![Асманыбыз ачык болуп, туубуз бийик желбиресин! Асманыбыз ачык болуп, туубуз бийик желбиресин!](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/7b96ecb3-1d91-4fec-962d-8cd9c2d92ff4.jpg)
Облус борборунан кыйла алыс жайгашкан бийик тоолуу Чоң-Алай районунда быйылкы өтүп бараткан жылда арбын иш аткарууга демилге көп болду. Эл чарба тармагында алдыга жылыш болгону элдин жашоо турмушунун жакшырышына өбөлгө болушу анык. Дегенибиздей, 2023–жылы эмнеге жетишилди сөздү ушуга бурсак. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шамырканов Мирбек Турдубекович баян этти.
— Алдыга койгон максатка жетүү үчүн, албетте, жакшы аракет абзел. Ошондой аракеттүү иштердин негизи менен өнөр жай тармагында Чоң- Алай районунда 2023-жылдын тогуз айында 797997,1 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 206,3% түздү.
Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын планы 114930,0 миң сом болсо, аткарылганы 136686,5 миң сомду түздү же план 118,9% аткарылып, мамлекеттик бюджеттин казынасына 21756,5 миң сом көп чегерилди.
Айыл чарбасы тууралуу айтсак, жалпы район боюнча 6590 түп чычырканак жана 1000 түп карагат көчөттөрү отургузулду. 2023-жылы кесек тоют 43426 тн. жыйналып 101,8 %, ал эми кылкандуу дан эгиндери 5694 тн. жыйналып 102,4 % жана картошка 38804 тонна жыйналып 105,4 % аткарылды.
Картошканын түшүмдүүлүгү 178 цн/га айланды, былтыркы жылга салыштырмалуу 2002 тн. көп жыйналды. Райондо бал өндүрүү да жакшы жолго коюлду. 2023-жылы 2776 бал челектен 68,3 тн. бал жыйналып алынды. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1 тн. бал көп жыйналып алынган.
Ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жогорулатуу максатында 4-5 жылдан бери Абердин, Ангус жана Швид породасындагы малдын башын көбөйтүү колго алынды.
Курулуш тармагындагы жалпы 702,9 млн. Сомдук инвестиция тартылган. Социалдык обьектилерди куруу, айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу багытында ар кандай каржы булактары тартылып курулуш обьектилери курулду жана курулушу жүрүп жатат.
Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин жаңы курулушу бүткөрүлдү, сметалык баасы-62,5 млн. сом. Бурган-Суу айылындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү, сметалык баасы-103,0 млн. сом. Бурган-Суу айылында тендердик баасы 27800,0 миң сомдук таза суунун курулушу жүрдү.
АчыкСуу айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш башталып дубалы тургузулуп, чатыры жабылды, сметалык баасы-143,2 млн сом . Тендердик баасы 131,3 млн сом. Бурган-Суу айылында Ооганстан Республикасынын Чоң жана кичи Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн 10 турак жайдын курулушу башталып, 5 турак үйдүн курулушу бүткөрүлдү. Кашка-Суу айылынан Жайылма айылына 3400 метр аралыкка канал казылып, пайдаланууга берилди, каралган каражат 214,9 миң сом.
Жайылма айылына кошумча таза суу түтүктөрү тартылып, таза суу чыгарылды, каралган каражат 2,0 млн. сом. АчыкСуу айылындагы Цемент каналынын 500 метр аралыгы бетондолуп, 128,0 миң сомдук жумуш аткарылды. Кара-Кабак айылындагы Кара-Кабак каналынын 1,4 км. аралыгы бетондолуп, 478,5 миң сомдук жумуш аткарылды. Бурган-Суу айылындагы Тейли-Кум каналы тазаланып, 486,0 миң сомдук жумуш аткарылды. Ачы-Суу айылындагы Жеткинчек
балдар бакчасынын кошумча корупсунун курулушу бүткөрүлдү.
Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясы менен калкты камсыздоо иштери жакшы деңгээлде алып барылды.
Жекенди айыл өкмөтүндө 9 км 10 кВ аба чубалгысы тартылып, темир бетон мамчаларга алмаштырылды. КашкаСуу айыл өкмөтүндө 188-154 көмөкчү чордондоруна кошумча 2 көмөкчү чордон коюлуп, аба чубалгылары жана темир бетон мамычалары орнотулду. Кашка-Суу 35/10 көмөкчү чордонунан фидр МЖС 1 км. аба чубалгысы алмашылып, темир бетон мамычалары орнотулду. Башка да бир катар ремонт иштери жасалды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чоң-Алай райондук бөлүмү тарабынан бир топ жумуштар ишке ашырылды. Жекенди айыл аймагынын КараТейит айылында Ак-Суу дарыясынын 630 метр аралыгында жээк бекемдөө жумуштары аткарылды. Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Суу айылындагы Ачык-Суу сайынын сел жүрүүчү 800 метр аралыгы оңдоп тазалоо жумуштары аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча (СПЛМ) 2024-жылга карата иш мерчемине Чоң-Алай районунан 7 обьектинин тиешелүү иш-кагаздары даярдалып сунушталынды.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-январында
кабыл алынган ”Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү №1 Жарлыгын Ош облусунун аймагында ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, ”УТРК Ош” жана ” Азем” маданий борбору менен биргеликте Ош облусунун райондорунун жана Ош шаарынын командаларынын арасында ”Сармерден” долбоорун өткөрүү пландалып, жобосу иштелип чыккан.
Ага ылайык, 2023-жылдын 2-декабрь күнү Кара-Суу району менен Чоң-Алай району конкурстук турга катышып, жыйынтыгында Чоң-Алай району жеңишке жетишти.
Дагы айта кетсек, Чоң-Алай районунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана соцпакеттен 3 эки кабаттуу, 6 бир кабаттуу типтүү мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелери пайдаланууга берилген. Ал эми Гуд Нейборс кайрымдуулук фонду тарабынан Алтын-Дара, Кызыл-Туу МЧББУнун филиалдары бүткөрүлгөн. Ошондой эле, ЧоңАлай айыл өкмөтү менен биргеликте Дароот-Коргон айылындагы Шарап Эгембердиев атындагы МЧББУ толук оңдоодон өткөрүлүп пайдаланууга берилди.
Ал эми Кашка-Суу айылындагы Байчечекей балдар бакчасы жана Кара-Мык айылындагы балдар бакчасы райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары, Кара-Мык айылындагы аскер кызматкерлеринин балдары үчүн типтүү эки кабаттуу балдар бакчасынын куруш иштери жүрүүдө.
Чоң-Алай району Тажикстан Республикасы менен чектешип, климаттык шарты катаал, алыскы район катары көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Айрыкча, акыркы жылдары Тажикстан Республикасы менен чек ара көйгөйлөрү жаралып келген. Район эли көп жылдардан бери чек ара макамын алууну самап келген.
2023-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин N325 «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу токтому кабыл алынды.
Токтомго ылайык Чоң-Алай районунун бардык айылдары өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмегине киргизилген. Бул калктуу конуштар социалдык экономикалык өнүктүрүү маселелеринде артыкчылыктуу болуп саналары көрсөтүлгөн.
Чек ара макамын алууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун салымы өзгөчө чоң. Өткөн жылы ЧоңАлай районунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров сөз сүйлөп, Чоң-Алай району стратегиялык жактан маанилүү аймак экенин, районго өзгөчө статус берүү зарыл экендигин белгилеген. Ошол айтылган сөз иш жүзүнө ашып олтурат.
Сөз соңунда калкыбызды, жалпы гезит окурмандарын
жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. Элибиздин биримдиги, ынтымагы менен ийгиликтерге бирге жетели. Асманыбыз ачык болуп, Туубуз бийик желбиресин!
Гүлбара Мамазияева