Узап бараткан жылы 3023 жылдык тарыхка ээ Ош шаарында инфраструктураны жакшыртуу багытында бир топ иштер аткарылды. Калаада калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жолдорду асфальттоо менен өтмөк салуу, ушул сыяктуу ири 5 долбоор ишке ашты. Шаар жыл башынан баштап, аягына чейин маданий иш-чаралардын чордонунда турду.
Расмий маалыматтар боюнча, Ош шаарында 400 миңден ашуун калк жашайт. Бейрасмий маалыматтарда, жарым млн.дон ашат. Шаар тургундарынын басымдуу бөлүгүнө Папан суу сактагычынан ичүүчү суу берилет. Деген менен
таза суу маселеси жаан-чачын күндөрү көйгөйгө айланып, суу тартыштыгы жаралчу. Жергиликтүү бийлик бул маселеге жаз айларында киришип, 3 долбоорду ишке ашырууга бел байлаган. Биринчи долбоордо Даңги участкасында Төлөйкөн айылындагы Кодогочун каналынан Озгур айылындагы «Ош шаарсууканал» ишканасына чейин суу түтүгүн тартуу каралган.
Суу түтүктүн жалпы узундугу 475 метр, ал эми диаметри 1000 мм.ди түзөт. Бирок, аталган долбоор тендер иштерине байланыштуу башталбай турат.
Калкты таза суу менен камсыздоодонун экинчи этабында, сыйымдуулугу 6 миң куб болгон 4 суу кампа куруу пландаштырылган. Бул жумуш ишке ашып, көйгөй аздыр-көптүр чечилгендей болду. Мындан сырткары, шаар аймагында скважиналарды казуу иштери жүрүп, 15и ишке кирди.
Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүн асфальттоо иштери жүргүзүлүп, эгемендүүлүктүн 33 жылдык мааракесине чейин жыйынтыкталды. Калаада мындан сырткары, Ленин, Раимбеков көчөлөрүнө да асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Аталган жумуштар жергиликтүү бийликтин бюджетинин эсебинен
жүргүзүлдү.
Ош шаарында биринчи жолу Апсамат Масалиев жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулуп, ал да эгемендүүлүк майрамына карата колдонууга берилди. Аны куруу жыл башында пландалып, май айында башталган жумуштар 4 айда бүттү. Өтмөктү курууга шаар бюджетинен 40 млн. сомдон ашуун каражат сарпталды.
Ош шаарынын четиндеги таштанды аянчасында жыл бою жаман жыт чыгып, ыш менен түтүн үзүлбөй келчү. Анын мындай абалы абанын сапатын бузуп, экологиялык жабыркоолорго жетелейт. Быйыл Ош шаардык мэриясы таштандыны кайра иштетүү боюна индиялык «Арман Уэйт Менеджмент ЛТД» компаниясы менен келишим түзүүгө жетишти.
Эки тарап таштандыларды кайра иштетүү, саркынды сууларды тазалоо, таза суу менен камсыз кылуу багытында иш алып бара турган болушууда. Ал эми финанасылык каржылоо Индия мамлекетинен жүргүзүлөрү белгилүү болду.
Быйыл 31-август – Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган иш-чаралар Ош шаарында өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров өзү катышып, «Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый музей археологиялык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Мамлекеттик Тууну көтөрүү аземи болду. Желек саптын узундугу 60 метр, узундугу 22,5 метр, туурасы 15 метрди түзөт. Иш-чаралар Ошто өткөндүктөн КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президенттер, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, бийлик өкүлдөрү, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Мындан сырткары, Ош шаардык кеңеши калаанын борбордук бөлүгүн деталдык пландоо боюнча долбоорун негиз катары жактырышты. Деталдык пландоого шаар аймагынын 3557 миң гектардан ашуун аянты кирген. Мында ички жолдор дагы кеңейтилген. Бирок, мамлекеттик долборлоо институту канча жеке менчик үй кызыл сызыкка чыкканын тактаган эмес. Аталган долбоорду иштөө 2017-жылы башталып, 6 жыл дегенде иштелип бүттү. Деталдык пландоо долбоорунда шаар аймагы 7 кварталга бөлүнгөн. Калган аймагында деталдык пландоо качан жүргүзүлөрү белгисиз.
Буга чейин шаар аймагынын жалпы аянты 18
миң гектардан ашат. Бул көрсөткүч алдыңкы
жылдарда көбөйүшү ыктымал.
Нургелди Каныбек уулу