![Дасторкону толо, түшүмү мол Кара-Суу районунда Дасторкону толо, түшүмү мол Кара-Суу районунда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/3a0c6b8a-a90b-47c6-96a9-2fc3c3184602.jpg)
Шүгүрчүлүк келтирип, быйылкы өтүп бараткан 2023-жылдын соңку күндөрүндө артка сарасеп салып, жетишкендиктерибизди санай берсек жарашат. Дегенибиздей, Кыргызстандагы эң чоң район эсептелген Кара-Суу районунда быйылкы жыл жакшы жыйынтык менен аяктап, жаңы жылды жаркын маанай менен тосуп алууда.
Кара Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич бизге райондогу көңүл жылыткан көп аракеттери тууралуу айтып берди.
— Район башчысы берген маалыматтарга ылайык, райондо 2023-жылдын 11 айында өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмү 2 млрд 897 млн. 767,5 миң сомго жетип, салыштырмалуу өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмү 360,8 млн. Сомго көбөйүп, физикалык көлөмүнүн индекси 108,5 пайызга жогорулады.
2023-жылдын 11 айына карата райондун аймагында 63753 чарба субьекти каттодон өткөн, алардын ичинен 4021 юридикалык чарбасубьектилери, 59732 физикалык жеке ишкерлер.
Анын ичинен 444 өнөр жай багытындагы юридикалык, 2547 физикалык жеке ишканалар каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө 125 юридикалык, 1067 физикалык жеке ишканалар иштеп жатат.
2022-жылдын 11 айында 29 өнөр жай багытында ишкана ачылып, 279 жаңы жумуш оруну түзүлгөн болсо, 2023-жылдын 11 айында район боюнча жеке ишкерлер жана юридикалык ишканалар тарабынан 34 өнөр жай ишканалары ачылып, 547 адам жумуш орду менен камсыздалып, 655 млн. 358 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 268 жаңы жумуш оруну көп түзүлдү. Бирок, жаңы ачылган ишканалардын катарына мурда жеке ишкердик менен алектенип, салыктан жеке ишкер деген күбөлүк алган ишкерлер да кошулган болсо, 2023-жылдын июнь айынан баштап жаңы тартиптин негизинде юстиция мекемесинен өтүп, күбөлүк алган юридикалык ишканаларды гана каттоого алуу милдеттендирилгендиктен аталган жаңы ачылган 34 ишкананын ичинен 22 ишкана жаңы тартиптин негизинде деп катталды. Ал эми калган 12 ишкана жеке ишкерлер тарабынан ачылган ишканалар болуп эсептелет.
Айыл чарба тармагын алсак, сугат жана кайракы жерлерге эгиндер эгилип, түшүмдөрү алынды. Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү толугу менен эгилди. 2024-жылдын түшүмү үчүн 4800 га күздүк буудай, 1000 га күздүк арпа жалпы 5800 га жер аянтына эгүү пландалып, 2023-жылдын 20-декабрына карата 4772 га күздүк буудай, 1028 га күздүк арпа эгилип, жалпы 5807га же берилген тапшырма 100,1 % аткарылган. Райондун аймагында 22506 ашык дыйкан-фермердик чарбалар, 61 айыл чарба кооперативдери, 8 үрөн чарба жана 1 мамлекеттик асылтукум кой заводу, 10 асыл тукум чарбалар иш жүргүзүп келүүдө.
Мал чарбачылыгында да продукциялар өндүрүлүп, жайыт комитеттери тарабынан бир топ уюштуруучулук иштери жүргүзүлдү. Жайытка 28775 баш кара мал, 92961 кой эчки жана 3838 баш жылкы чыгарылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2017-жылдан бери 199 331 баш ийри мүйүздү мал, 13646 баш жылкы, 3570 баш асыл тукум кой-эчки идентификациядан өтүп, ЖИКС маалыматтык базага киргизилген.
Кара-Суу районундагы суу чарба башкармалыктарынын карамагындагы мамлекеттик суу курулмаларын, насостук станцияларын, чарбалар аралык каналдардын 2023-жыл сугат мезгилине даярдоо жумуштарынын жүрүшү боюнча 2023–жылдын 1-декабрына карата жалпы район боюнча 17870,9 миң сомдук оңдоо жумуштары каралса, иш жүзүндө 17870, 9 миң сомдук оңдоо жумуштары 100% аткарылды.
Кара-Суу району боюнча калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда көп иштер жүргүзүлдү. Райондогу 137 калктуу конуштардын 119 айылдын калкы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Негизинен калк жыш жайгашкан айылдардын калкынын эсебинен райондун 454336 миң калкы 94,8 % эл ичүүчү таза суу менен камсыз болгон.
Финансы тармагы тууралуу маалымдасак, 2023-жылдын 1-декабрына карата район боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен келип түшкөн каражаттарды (трансферттерди) кошо эсептегенде жалпысы 1 млрд. 078 млн. 592,8 миң сомго аткарылып, план 103,8 пайызга камсыз болгон. 2023-жылдын январь-ноябрь айында жалпы салыктардан 1 млрд. 925 млн. 438,1 миң сом плантапшырма жеткирилип, иш жүзүндө 1 млрд. 892 млн. 992, миң сом жыйналды.
Электр энергия тармагы боюнча айтсак, район боюнча 1644 даана көмөкчү чордону бар, анын ичинен 794 даанасы Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын балансында, 850 даанасы керектөөчүлөр балансында. 2023-жылдын 11 айында 3310 электр эсептегич көрүнүктүү жайга алынып коюлду. Бүгүнкү күнгө электр энергиясын пайдалангандардын саны 68423 абонентке жетти. Анын ичинен калк эмес керектөөчүлөр (коммерциялык) саны 4032, ал эми калк керектөөчүлөрү 64391.
2023-жылдын 11 айында электр энергиясына болгон төлөмдөр 461 млн. 661 миң сом жыйналып, салыштырмалуу 93 млн. 269 миң сомго көп жыйналган же 100,8 пайызга аткарылган.
Курулуш тармагынан кеп салсак, 2023-жылдын 11 айында райондо жалпы 3 мектеп пайдаланууга берилди. Сметалык баасы 160 млн. 700 миң сомду түздү. Ал эми республикалык бюджеттен курулуп жаткан 3 мектеп жыл аягына чейин пайдаланууга берүү алдында турат. Атасак, Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы орто мектеп, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн. Таш-Арык айылыдагы К. Абдылдаев орто мектеби жана Сары-Колот айыл өкмөтүндөгү Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов орто мектеби.
Калктын саламатчылыгы үчүн камкрдук көрүү да башкы нерселерден, бул багытта 2023-жылдын 11 айында 4 ФАП ишке берилди. Ал эми 2 ФАП колдонууга берүү алдында турат. Албетте, келечек ээлери болгон жеткинчектер үчүн балдар бакчасын куруу пландагы алдыңкы иштерден. Ага карата 2023-жылдын 11 айында жалпы 19 балдар бакчасы ишке берилди. Бул кубантарлык көрүнүш. Ошондой эле 4 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Калктын, анын ичинде жаштардын ден соолугун бекемдөө багытында спорттук объектилерди куруу колго алынды.
2023-жылдын 11 айында 5 спорттук объект пайдаланууга берилген, 5 спорттук объектинин курулуш иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча айтсак Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаал түзүлгөн абалда аларды жоюу боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүп келди. Бул маселелер дайыма күн тартибинде.
Сөз соңунда белгилесек, райондун экономикасына туруктуу инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында 2023-жылдын 11 ай ичинде Кара-Суу районуна тартылган ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 3 млрд.
473 млн. 556,6 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 790 млн. 543,7 миң сомго көбөйгөн.
Гезит бетинен пайдаланып районубуздун калкын, жалпы замандаштарды жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. Өлкөбүздө тынчтык аманчылык болсун, жаңы жылыңыздар кут болсун.
Канымжан Кыдыралиева