![жалал-Абадда салык кызматкери кармалды жалал-Абадда салык кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/896138.0a2a4a4d21ad1f372d4ea184c816ad46.jpg)
Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.
![жалал-Абадда салык кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/83f4030c-3cc7-4022-b0c9-405ee9811446-1.jpg)
2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У.С., А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди.
![жалал-Абадда салык кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/a7bddab4-d01d-4a97-b1f4-a6ecdd7d6859-1.jpg)
Мамлекеттик салык кызматынын кармалган инспекторлору ишкердик субъекттеринен патент үчүн ай сайын акча чогултуп, бирок өздөрүнө ыйгарып турганы аныкталды. Мындан мамлекеттик бюджетке зыян келтирилип, учурда анын көлөмү такталууда.
![жалал-Абадда салык кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/f0e8772e-56bf-41f7-9b6e-b35bd70ade9f-1.jpg)