белгиге ээ болгон.
Анын айылдаштары Вахаб агайдын окуучулары “Русский язык – язык мира и дружбы” фестивалына катышып, 1-орунга татыктуу болгондо миң китепчелер менен сыйланганда агай аны мектептин китеп фондусуна өткөрүп берген.
Чымырканган чыгармачылык эмгеги үчүн Вахаб-Бостон агай 1980-жылы Кыргыз ССРинин агартуу министрлигинин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Вахаб–Бостон Умаров калемин колунан түшүрбөй, бул жылдардын аралыгында “Ай менен Күндүн чатагы”, “Айбандар кантип өздөрүнө дос табышты?”, “Бакыт кушу”, “Күдөр”, “Цветики степные”, “Веселая карусель”, “Шаардык кыз, Мыймый жана Жөжө”, “Ой бермети – акыл шербети”, “Теңир сөз – түрк акылы”, “Акылмандан акыл кеп”, “Акылман ойлор – акылга азык”, “Баарынан кымбат дос”, “Теңир сөз – көчмөндөр акылы” аттуу китептерин жарыкка чыгарган. Көрүнүктүү педагог, белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалиминин артында эл кызматыне аркалаган 4 уул, 2 кызы, окурман калкына калтырган мыкты чыгармалары калды.
Жаткан жериңиз жайлуу, топургыңыз торко болсун! Вахаб-Бостон Умаров агайыбыздын жаркын элеси биздин эсибизден кетпейт!
“Ош жаңырыгы” гезитинин жамааты