![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/21787055-13fa-416a-8a12-ea136a8869cc.jpg)
Өткөн жылдын 30-декабрь күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүндө коомдук кабылдама жана Карагуз айылында милициянын жаңы таяныч пункту ачылды.
![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/9746d859-caf1-42d7-b29e-24a6e47f2f0e-1024x682.jpg)
Иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, ардагерлер жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.
![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/8f3b9f99-c186-466c-a9da-2a4d05ec0c98-1024x682.jpg)
Коомдук кабылдаманын жана милициянын таяныч пунктун куруу 2023-жылдын сентябрь айында башталып, демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан каржыланган.
![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/11a505ad-4545-4b27-99d9-bde8f89eabc6-1024x682.jpg)
Бул жаңы имараттарды куруу- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын иштөө шартын жакшыртуу менен жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүү боюнча койгон тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишке ашырылды.
![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/8b1ed14b-a087-456a-beea-b28afbc34349-1024x682.jpg)
Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков Имараттардын курулушуна салым кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип, коомдук коопсуздуктукту камсыз кылууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдына алууга кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо коомчулук менен биргеликте иш алып барууга абдан жакшы шарт түзүлгөнүн баса белгиледи.
![Кара-Кулжада милициянын коомдук кабылдамасы жана милициянын таяныч пункту ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/beb91fd0-46ea-4280-908a-89bf602e035c-1024x682.jpg)
Соңунда имараттарды курууга салым кошкон жарандарга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардак грамоталары тапшырылды.
Өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары Ички иштер министрлигинин калк арасында коопсуздук чараларын сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.