![Ош облустук ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы шайланды Ош облустук ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы шайланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/68a40cc6-3a19-4fa9-b055-a515a991d0ba.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында, Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Ош облустук Ардагерлер кеңешинин VIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы өттү. Ага КР Ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев, Ош облустук Ардагерлер кеңешинин төрагасы Азим Карашев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана райондордон шайланган делегаттар, Ардагерлер кеңештери менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жат-кан райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышты.
Жыйындын башында облустук Ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Карашев 5 жылдын ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы тууралуу отчет берди. Ал аймактардагы Ардагерлер кеңеши менен биргеликте аткарган жумуштары, Президенттин ысырапкорчулук, ыксыз чыгымдарды азайтуу, “Инсан, руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия” жөнүндө концепциясынын аткарылышына кошкон салымдары тууралуу айтты.
![Ош облустук ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы шайланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/7c6dc25a-cea6-46f4-806f-e050842653b1-1024x682.jpg)
Өз кезегинде КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ардагерлер кеңешинин аткарган ишин өзгөчө белгилеп, кыргыз элинде дайыма аксакалдардын кебин угуп, айтканын жасап, кабыл алган чечимдерине баш ийип келгенин айтты.
“Акылы тунук карыя – агыны катуу дарыя” деген философиялык сөздүн маанисине таянып, Ош облусунун бардык Ардагерлер кеңештеринде ыктыярдуулук менен аксакалдык милдетин өтөп жаткан Сиздер, турган турпатыңыздардан тайбай, алдуу-күчтүү бойдон эл арасында кадыр-барктуу аксакалдардын көч башында болууңуздарга тилектешмин”, – деди Э.Джантаев.
![Ош облустук ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы шайланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/7ba646ae-76b7-4a41-a3d0-8d8e89d188d3-1024x682.jpg)
Облус башчысы мындан сырткары, Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын чыңдоого салым кошкон, өмүрүн элдин бакубат жашоосуна арнаган чыгаан ардагерлердин айрымдарын “Ош облусунун ардактуу атуулу” жана “Даанышман” медалы менен сыйлоо чечимин кабыл алып, коомчулук арасында ардагерлерге сый-урмат көрсөтүүнүн, көнүл буруунун саамалыгын баштаган жумуш тууралуу айтты. Аны менен кошо, жыйынга катышкан аксакалдарга шириндиктерден турган атайын белектерди тартуулап, 10 эмгек ардагерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Андан соң, жыйындын күн тартибине кирген жаңытөраганы шайлоо маселеси каралды. Көптөгөн талкуулардан кийин Ош облустук Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп Жээнбеков Мурзаибрагим Мамасадыкович шайланды.
Асанбек Каракозуев