![Каныбек Апбасов: «Жаңы жылыбыз тынчтыктын жана жакшылыктын жылы болсун» Каныбек Апбасов: «Жаңы жылыбыз тынчтыктын жана жакшылыктын жылы болсун»](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/fc09c437-50fc-4780-8a86-28e6f35398e1.jpg)
— Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбековичтин тескеме, токтом, буйрук, тапшырмаларына ылайык өткөн жылда Өзгөн районунда бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды. Алсак, өнөр жай, кайра иштетүү тармагында 1 млрд. 799 млн. 465,4 миң сомдук өнөр-жай продукциялары өндүрүлдү. Ал эми ишкерлик чөйрөнү жакшыртуу, чакан жана орто бизнести колдоо багытында райондо жыл ичинде 12 жаңы чакан өнөр жай, кайра иштетүү ишканалары ачылып, ишке берилди:
тоо кен тармагында 4, кайра иштетүү тармагында 5, текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында 2 ишкана жана айыл чарба багытында 1 логистикалык борбор ачылып, 222 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Социалдык обьектилер (бала бакчалар) жана тейлөө тармагында жаңы маркет, дүкөн, аптека, кафе, тейлөө түйүндөрү ж.б ачылып, жалпысынан 1417 адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болду.
Райондук мамлекеттик салык 643 млн. 525,2 миң сомго аткарылган. Анын ичинен жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар 376 млн 937,3 мин сомго, республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар 266 млн. 587,9 миң сомго аткарылган.
Айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрү болгон эт (тирүү салмакта) 11665 тонна, сүт 56600 тонна, жумуртка 9 млн. 425 миң даана өндүрүлдү. Өткөн жылда райондо өндүрүлгөн жалпы айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 8 млрд. 106,6 млн. сомду түзүп, 2%га өскөн. Райондо айыл чарба багытында пайдалана турган жалпы айдоо аянты 44758 га түзөт.
Анын ичинен 15 320 га сугат, 29 438 га кайрак айдоо аянты болуп эсептелинет. Кылкандуу дан эгиндерин оруп, жыйноодо 8444 га аянттагы буудай жыйналып, дүң жыйымы 18999 тоннаны түзгөн. Түшүмдүүлүгү орточо 22,5 центнерди түздү. Арпа 7295 га аянттан жыйналып, дүң жыйымы 13350 тоннаны түздү. Түшүмдүүлүгү орточо 18,3 центнерден алынды. 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк айдап себүү 3027 га аянтка эгилген.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, мал чарбачылыгынын продуктуулугун жогорулатуу максатында мамлекет тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Алсак, «Айыл Банк», “РСК” банктары тарабынан жалпысы 207 кардарга 95,7 млн. сом насыя берилген. Анын ичинен мал чарбачылык багытында 110 кардарга 53,7 млн. сом, талаачылык багытында 97 кардарга 42,0 млн. сом берилген.
КРнын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 Жарлыгына ылайык, “Жашыл Мурас” пограммасынын алкагында райондо жалпы 236 миң даана көчөт отургузулган.
КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобосуна
ылайык, райондо жалпы 3458 даана арыз келип түшкөн. Райондук комиссия тарабынан арыздар жеринде каралып, тиешелүү талаптарга ылайык 2571 жаранга укук күбөлөндүрүүчү документтери (мамлекеттик актылары) берилген.
Райондун ирригация тармагын жакшыртуу максатында КРнын Президентинин резервдик фондунан 100,0 млн. сом акча каражаты каралып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участогундагы М-1, М-2 каналдарын оңдоо жана 719,0 га кайрак жер аянтын суу менен камсыз кылуу максатында лоток арыктарын куруу жүрүүдө.
КРнын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу жөнүндөгү” №75 Жарлыгынын негизинде, объекттердин курулушуна, реконструкциясына, кеңейтилишине жана техникалык жактан кайра жабдылышына, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жеке ишкерлер жана жамааттар тарабынан бир топ иштер аткарылган.
Жалпы аткарылган жумуштар же болбосо тартылган инвестициянын 70 пайызын курулуш тармагы түзөт. Анын ичинде 2023-2024-жылдарга социалдык обьектилердин курулуш үчүн республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен жана жеке ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан жумуштар аткарылган. Жалпысынан алганда Өзгөн району боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 5 мектептин (Салам-Алик а.а. Ж.Примкулов, Зергер а.а. Д.Шопоков, Кызыл-Октябр а.а. К.Ботобеков, ЖалпакТаш а.а.Т.Оморкулов, Дөң-Булак а.а Т.Төлөнбаев) курулушу аяктап, 4 мектеп пайдалунууга берилди, 1 мектептин курулушу аяктоонун алдында турат.
Ак-Жар айыл аймагындагы Т.Эшматов атындагы орто мектеби Катар мамлекетинин Өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп, ишке берилген. Жалпысынан алганда 5 мектеп, 18 бала бакча, 3 спорт аянтчасы, 1 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 3 айылдык акушердик пункту (ФАП) ачылып, пайдаланууга берилген.
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана коомдук фонддордун эсебинен Жылалды, Дөң-Булак, Кара-Таш, Баш-Дөбө, Ак-Жар айыл аймактарында таза суу обьектилери ишке берилди.
Андан сырткары, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕБРР) тарабынан Өзгөн шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушуна жалпы 11 млн. 250 миң евро каралып, бүгүнкү күндө таза суу жана канализация түтүктөрү жаткырылууда. “Мырза-Аке, Дөң-Булак, Куршаб” айыл аймактарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун курулуш иштери башталып, 3000 кубдук 3 суу кампанын котлованы казылып, суу түтүкчөлөрү жаткырылып жатат.
Жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жалпы 33 чакырым асфальт төшөө жумуштары
жүргүзүлгөн.
Районубуздун калкын 2024-жаңы жылы менен чын ниетимден куттуктаймын. Өлкөбүздүн өнүгүүсү, элибиздин жаркын жашоосу үчүн жүргүзүп жаткан иштерибиз жаңы жылда да ийгиликтүү уланып, эл жүгүн аркалаган жумушубузда дайыма оомат коштолсун.
Жаңырган жыл жергебизге тынчтыкты, бейпилдикти, элибизге ынтымакчылыкты жана бакубат жашоону тартуулаган ак жолтой жыл болуп, алдыга койгон асыл максаттар орундалсын.
Айгүл Матиева