![Ош облусу: бүгүнкү күн, келечектеги пландар Ош облусу: бүгүнкү күн, келечектеги пландар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/f4e51655-65b7-4d34-8b32-4983c7878ca0.jpg)
Ош облусунда өтүп бараткан жылда бир топ өсүштөр байкалды. Албетте, бул көрсөткүчтөр өзүнөн өзү жаралган жок, анын артында жергиликтүү бийликтин жанажарандарыбыздын көптөгөн аракети, эмгеги турат.
****
Ош облусунун аймагында жайгашкан өнөр жай ишканалары тарабынан 10 айдын жыйынтыгы менен 14,2 млрд. сомдук өлчөмүндө продукция өндүрүлүп, анын физикалык көлөмү 109,8 пайызды түздү.
Республика боюнча алганда өнөр жай продукциясын өндүрүү Ош облусунун үлүшү болгону 3,8 пайызды гана түзөт. Өткөн жылы бул көрсөткүч 3,3 пайызды түзгөн. 0,5 пайыз 54 ишкана ачылып, миңден ашуун жаран иш менен камсыз болгондугунун эсебинен болду. Облустун жетекчилигинин келечекте бул көрсөткүчтү 20%га көтөрүү боюнча ой-максаты бар.
****
Быйылкы жылдын 10 айын жыйынтыгы менен алсак, айыл чарба тармагында 65 миллиард сомдук продукциясы өндүрүлгөн.
Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш бар. Бирок, бул көрсөткүч аз. Облустун аймагында үстүбүздөгү жылы 181 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү эгилди.
Бул өткөн жылга слыштырмалуу 229 гектарга көп. Бирок, жылдын кургакчыл келишинен улам, дыйкандар күткөн түшүм алынбай калды. Мамлекет тарабынан ирригация системасына ири көлөмдөгү каражат бөлүнүп, облустун суу чарба тармагында көптөгөн жумуштар жасалгандыктан, быйылкы жылы түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгууга өбөлгө түздү. Облус боюнча алганда 1829 гектар жер иштелбей калды. Бул цифра өткөн жылга салыштырмалуу 841 гектарга азайды дегендикти билдирет. Облустун аймагында
иштетилбей калган жерлердин аянтын жылдан жылга азайтуу багытында иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары, облуста органикалык аймакты түзүү, логистикалык борборлорду куруу, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, аны эскпортко чыгаруу, асыл тукум малдын санын көбөйтүү, кунарсыз жайыттарга үрөн себүү боюнча да иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
****
Быйыл облустун аймагында чоң курулуштар жүрдү. Курулуш тармагына тартылган инвестициянын жалпы көлөмү үстүбүздөгү 10 айдын ичинде 6,8 млрд. сомду түзүп, 2022-жылдын январ-октябрь мезгилине карата 138%ды түзгөн.
Республика боюнча 100 мектеп курулуп жатса, анын 30у Ош облусунда. Анын 10у пайдаланууга берилип, алтоонун курулушу жылдын акырына чейин аягына чыкмакчы. Калганы кийинки жылы бүткөрүлөт.
Облустун аймагында 22 социалдык обьект пайдаланууга берилди. Анын 9у мектеп, үчөө бала бакча, 4 спорт зал, 1 футбол аянтчасы. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкерлерден, райондук, облустук өнүктүрүү жана эл аралык фонддордон тартылган каражаттардын эсебинен 88 обьект курулуп жатат. Облустун аймагында балдар бакчасына тартылган мектеп жашына чейинки балдардын 34%ды гана түзгөндүктөн, балдар
бакчасына көп көңүл бурулуп, жогорудагы 88 обьектинин 15и балдар бакчасы.
****
Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында райондордо түзүлгөн комиссиялардын иштөөсү көзөмөлгө алынып, бул багытта 16 199 жарандын арызы кылдаттык менен каралган. Анын 82 %ына атайын чечим даярдалган. 8478 жаранга
турак жайы боюнча мамлекеттик акт берилген. Ошону менен бирге жерди өзүм билемдик менен басып алуу фактылары да аныкталган.
****
Капиталдык салымдар беренеси менен Ош облусунун аймагында 10 айдын жыйынтыгы менен 90 километр аралыкка асфальт басылды.
Ош -Исфана автожолунун Ноокат районунун аймагында 14 км жолго биринчи катмардагы асфальт басылды. Калган иштер кийинки жылдын жаз айларынан тартып улантылат.
Алайкуудагы жол – чоң көйгөй, бирок, иш башталды. Бул жолдун баарына асфальт төшөө мүмкүн эмес, анткени татаал учостоктор бар. Бирок, 40 км аралыктагы жол асфальтталат.
****
Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу- чоң каражатты талап кылгандыктан ал дагы деле көйгөйлүү маселелердин бири. Облустун аймагындагы 469 калктуу конуштун 164үнүн башкы планы жок болгондуктан, бул аймактарда мыйзамсыз курулуштар орун алып келүүдө. Бул көрүнүшкө чек коюу аракеттери жүргүзүлүп жатат.
****
Кара-Суу районундагы Барак анклавынан көчүп чыккан 164 үй-бүлөнүн тагдыры, жашоо-тиричилиги жүрөк ооруткан маселе.
Ал облус жетекчилиги тарабынан КР Президентине чейин көтөрүлгөн. Кыргызстандын ар кайсыл аймактарына чачырап кеткен барактыктар үчүн атайын конуш куруу үчүн 250 гектар жер бөлүнүп берилип, айылдын башкы планын иштеп чыгуу, үлүш жер маселесин чечүү тапшырмасы берилген. Бул маселе азыр көзөмөлдө турат.
****
Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтмөсү менен республиканын бардык облустарында жана райондорунда өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Ага республикалык бюджеттен Ош облусуна 100 млн. сом акча бөлүнгөн. Өнүктүрүү фонду тарабынан 68 долбоор жактырылып, анын баары каржыланып, жыл 101, 4 млн. сом менен жыйынтыкталганы турат.
****
Облустун аймагында билим берүү тармагында бир аз болсо да жылыш бар. Алсак, 2022-2023- окуу жылынын аягында ЖРТга облус боюнча 6621 бүтүрүүчү кирсе, анын катышуучулардын орточо эсеби 118 баллды түздү. Эгерде 2021-2022-окуу жылынын салыштырып айтсак, 117,9 балл болгон. Бирок, бул күткөн жыйынтык эмес. Аны көтөрүүнүн жолдору изилденүүдө. Ал эми босого балдан өткөн катышуучулардын пайыздык көрсөткүчү 55,7 пайызды түзүп жатат. Бул жерде да бир аз болсо да өсүш бар. Былтыр бул көрсөткүч 52,5 пайызды түзүп калган. “Алтын сертификат” боюнча 1 окуучу ийгиликке жетишкен. 20 окуучу “Алтын тамгага” жетишкен.
3 окуучу республикалык олимпиадада алдыңкы жана байгелүү орунду ээледи. Жалпы республика боюнча алганда Ош облусу 4-орунду алган. Белгилеп өтүүчү жагдай, Ноокат районундагы “Билимкана” деген мектеп республикадагы эң мыкты мектептердин катарына кирүү менен Бишкек шаарындагы мыкты мектептеринин көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон.
Билим берүүнүн сапаты боюнча КР Билим берүү министрлиги 4 көрсөткүч боюнча негизги жыйынтыкты чыгарат. Ошол жыйынтыкта эң мыкты 10 райондук, шаардык билим берүү мекемелери, анан артта калган 10 райондук, шаардык билим берүү мекемелери деп аталат. Биринчи жолу 2023-жылы Кара-Кулжа райондук билим берүү мекемеси жылдын жыйынтыгы менен республикадагы эң мыкты 10 райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин катарына кирди.
****
Кийинки жылдарда мамлекет башчысынын көрсөтмөсү менен мурда социалдык жөлөк пул алып жүргөн үй-бүлөлөргө өздөрүнүн жашоо турмушун андан ары жөндөп кетүүсү үчүн 100 миң сомдук социалдык контракт бериле баштады. 2022-жылы облустун аймагында 350 үй-бүлөгө социалдык контракт берилген. Үстүбүздөгү жылы алардын саны 2612ге жеткен. Алардын басымдуу көпчүлүгү алган каражаттарын мал чарбачылыкты өнүктүрүү, мындан сырткары чакан соода сатык дүкөндөрүн, тигүү цехтерин ачуу багытында пайдаланышып, бир аз болсо да үй-бүлөсүнө киреше тапканга жетишкен. Жергиликтүү бийлик органдары алардын кандай жумуштар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кабар алып, колдон келишинче көмөк берип турушту. Тигүү цехтерин иштеткен жарандарыбыз үй-бүлөсүнө көбүрөөк киреше алып жатат. Айрым райондордо алар өздөрүнүн өндүрүшүнөн чыгарган продукцияларынын көргөзмөлөрүн уюштурушту. Мындай иш-аракеттер өз натыйжасын берип, жөлөк пул алуучу жарандардын санын кыскартууга өбөлгө болду.
****
Облустун аймагында туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча 30 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартылууда. Башкы көңүл-облусубуздун аймагына келген туристтерди сапаттуу, маданияттуу тейлөөгө бурулушу керек. Жаратылышы кооз Кара-Шоро, Абшыр-Ата, Кара-Кой сыяктуу жайларыбыздын инфратүзүмдөрүн кеңейтүү милдети турат.
****
Облустун жетекчилиги жогорку бийлик органдары менен кеңешип, Өзгөн шаарындагы автотыгынды азайтуу максатында аны айланып өтө турган жолду куруу боюнча чечим кабыл алды. Бүгүнкү күнү долбоорлоо-сметалык жумуштар аягына чыкканы калды. Жалпы узундугу 13 км болгон бул айланма жолго кошумча 2 көпүрө салынат, 1 көпүрө реконструкцияланат. Ал 2 млрд. сомдун тегерегиндеги чоң көлөмдөгү акча каражатты талап кылат.
Мамлекет башчысы аны табуу боюнча атайын тапшырма берди. Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагындагы өткөрмө жолду, көмүрдү тартуучу ленталуу линияны, Кашкар-Кыштак айылында 600 жумушчу орундуу ишкананы, Ноокат районундагы Ынтымак айылында цемент заводун куруу иши башталганы турат.
Төлөнбай Абдыразаков