![А. Мамасыдыков: "Россия, Өзбекстан, Түркиянын ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташууну күчөттүк» А. Мамасыдыков: "Россия, Өзбекстан, Түркиянын ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташууну күчөттүк»](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/5c3677fa-b8f7-40dd-90fb-044e1a124cac.jpg)
А.А.Мамасыдыков, Б.сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор:
Өтүп бара жаткан коен жылы биздин университет үчүн жемиштүү жыл болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Маселен, билим берүү жана илим изилдөө ишмердиги арылуу достуктун алтын ордосу катары таанылган университетибиз ушул жылда “Достук” орденинин ээси болду. Мезгил талабына жараша атаандаштыкка туруктуу адистерди тарбиялап чыгаруудагы жигердүү эмгеги үчүн мурдагы ректорубуз, экономика илимдеринин доктору, профессор Чаткалбай Кенейбаевич Райымбаевге “Даңк” медалы ыйгарылды. Өлкөбүздүн коомдук жана саясий турмушуна активдүү аралашып, этностор аралык ынтымак-достук
мамиленин бекемделишине кошкон салымы үчүн биринчи ректорубуз, академик Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата ай сайын берилүүчү 20000 сом өлчөмүндөгү Президенттик стипендияга ээ болуп, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамын алды. Жалпы жамаат сыймыктана турган дагы окумуштуубуз, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Топчубай Эргешович Исаков “КР
билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим” наамын алды. Экономика илимдеринин доктору, профессор Чаткалбай Кенейбаевич Райымбаев, техника илимдеринин доктору профессор Медербек Марипжанович Исманов КР Инженердик академиясынын академиги болушту. Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун эл аралык биринчи форумун өткөрүүгө демилге көтөрүп, аны өзүбүздүн окуу жайдын базасында ийгиликтүү өткөрдүк. ОшМУда өткөрүлгөн
Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунун III форумуна ийгиликтүү катыштык.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте улуу ойчул Абу Райхан Берунинин 1050 жылдыгына карата эл аралык илимий -практикалык конференция уюштурууга жетиштик.
Россиянын, Өзбекстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташууну күчөтүп, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн башка жылдарга салыштырмалуу көбөйтүп, конок лекцияларды өтүү жакшы жолго коюлду. Булар биз жетишкен ийгиликтердин урунттуу учурлары гана.
Мындан тышкары окуу-усулдук ишмердигибизде, илим изилдөөдө, маданий-массалык иш чараларда, Ош шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык спорттук иш чараларда биздин жамаат, биздин студенттер багындырган бийиктиктер абдан көп. Алардын барын айтып отуруунун, менимче, зарылдыгы жок. Себеби, биз жетишкен бул бийиктиктер эмгек жамаатыыбыз үчүн чек эмес. Буюрса, маңдай жарыла кубанып жар сала турган ийгиликтер али алдыда деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер, кадырлуу студенттер, ардактуу мекендештер! Мүнөт санап жакындап келе жаткан балык жылы жалпы адамзат коому үчүн бейпил турмуш тартуулаган жыл болсун! Жаңырган жылда арааздашкан тараптар ынтымакка келип, достуктун туусунун алдында бириксин! Жыл ичинде Жер жүзүндө, биздин өлкөбүздө табигый кырсык болбосун! Мекенибизде барчылыктын, токчулуктун ыры ырдалып, калк арасында биримдиктин желеги желбиреп турсун! Эмгек жамаатыбыз багындырган жаңы бийиктиктер көп болсун! Ар бирибиздин жеке ишибизде ийгиликтер жылмайып, аны оомат коштоп
турсун! Катарыбыз суюлбай, жаңы көз караштагы, эмгекчил жаштар менен катарыбыз толукталсын! Балык жылы ар бир үй-бүлө үчүн ден соолуктун, молчулуктун жылы болсун! Жаңы Жылыңыздар менен!