![“Ош жаңырыгы” гезити 2023-жылы кандай иштеди? “Ош жаңырыгы” гезити 2023-жылы кандай иштеди?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/snimok-jekrana-2023-12-23-213455.jpg)
[cmsmasters_row][cmsmasters_column data_width=»1/1″][cmsmasters_text]
2023-жыл – “Ош жаңырыгы” гезити үчүн чоң сыноолордун жылы болду. Анткени жыл башында эле жоюлуу коркунучуна кептелди. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-мартындагы облустук гезиттерди жоюу жөнүндө токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, облустук гезиттен жоюлат дегенге шарт түздү. Бирок коомчулуктун пикири менен бул долбоор ишке ашкан жок. Анткен менен жоюу эмес, жеке чарбалык эсепке өткөрүп салышты. Бул деген мындан ары мамлекеттик каржылоо болбойт, өзүңдү өзүң бак дегенди түшүндүрөт. Бул – такыр жоюлуп калгандан көрө, жакшы болушу мүмкүн, бирок ушул жерден бир нерсени белгилей кетүүбүз керек. Азыр интернет доору күч алган заман, аны менен кошо биздин өлкөдө журналистиканын теле тармагы да күчөп турган учур. Эл интернеттеги маалыматтык сайттар, социалдык тармактар жана телеканаларды гана тиктеп калган ушул убакта салттуу журналистиканын учугун улап келаткан гезиттерге коомчулуктун кызыгуусу жоголгону жашыруун эмес. Андай болгондон кийин редакциялардын абалы оор экени белгилүү да. Жөнөкөй эле мисал: “жыгылганды теппейт”,-деп коет. Бирок облустук гезиттердин редакцияларын “жаткан жеринде тээп”, колдоодон ажыратышты.
Бир жыл башта эле, облустук гезиттер облустук телеканалардын курамында “Медиа борбор” деп жалпылап аталып турушкан. Ушул жылдын башында алардан бөлүнүп, кайрадан өз алдынча түтүн булата баштаган. Менин редакторлук учурум, ошол мурунку жылдардагы жүз миңдеген карыздарды төлөш керек деген учурга туш келди. Аны Каржы министрлиги каржылап берсе эле төлөнмөк, бирок жогору жактын бюрократиялык мамилесинен улам төлөнбөй, нерв корогон учурга туш болдук. Мунун кесепетинен гезитти баскан типография каттарды биринин артынан бирин жөнөтүп отуруп, акыры жадаганда гезиттердин 2-3 санын чыгарбай койгонго аргасыз болду. Анан редакция тапкан каражат менен жарым жартылай төлөндү, кийин кечиксе да каржылоо болуп, карызды жаптык, кечиксе да гезит кайра чыга баштады. Буларды эмнеге айтып жатам, бюрократиялык мамиледен улам ушундай кыйынчылыктарга туш болдук. А быйыл биз, жыл аягына типографияга жүз миңдеген эмес, дээрлик карызыбыз жок чыгып атабыз.
Элди гезитке жаздыруу маселеси чоң көйгөй экенин айтпасак да белгилүү. Бул мурдатан эле келаткан маселе. Ал азыр да жашап жатат. Бирок биз көйгөйлөр менен эле жатып калганыбыз жок. Редакция жамааты мурда болбогон ийгиликтерди багындырдык десем жаңылышпайм.
“Ош жаңырыгы” гезити өзүнүн сайтын ачып, иштете баштады. Социалдык тармактардын баарында баракчалар ачылып, кесиптештерибиз окурмандарга маалыматтарды визуалдаштырып жеткиргенге жол ачтык. Бул учурдун талабы болчу. Ал эми гезиттин логотиби менен ички контентин өзгөртүп, мыкты-мыкты материалдарды жарыялаганга аракет кыла баштадык.
Андан сырткары, гезиттин окумдуулугун арттыруу максатында, облустагы мектеп окуучуларына дил баян жазуу боюнча сынак жарыялап, анын жеңүүчүлөрүн аныктадык. Жыйынтыгында, ийгилик жараткан окуучуларга Ысык-Көлгө таанытым эс алуусуна жөнөтүп, калгандарына баалуу китептер менен акчалай сыйлыктарды тапшырдык.
Ошондой эле имараттын 10 чакты айнек пластик терезелерге алмашып, бир бөлмө толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Материалдык техникалык базаны чыңдоо максатында, дизайн кылуу үчүн күчтүү делген бир компьютер менен кошо принтерлер сатып алынды.
Редакция, мамлекеттик мекеме уюмдар менен иштешүүнү дагы да тереңдетүүдө. Андан сырткары, бей өкмөт, Эл аралык уюмдар менен кызматташууну колго алдык. Мисалы: Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги, Орусиялык “Россотрудничество”, Ирандын “Фарсньюс” маалымат агенттиктери менен келечектүү кызматташууну жолго кое алдык.
2023-жылды өлкөдөгү облустук гезиттердин кайрадан жанданган доорунун башталышы катары белгилеп койсок болот. Анткени мурда болбогон иштерди пландап, ал пландалган жумуштарды ишке ашырдык десек болот. Тактап айтканда, облустук гезиттердин редакцияларынын кызматкерлери жолугушуп, контент жана тажырыйба алмашуу максатында семинар-кеңешме уюштурдук. Аны Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезити баштап, кийин “Ысык-Көл кабарлары”, “Теңир-Тоо” гезитинин жаматтары улантышты. Ал эми бул иш-чараны “Ош жаңырыгы” гезити, өзүнүн 85 жылдык юбилейлик мааракеси менен бирге өткөрдү.
Баса, өзгөчө белгилеп өтө турган дагы бир жагдайды айтпай коюуга болбойт. Быйыл “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык мааракеси белгиленди. Анын алкагында, “Ош жаңырыгы баскан жол” деген китеп жана юбилейлик медаль чыгардык. Мааракенин алкагында, сүрөт көргөзмө уюштуруп, гезиттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга сыйлыктарды тапшырдык. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, 1938-жылы негизделген гезиттин 1940-жылдагы архивин таап чыктык. Ал чыгарылыш латын ариби менен жазылган маалыматтары менен бизге өзгөчө аура тартуулады.
Негизи эле бул иш-чараны өткөрүүдө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өзгөчө колдоо көрсөттү. Мындан сырткары, редакциядагы бөлмөлөрдүн каалгаларын алмаштырганга каржылык колдоо жана стол-стул сыяктуу эмеректер менен камсыздап, жумушубузга ыңгайлуу шарт түзүп беришти. Жакындан жардам көрсөткөнү үчүн облус башчысы Эльчибек Джантаев жетектеген жамаатка биздин кесиптештердин атынан ыраазычылык билдирем.
Биздин редакциябызга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдер баш багып, акыбалыбызды сурап, арызыбызды угуп кетишти. Бул да болсо биздин ишибиздин алга жылышына чоң жардамын тийгизип, бир топ көйгөйлүү маселелерибиздин чечилишине жол ачты.
Быйыл орусиялык тарыхчы Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын беги – Эренек” деген китеби кыргыз коомчулугунда дүң болду. Автор Ош шаарына да келип, китебинин бет ачаарын жасады. Мындан пайдаланып Виктор Ивановичти редакциябызга чакырып, кыргыз тарыхын изилдеп, китеп чыгарганы үчүн, “Жыл адамы” деген наам ыйгарып, диплом менен сыйладык. Аны менен кошо гезиттин 85 жылдык мааракесине арнап чыгарылган юбилейлик медалын да тактык. Анын эмгегине анализ жасаган атайын макаланы гезит бетине жарыялап, тарыхчынын колуна карматтык. Бул иш-аракетибиз коомчулукта өзгөчө алкоого татыды.
Ошентип, кылымга тете өмүрү бар “Ош жаңырыгы” гезитинин быйылкы жылы көптөрдүн эсинде кала турган болду десек жаңылышпайбыз. Анткени кайсы гана жасаган ишибиз болбосун, окурмандардын көңүлүн бурууга, аларга биздин гезиттин чыгып жатканын, коомдогу орду бийик экенин көрсөтүүгө далалат кылдык, түрдүү ыкмаларды колдонуп жасадык.
Буюрса, 2024-жылы мындан да чоң ийгиликтерди багындырабыз деген терең ишенимдебиз. Эң башкысы, окурмандын талабына жараша материалдарды даярдап, чыгармачылыктын заманбап стили менен иштөөгө аракет кылабыз. Андыктан, урматтуу окурмандар, гезитке жазылып, окурмандык маданияттын бийик деңгээлин көрсөтүүңүздөрдү суранабыз! А биз сиздерди кайдыгер калтырбайбыз деп ишеничтүү айта алабыз!
Асанбек Каракозуев,
“Ош жаңырыгы” гезитинин Башкы редактору
[/cmsmasters_text][/cmsmasters_column][/cmsmasters_row]