![сейтек Кулубаев: "Араванда иш арбын" сейтек Кулубаев: "Араванда иш арбын"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/5add1142-a673-4c64-b817-1d19a99e648a.jpg)
Аравандын эли айыл чарбасы кирешелүү тармак
экендигине түшүнүү менен абалтадан эле жер энеге кылдат мамиле жасаган, эмгекчил калк. 2023-жыл кургакчылык болду. Райондук суу чарба башкармалыгынын жана айыл өкмөттөрдүн жетекчилери үстүбүздөгү жылы 10 миңден ашуун дыйкан жана фермердик чарбаларга сугат сууну коромжусуз, үнөмдүү пайдалануу максатында күчөтүлгөн аракеттерди жасашты. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында биздин дыйкандар буудай, пахта, дандык жүгөрү, картошка, беде, жашылча, күрүчтөн дурус түшүм алууга жетишти. Райондун дыйкан-фермерлери жеңилдетилген насыя алышып, аны мал чарбасын өнүктүрүүгө, дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуу жана кайра иштетүү багытында пайдаланууга жетишти.
Район боюнча алганда 18921 гектар айыл чарба жери
бар. Анын ичинен 15679 гектар сугат жери, 3242 кайрак жер аянттары бар. Үстүбүздөгү жылы Аравандык дыйкандар 4030 гектар жер аянтына кылкандуу дан эгиндерин эгип, андан 9 509 тонна дан жыйнап алышты. 3091 гектар аянтка эгилген пахтанын түшүмү 10 900, 1717 гектарга эгилген картошканын түшүмү 26 992 тоннаны түздү. Биздин дыйкандар өздөрүнүн өстүргөн жашылчасын жана мөмө-жемиштеринин бир бөлүгүн Казакстанга, Россия Федерациясына экспорттоо менен бир топ таза киреше таап жаткандыгы бизди кубандырат.
Бизде кошумча кирешенин булагы болгон мал чарбачылыгына чоң маани берилет. Тоют даярдоо, жакынкы жана алыскы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, малды коркунучтуу илдеттен жана ылаңдан алдын алуу багытында жүргүзгөн иштер акимчиликтин такай көзөмөлүндө турду.
Өнөр жай
Араван — Ош облусундагы өнөр жайлуу райондордун
бири. Аны цифралар менен далилдей кетели. Быйылкы жылдын 9 айында өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү 4 миллиард 30 млн. 755,1 миң сомго жетип, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 493 млн. 539,8 миң сомго өндүрүлдү. Өсүү темпи 113.,9 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөрдүн жаралышына албетте, райондун аймагында иштеп жаткан «ЮКСМ» жана «Синьжи-Пирим» цемент заводдорунун ролу чоң. Ошол эле мезгилде
«Даннур-Юг», «Агротехсервиз» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун салымдары бар.
Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу, чакан жана орто ишканаларды пайдалануу менен жаңы жумушчу орундарды түзүү-жергиликтүү бийликтин көңүл борборунда турган маселе. Бул багытта райондун аймагында быйыл бир нече ишкана ачылып, 100дөн ашуун жаңы жумуш түзүлдү. С.Юсупова атындагы айыл өкмөттүн аймагында жеке ишкерлер тарабынан пластик буюмдарды иштеп чыгаруучу ишкана, Нур-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында эшик-терезелерди чыгаруучу чакан цех, Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында Шор-Булак участкасына бышкан кыш чыгаруучу завод мазоикалык кафель чыгаруучу кичи завод чыгарылган продукцияны ички гана эмес, аны экспортко чыгарууга аракет кылышты. Өткөн жылы райондун аймагында бир нече азык-түлүк, өнөр жай товарларын жана курулуш материалдарын сатуучу дүкөндөр ишке киргизилди.
Инвестиция
Үстүбүздөгү жылдын 9 айлыгында райондун аймагына
тартылган инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп болуп, инвестициялар өнөр жай, соода, калкка кызмат көрсөтүү, жана айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, социалдык обьектерди курууга багытталды. Дотацияда турган айыл өкмөттөргө көбүрөөк көңүл бурулду. Алсак, Нур-Абад айыл өкмөтүндө быйыл Розахунова атындагы орто мектепке 200 орундуу кошумча корпус курулду. Өткөн жылы ноябрь айында пайдубалын куюу башталып, ишкерлер, эл тарабынан 9 млн. сом топтолду. 3 млн. сомду айыл өкмөт кошту. Жаңы имараттын чатырын жапкандан кийин, биз облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, 7 млн. сомду утту. Азыр бул жумуштар аягына чыгып, окуучулардын бир бөлүгү 3-чейректен тартып мектепке кирет. Райондо мындай мисалдар көп.
Айылдар – көңүл борборунда
Райондук мекеме-уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда элеттиктер менен болгон жолугушууларында калк тарабынан таза суу менен камсыздоо, түнкү жарыткычтарды орнотуу, чордон жана бетон лотокторду жаткыруу боюнча суроо талаптары жеринде талкууланып, аны чечүү боюнча иш-чаралар белгиленди.
Район боюнча калкты таза суу менен камсыздоо максатында 16 ИСКАКБ (СООППВ) түзүлгөн. Алардын балансасында жалпысынан алганда узундугу 331,1 километрди түзгөн таза суу системасы бар, бул жалпы калктын 83,5 %ы таза суу менен камсыздалды дегенди түшүндүрөт.
Кийинки учурда тазалыкты сактоо маселесине олуттуу
көңүл бурулуп, таштанды ташуучу 1 автомашина сатылып алынып, демөөрчүлөр тарабынан 30 даана таштанды чогултуучу жашиктер коюлду.
Араван райондук электр тармактар ишканасы райондун аймагында айыл өкмөттөрү менен тыгыз иштешет. Айыл өкмөттөрү өздөрүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жаңы конуштарга темир-бетон мамычаларын сатып алышып, өздөрү орнотуп жатышат. Электр тармактар ишканасы мамычаларга траверстерди, керамикадан же айнектен
жасалган изоляторлорду тагуу, аба чубалгыларын тартуу жумуштарын техникалык эрежелерге ылайык аткарып жатышат.
Мисалы, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Киров, Жаңы-Жол
айылдарына барышып, алар суранган жумуштарды жасап беришти.
Май айында А.Анаров жана С.Юсупова атындагы жана Маңгыт, Төбө-Коргон, Төө-Моюн, айыл өкмөттөрүндө да жогоркудай жумуштарды жасап бердик. Мындан сырткары Нур-Абад жана Маңгыт айыл өкмөттөрүнүн бюджетинен сатып алынган көмөкчү чордондорду талапка ылайык орнотуп, аны ишке киргизүүгө жардамдаштык.
Төлөнбай Абдыразаков