![Динара Токторова: Ноокат аймактык ооруканасында медициналык билими жогору, тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенишет Динара Токторова: Ноокат аймактык ооруканасында медициналык билими жогору, тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенишет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/01/776f64f1-9e86-419c-bcaf-ec28bd60e19d.jpg)
Динара Токторова, Ноокат аймактык ооруканасынын башчысы:
— Азыркы учурда медицина илими өнүгүү жолунда баратат. Бейтаптын оорусунун диагнозун аныктоочу аппараттар, УЗИ, рентген жана башка керектүү медициналык аппараттар менен оорукана толукталган.
Биздин Ноокат аймактык ооруканасында медициналык билими жогору, тажрыйбалуу дарыгерлер эмгектенишет. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, хирург, бир топ жылдар бою оорукананы жетектеп келген Марипов Асамидин Мариповичтин эмгеги медицина кызматкерлеринин гана эмес, Ноокатта жашап жана эмгектенип жаткандардын эсинде. Өзүнүн кесибин сүйгөн дарыгер, азыркы күндө да жаштарга кеп-кеңешин айтып шакирттерди тарбиялоодо.
Ооруканада 87 дарыгер, 558 орто медициналык кызматкерлер эмгектенишет. Алардын ичинен 3 дарыгер Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгерлери. Алар: Асамидин Марипов, Марип Ташиев, Исматилла Калбаев. “Саламаттыкты сактоонун мыктысы” төш белгиси менен 14 дарыгер, 33 орто медициналык кызматкерлер сыйланышкан.
Оорулуулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүмдө дарыланып жаткандар үчүн палаталар жылуу, катуу жана жумшак эмеректер менен камсыздалган. 3 маал ысык тамак берилет. Ал эми медициналык кызматкерлер болсо ар бир бейтаптын диагнозун аныктап, компьютерге түшүрүүгө аракеттенишет. Элдин саламаттыгын сактоодо, оорунун алдын алууда биздин кызматкерлер тарабынан элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Гезит бетинен пайдаланып, жалпы эле Ноокат аймактык ооруканасынын, үй-бүлөлүк медициналык борборунун жана айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун медициналык кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктаймын. Үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден-соолук, узак өмүр каалаймын. Ар
дайым ден-соолуктун сакчылыгында үзүрлүү эмгектене бериңиздер.